Жанр:Поп
00:03:37
56,46 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2010
Сөзү:Ч.Мырзаевдики
Обону:Н.Жолдошованыкы
Жандаган жарым сен болуп,
Жашоомо бакыт куш конуп.
Жанашып биз бир жарашып,
Жубайың болсом ак жоолук.
Көрбөсөм көз ирмем сени,
Көңүлүм сагынычка толуп.
Адашып атыңды айтсам,
Күтөмүн келет деп жоруп.
Кайырма:
Сагынамын, жаным, сагынамын,
Көздөрүңдү, жаным, сагынамын.
Тагдырымдын берген белеги сен,
Жашоомдун шербет, балы дагы.
Кадырлап мага дем болуп,
Кызганып, башкадан коруп.
Өзүңдөй эч ким сүйө албайт,
Кучагың күндө гүл толуп.
Бак берген бул өмүрдө,
Маңдайга жазган жанымсың.
Берекенин баары өзүңдө,
Мөмөлүү сүйүү багымсың.
Кайырма:
Сагынамын, жаным, сагынамын,
Көздөрүңдү, жаным, сагынамын.
Тагдырымдын берген белеги сен,
Жашоомдун шербет, балы дагы.