Асема "Наристем"
Жанр:Поп
00:03:58
60,53 Мб
Жүктөлгөн: 18-01-2010


Сөзү:З. Мурзатаеваныкы
Обону:Асеманыкы

Наристем, ак сүйүүмдүн данегисиң,
Нур болуп, бакытыма келээримсиң.
Көңүлүм эргий берет сени ойлосом,
Көз көрүп, ооз ачып өбөрүмсүң.

Ойлонсом эне болоор бакытымды,
Жыттагым келе берет ак жытыңды.
Ыңаалап көз жараарым күтө берем,
Наристем, жанып турган асылымбы?!

Наристем, ак батанын үзүрүсүң,
Сүйүүмдүн арууланган үзүмүсүң.
Дүйнөдө сенден ыйык керемет жок,
Шириним кубанычтан жанат жүзүм.

Нурумсуң өмүр берген таңымдагы,
Бүрүмсүң искегенде жаным жаны.
Үнүмсүң ыргагымды оболоткон,
Сен менен көктөйт тура сүйүү багым.
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (51)

27.03.2010. 13:35
 BOLOTBEK ЧМИ
СУЛУУУУУУУУУУУУУУУУЛУГУ МЕНЕН КОРККО КЕЛТИРГЕН!!
29.03.2010. 16:38
 konya
Асема аябай сулуу, бирок мен ырчы катары элестете албайм. Актриса катары профессионал.
31.03.2010. 09:41
 Halidos
SUPER!!!
03.04.2010. 17:05
 Halidos
Мдаа... актриса катары талантына баа берем 5++++++! Ырчы катары жакшы корсотуп келет озун акыркы кундору. Баса белгилей кетчу нерсе, ырдап чыккан ырларынын дээрлик бардыгын обону Асема тийиштуу. Ал жагынан алып караганда обончу, аткаруучу, актриса ж-а режиссер, дизайнер, сценарист катары да озун таанытып келе жатат. Кыскасы коп кырдуу таланттын ээси. АЗАМАТСЫН! ийгиликтер сага Асема!
06.04.2010. 18:06
 Selina
Klassniy klip, Asema! udachi tebe!
09.04.2010. 12:45
 Selina
Mile
"Коштошуп жаткан жеринде аялы эшиктин алдында туруп эле анан куйоосу эки кадам таштаганча экинчи этажга которулуп кетет экен да кош бойлуу болсо да. Капа болбосун Асема."
Сен айткандай тартса, клип эмей эле бутундой кино болуп калат ко. Бир аз тушунуу менен бааласанар боло жасалган эмгекти:)
09.04.2010. 13:03
 Halidos
Реалдуу коз караш менен сын таксак жакшы болоот беле бейм:)
14.04.2010. 16:43
 edu
oto sonun emes ortocho da emi,birok molodec araket kylyptyr.
22.04.2010. 16:28
 KOLPOCH
Асема осо бер. Талантына баа берем. Бул жерде айрымдары коро албай жаман пикир жазып жатышат. Алар арсыздар. Сени коруп коп кыргыз кыздары чонойуп келе жатат. Андыктан колдоочуларын коп. Бактылуу бол.
13.05.2010. 15:03
 azulya
уну жок вообще уну жок, жон эле койсо болмок. аАндан коро актриса бойдон калса авторитетин сактап калмак.
13.05.2010. 23:07
 Useniy
Kolpoch деген замандашыбыз кечээ куну жакшы бир маалымат калтырып кеткен эле:"Коп нерсени акыл менен калчап баа бералбайт экенсинер, туугандар"-деп. Ошонун сынарындай коро албастыгынарды койсонор боло кээ бир мекендештер. Уят да мындай мамиленер. Сага жакпайбы ичинде сакта, буткон ишке калп эле "проффесионал" сынчы сыяктанып баа берип. Тап татынакай уну бар, келбет десен келбет талант десен талант бар. Ырчы болуп ырдап чыгып, актрисалык кайсы авторитетин жоготуп коюптур? Тескерисинче, кыргыздымд
13.05.2010. 23:08
 Useniy
ын намысын коргоп коптогон олколордон алдынкы наамдарга ээ болуп келбеди беле? Акылга сыйбаган кеп создорду жазып, убактынды текке кетирбей интернеттен жасаган ийгиликтерине коз жугуртсон боло! Кыргызстандын тарыхында алынбаган наамдарга ээ болуп жургон, кызыбыз Асема! Ушундай кумалактардын айынан адам болбой келебиз, кыргыздар!
18.05.2010. 21:18
 ayza
Ун жок болгон сон,эмнеге ырдайт???Асемага кор болгон кайран ыр...
19.05.2010. 22:29
 Useniy
ha-ha ayza,bir nerseni tu6ungon ki6idei suiloboi ele koison o6ol saga on! Jakpasa kirbei ele koi,korboi ele koi,ukpai ele koi!!!! Модератор info түзөттү 20.05.2010 09:31
01.06.2010. 03:03
 Ayima
useniy siz" saga jakpaibi ichinde sakta "dep jaziptirsiz anda taptakir komentarii koshuu degen jerdi japtirip sal.
02.06.2010. 10:15
 MaRmeLaDka
Үнү мага көп жага бербейт.Наристем деп ырдап жатат,анан аягында эле бөбөктү көрсөтүп койду го.Андан көрө ушул сюжет менен башка ырды ырдаса болмок.
08.06.2010. 18:27
 venchik
Асема актриса болуп эле үйүндө отурса болмок. Эмне кылат жок үнү менен ырдап.Итак эле үнү жок ырчылар бизде толтура.
09.06.2010. 23:43
 silkusia
ушул клип хит болбой эле койсунчу. татыктуу эмес
12.06.2010. 06:10
 dream
ушул эжебиз ырдабай эле койсо болот эле,же уну болсочу.Интервью берсе кыргызча жакшы суйлой албаган киши боло берет,анан звезда болгондой суйлойт
18.06.2010. 17:17
 KubaBuba
Эмне, жаны клиптер жокпу??
20.06.2010. 22:57
 vorobey
Kuba ty 4o v nature 4toli!!! Im sei4as ne do klipa novernoe... Situacia v Bishe tiajolaya!
23.06.2010. 12:28
 muslima
Үнү жок дегендерине мен да кошулам. Бирок клиби мага жакты. Жүрөгүң жылып калат экен.
04.07.2010. 17:05
 lider-kg
Билбейм, ушул кызды ырчы деп такыр эле элестетким келбейт. Актриса катары таанып калгангабы, билбейм. Катардагы ырчы, катардагы ыр, катардагы клип. Эч кандай озгочолук жок.
05.07.2010. 11:42
 bekjangold
Актриса катары таанылгандан кийин ошол бойдон эле калса жакшы болмок!
07.07.2010. 08:53
 jaina
Ыры маанилүү.Бирок үнү бийик эмес.Клипте да кемчиликтер бар. -4 койдум.
07.07.2010. 12:03
 maradona
Ит уро берет кербен журо берет. Сынчы сындай берет ырчы ырдай берет.
09.07.2010. 16:58
 Агата Кристи
Наристелерге арналган жакшы клип экен.Бирок жакшы ардай албаптыр.
02.02.2011. 17:42
 UlanMamytov
Сөздөрү жакшы ыр экен.
29.05.2014. 19:36
 aza.kg007
жакшы соонун
30.08.2014. 03:03
 jibek.shami
несин айтасынар аны мен суйуп ,ооруп журом бир кыйладан бери.супер ырчы супер актриса бул кызга эч ким жетпейт ар нерсени айта бербегилечи...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: