Жанр:Ретро
00:02:38
27,15 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Сөзү:Т.Шайдулаеваныкы
Обону:А.Жайнаковдуку
Жарыгы ай нурунун токтоп өткөн,
Жамалын Чолпон жылдыз жаба төккөн.
Жаз сайын жасанат дейт бактылуу тоо,
Кучактап койнунда айгүл өскөн.
Тагдырын таштак тоого байлап койгон,
Тамырын терең дешет айгүлүнүн.
Ошондуктан бийик өсөт, сулуу өсөт,
Көркүнө тартылалы ай жүзүнүн.
Шаңкайып ай чыкканда ал ачылат,
Нурлары асман-жерге бүт чачырап.
Ай менен гүлдүн ыйык арзуусунан,
Тоо бети кыпкызыл бир гүлгө айланат.