Чыңгыз Турдубеков "Айлуу түн"
Жанр:Поп
00:03:12
45,02 Мб
Жүктөлгөн: 28-11-2013


Сөзү:Токсейит Дыйканов
Обону:Хабибилла Азиреткулов

Жүзүмдү салкын жер аймалап,
Жүрөктө ызалык айланат.
Аттиң ай кайрылып келсечи,
Ай менен сырдашкан махабат.

Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жаныңда жүрсөм дейм каткырып.
Кечеки кыялдар бүгүн жок,
Кеткенсийт бурганак сапырып.

Чолпондой алоолоп үмүтүм,
Чогундай кызарат күйүтүм.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың жылдыздуу айлуу түн.
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (33)

28.11.2013. 12:57
 ales
Үнү сонун, ырдын мааниси терең.
29.11.2013 19:51
xman
Мен дагы ушул ырды уккандан тажабайм. Баардык жагынан аябай жакшы болуптур, Азаматсын Чынгыз!!! Чыгармачылыгына ийгилик!.
P.S. Урматту admin_media жана Чынгыз, менин билишимче бул эски ырдын аталышы "Жылдыздуу түн" беле?, же жаңылып калдымбы?, же экөөңөрдүн бирөөңөр жаңылып калдыңарбы? :-))
02.12.2013 10:50
admin_media
xman,
Саламатсызбы!
Аткаруучу бизге ушул аталышта алып келген.
03.12.2013 15:28
xman
admin_media, түшүнүктүү.., рахмат чоң.
14.02.2014 13:08
Ott
xman, Жылдыздуу түн. Обондун авторун википедиядан караңыз.
28.11.2013. 13:14
 kanibek84
Чыгармачылыкта чон ийгиликтерге жетишинди калайм супер.
28.11.2013. 14:45
 NADUW
клип кайсы кинодон алынган! ушул кино болсо жуктоп коюнуздарчы урматтуу Супер инфо! рахмат.
28.11.2013. 15:31
 umutai.86kg
эрте келген турналар болуш керек.
28.11.2013. 15:44
 Elnurasam
Ооба,"Эрте келген турналар"(Ч.Айтматовдун повести да)
28.11.2013. 17:24
 gooool
Эн сонун!!!...Соз жок...............
28.11.2013. 23:43
 Talant88
Суппер Чынгыз чыгармачылыгына ийгилик
29.11.2013. 03:32
 suiutbekov1989
Талантын ташкындай берсин азамат
29.11.2013. 04:31
 Lira.lira
I love you so much Chingiz,Good Wishes.
29.11.2013. 05:05
 nurisha
сонун ыр...назира токонова да ырдап чыкканго
29.11.2013. 05:59
 rnurzida
Ушул ырдын авторлору кимдер экен э? Аябай сонун, очпос ыр жазышкан экен. Чынгыз да жакшы ырдап чыгыптыр. Клип да озгочо. Эски кинолорду коргон сайын коргун келет
29.11.2013 09:24
admin_media
rnurzida,
Саламатсызбы! Автору жазылып турат оң жакта.Модератор info түзөттү 29.11.2013 10:02
06.01.2014 12:57
Ott
admin_media, сөзү: Токсейит Дыйкановдуку
29.11.2013. 10:22
 Шаиста Шатманова
Бул жигит күндөн күнгө жагып баратат. Ийгилик!
29.11.2013. 11:08
 noeli
оп баракелдее бар экен го.!!!сонннун.профессионально!
29.11.2013. 14:35
 gooool
Чынгыз ушундай эски ырларды дагыда жанылап ырдаптур,укмуш сонун ырдайсын,сенин ар бир ырынды издеп уккандар толтура,ИЙГИЛИК!!!
29.11.2013. 18:25
 gooool
Mp3 си бар телефонумда,угуп тажабай жатат...............
29.11.2013. 20:14
 mersedes2013
абдан сонун ырдашыптыр.супер!
29.11.2013. 20:56
 Gulnisa
Кичинекейимде ушул чыгарманы окуган элем. Аябай таасирленип окусам керек, эч нерсесин унута элекмин,кармандардын аттары, баары эсимде.
01.12.2013. 00:56
 syrduu
мыкты ырчы дед баалайм
15.12.2013. 03:09
 aika.0692
Ушул бала жакты мага,ен маанилуусу емне жонундо ырдап жатканын билет екен.кее бир ырчыларга окшоп кайгылуу ырларда деле жыргап,кулуп жайнай бербей.Пзаматсын!ийгилик!!!созсуз еле окуялуу клипсиз деле елге жеткире ырдаса болот кен го,бали!
06.01.2014. 13:02
 admin_superstan
Ott,
5 күнгө БАНга!
Курамы окшош сайттардын шилтемесин калтырууга тыюу салынат.

Ал эми ырдын сөзү, обону кимге таандык экенин тактап, жазып койгонго аракет кылабыз.Модератор admin_superstan түзөттү 06.01.2014 13:03
26.02.2014. 22:53
 naz_chy
даа у него такое выражение лица во всех клипах, как-будто он решает проблемы вселенского масштаба. По поводу клипа, пошли по пути наименьшего сопротивления, и денег сэкономили. Сняли себя любимых за полчаса и добавили вырезки замечательного фильма, а народ проецирует свою любовь к фильму на клип. А усилий со стороны артистов и съемочной группы затрачено 0.
08.03.2014. 00:17
 Esen94
azamatsyn chike
08.03.2014. 20:22
 Kamalbek
Жакшы ырдашыптыр молодцы!!!
09.03.2014. 00:26
 Esen94
chika dosum molodes
21.03.2014. 01:15
 nargizasabyrova
Chika.iygilik saga.
17.08.2014. 17:53
 Berdikulov
Саламатсызбы админ_медия Чынгыз турдубековдун "Жарык дуйно" деген ырын кайдан жуктоп алсам болот
18.08.2014 10:52
admin_media
Berdikulov,
Саламатсызбы! Сиз сурап жаткан ырды жакынкы күндөрү биздин порталдан уга аласыздар. Сунушуңузга рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: