Топчубай Айтмаматов "Апакемди эскерем"
Жанр:Эстрада
00:05:58
74,39 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2013


Сөзү:Т.Айтмаматовдуку
Обону:Т.Айтмаматовдуку

Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап,
Эркелетип окутам деп "каз-каздап".
Эркелеттиң, "айланайын уулум" деп,
"Мен уулумдун көтөрөйүн уулун" деп.
"Мен уулумдун көтөрөйүн кызын" деп.

Кайырма:
Апакем, апакем,
Кадырлуусуң дайым сен.
Эгер азыр сен болсоң,
Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен.
Эмне кылам, не кылам?
Арга таппай мен турам.
Жайыңыз жаннаттан болсун деп
Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан.

Апа деген ушунчалык ыйык белең?
Элесиңди жүрөгүмө сактап келем.
Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары
Дүйнөдөгү ыйык сөздү "апа" деген?

Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын,
Көрбөйсүң го байчечекей ачканын.
Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун,
Небереңдин жаңы там-тум басканын.
Небереңдин энекелеп айтканын.

Кайырма:
  • Currently 4.84/5
(25 добуш)

Комментарийлер (82)

12.12.2013. 16:33
 jibeka09
Эн сонун журокко жеткен ыр клип. Апаларыбыз аман болсун ар дайым! Топчубай ишинизге ийгилик уйбулолук бакыт.
12.12.2013. 19:34
 aziz.
азаматсыз клип сонун чыгыптыр коптон бери кутуп жургом сизге ийгилик каалайм бул мен айылдашыныз Азиз арбын айылынан болом
12.12.2013. 22:23
 nurik838383
мен мындагы баардык коментарийлерге плюс койдум, ыр негизи ото жакшы жазылган, клип да супер, азаматсын Топчубай талантына таазим, дуйнодо энеден откон ыйык нерсе жок экенин баары белгилеп кетиптир, баарынарга рахмат энелер аман болушсун козу тируусундо баркына жеткиле урматтуу мырзалар, азыр анча мынча жаштарга айтаарым аялынардын созуно кирбей эненер барда жакшылап конул бургула, козу откондон кийин бекер кайгырганынар
13.12.2013. 02:02
 peri05
Бул ырды укканда башта эле ыйлайт болчум жакшы ыр азаматсыз
13.12.2013. 19:05
 nurchik-92
Жакшы ыр жакшы клип, козумдон жаш акты, ар дайым апалар аман болсун. Эскеремин апакем кундо тундо. Сенин созун укпай кою бизге куно. Эх апаке кечир ооруткан болсом конулунду. Бизге гана арнагансын омурунду.!!!
13.12.2013. 23:41
 Эрнест Бөрүбаев
Клиптенда коментарийлер ыйлататко адамды
14.12.2013. 14:28
 liliya-gul
Апаке апаке кадырлуусун дайым сен , кандай сонун создор .
15.12.2013. 11:36
 asanov.chyngyz
Ар дайым бизди жараткан апаларыбыз эчкачан оорубасын ден соолуктары чын болсун омурлору узун болсун! Аткаруучуга чыгармачылыкта коптогон жетишкендиктер болсун бар болунуз.
15.12.2013. 12:41
 Samat.A.A
Апалар бул жашоонун жарыгы.
Апалар уй-булонун чырагы,
Бул жашоодо дайым балам деген!
Бар болсун дайым жанабызда апалар.
15.12.2013. 14:27
 altynbek-
азаматсынар бул ырын даагыда коркун ачыптыр угушубузча бул ырын озун жашоосунан алган дешет ата энелер дайым бар болсун и козу барда сыйлап урматтап алалы анан кайгырбастан типа кыргызчылык кылбай а клипке +100000000000000 баада
15.12.2013. 18:23
 kama_future_millioner
Абдан соонун тартылыптыр ийгилик.
15.12.2013. 21:42
 urmatto
Окшош тагдырлар коп экен,мен эле АПА деген созду айтпай калдым деп журсом,Энелер жонундо ырларды уккан сайын козумо жаш алам.Ошондуктан апа жонундо ырларды укпоого аракет кылам.Бирок Топчубай сага ийгилик.
16.12.2013. 01:07
 mansur2284kg
Менин тага эн соонун ырдайта
18.12.2013. 00:15
 baxxa
эн жакшы ыр!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
18.12.2013. 23:45
 zeirax19
Ырга келсек ырчынын бул ыры коптон бери ырдалып журот,бирок клип аябай сонун тартылыптыр.Чон кишилердин ролун албетте такшалып калган артисттер ойношуптур,ал эми кичине баланын ролун ойногон балага рахмат,эн сонун ойноптур.Азамат!!!Онорун оссун!!!
20.12.2013. 13:05
 Beise
бул клипти коруу угуу кандай бакыт!
21.12.2013. 15:55
 bermet.kg11
соонун ыр соонун клип
23.12.2013. 18:01
 kerez2013
соонун ыр маанилуу мага жагат
23.12.2013. 22:05
 aura2013
Сонун ыр экен клип дагы мыкты журокту эзетко
23.12.2013. 22:23
 Chika78
Мурда укканда мундуу ыр деп койчумун,азыр маанисин терен тушунуп мен да апамды эстеп ыйлап алдым.Ар бир созу журоктун мун-кайгысынан жаралган.Энелерибиздин жаткан жери жайлуу болсун!Авторго соз жок!
06.01.2014. 15:38
 admin_superstan
baha76 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
26.01.2014. 04:42
 badirovk
1997-жылы уккан элем ушул ырды,Аксынын "Баялы ата"деген айылына концерт коюп барышкан эле Топчубай жетектеген "Жаштык" эстрадалык "диско" тобу)))Айылдаш ага ини,достор менен ар бирибиз бир экиден строчкасын жаттап алып концерттен чыгып алып кынылдап ырдаганыбыз эсимде.Анча мынча ксерексчи ырчылардан соннун ырдайсын "Шанколдук" жигит,браво!!!
16.02.2014. 13:55
 Beise
ушундай ыр жараткан балага огой апасы да ыраазы болсо керек
08.04.2014. 22:00
 kama_future_millioner
Ыйлататкооо сонун болуптур клип ыры да абдан сонун коптон бери издеп журдум эле
14.04.2014. 18:35
 dastan_nookat
Аябай сонун
15.05.2014. 20:50
 dastan_nookat
Клиптегидей версиясын жуктоп койунуздарчы сиздерде бар екен бирок андай эмес екен ушул клиптегидей жакшы болот еле мр3си алдын ала рахмат!!!!
16.05.2014 10:42
admin_superstan
dastan_nookat, Саламатсызбы!
Ырчыдан ырдын ушул версиясын алсак, жүктөп коёбуз.
15.07.2014 14:27
Hameleon
dastan_nookat, менен аудиомдо ДАЛ ушул клиптеги версиясы бар. Каалоочулар кирип кочуруп алсаныздар болот.
16.05.2014. 00:36
 Narynbek
Чын эле мен айтпаймынбы?Дүйнөдөгү ыйык сөздү АПА деген!Апа деген ыйык сөздү айтпай калганыма да 3 айдан ашыптыр.
25.06.2015. 11:20
 Take200182
Ушул ыр
25.06.2015. 11:29
 Take200182
Салам админ суперстан ушул ырдын эски вариянты бар эле,биринчи чыккандагысы 1997-жылы чыккан болуш керек ошонусун жуктоп койо аласыздарбы?алдын ала рахмат!
25.06.2015 15:34
admin_media
Take200182, саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/95071/
08.09.2015. 15:11
 5685baha
Аябай маанилүү ыр жүрөккө жеткен.апалар аман болсун ар дайым.ийгилик сизге!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: