ТААЛАЙ ЭЛЕСИ тобу "Жүрөк сыры"
Жанр:Ретро
00:02:54
36,22 Мб
Жүктөлгөн: 13-02-2014


Сөзү:Азада Бегимкулованыкы
Обону:Иштеп чыккан: М.Өтөнбаев, Тотомидин Жолдошов

Кыйналган жүрөгүмдү,
Эми сен эзбе жаным.
Уйкусуз түндөрүмдү,
Арнаган сага баарын.

Кайырма:
Жол карап өттү күндөр ,
Койнумда сагыныч бар.
Үзүлбөй сенден күдөр,
Үмүтүм өчпөй жанар.

Жашырып арманымды,
Жүрөктө сыр сактадым.
Жабыркап калганымды,
Жашырып сага айтпадым.

Кайырма:
  • Currently 4.00/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (12)

13.02.2014. 12:13
 eli1989
Сонун ыр))
13.02.2014. 12:17
 aikooo
убагынды модп болчу го ушул ыр чиркин)))
13.02.2014. 13:37
 Elya20
ооба мындан 11жыл мурун
13.02.2014. 21:00
 aiza1979
super!
14.02.2014. 22:53
 zarifa_love
Урматтуу Таалай элес тобу!!!Мен да Чаткалдан болом ,Женишгулду кетирбей турганда ,Таалай элес тобу атагынар чыкмак .изденгиле дагы дагы ийгилик каалап кетем .жаны ырларды жараткыла .
15.02.2014. 14:32
 lusi2013
Балалык кезди эстетет го))))
15.02.2014. 21:56
 guli78
угуудан эч тажабайм ушул ырды, озум да эс алгым келгенде ушул ырды ырдап алам эн сонун рахмат ийгилик.
16.02.2014. 00:08
 peri...97
Эээээээх сооонунго чиркин...убагында чын эле абдан мода болгон...биз 2-3класста алманын башына чыгып алып ырдачубуз...абдан соонун ыр чынындаа
13.03.2014. 01:19
 nurik838383
жакуттун бут кийими жакты баарынан да хехехе
14.09.2014. 23:52
 muslima_girli
БУЛ ЫРДЫН АФТОРУ КИМ
14.09.2014. 23:53
 muslima_girli
Мен бир киреп окугам купия сыр деген ошодо ушул ып саптар бар болчу
06.01.2017. 05:17
 Mervi
Мектепте 2 же 3-класс окуганда ушул ырдан башканы билбейт элек. Майрам болсо эле эжебиз хор кылып баарыбызды ырдатат эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: