Жаныш Кочкоров "Өмүр дайра"
Жанр:Эстрада
00:04:50
47,29 Мб
Жүктөлгөн: 26-03-2014


Сөзү:Карыбек Бегимкуловдуку
Обону:Жаныш Кочкоровдуку

Өмүр - дайра, убакыт бар кечкенге,
Өтүнөрүм, мага келсең, кеч келбе.
Асылкечим, кайдан чыга калдың, сен?
Минтип жашым кырктан ашып кеткенде?

Жашоо - жыргал, кадырына жеткенге,
Эмне жетсин, сүйүү сырын чечкенге?
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, белден каруу кеткенде.
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, мен алыстап кеткенде.

Сен да селки, асманда эмес, жердесиң,
Сен да мендей күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин?

Сен дүйнөнү танып биле элексиң,
А сен мага бир берилчү белексиң.
Оорулуу жан өмүр бою көксөгөн,
Асылкечим мүрөк суудай керексиң
Оорулуу жан өмүр бою көксөгөн,
Сен кайрылып качан мага келесиң?
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (14)

26.03.2014. 16:44
 Boria2014
Ээ чиркин ала жааат ала жат ыр эмес бекен, Сен да селки, асманда эмес, жердесиң,
Сен да мендей күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин? эн сонун создор жана обону кыргызда кайталангыз талант десек болот туугандар, супер силер азаматсынар чет жерде журуп силер менен гана кыргызстанда жургондой сезем, онугуп оскуло ылайым!Модератор admin_media түзөттү 26.03.2014 16:52
26.03.2014 16:52
admin_media
Boria2014,
Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
26.03.2014 17:27
KG_01
admin- Сиздерден сураныч бир ырды издеп ээч таба албадым жардам бериниздерчи (.Жалган болсо суйуубуз анда неге коздорундон жаш тамган..мейли мейли жалган болсун омурлор кантип кыям сезимдердин кучторун) ...ушул саптары бар эле сиздерден сураныч табып бериниздерчи,?????
26.03.2014 17:41
admin_media
KG_01,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз. Билип калсак кабарлап коюуга аракет кылабыз. Рахмат!
26.03.2014 17:53
KG_01
admin_media,Тушунуктуу чоон рахмаат сиздерге да!
23.06.2014 11:43
Tukeler
KG_01, Анара Шаимкулова биздин суйуу
26.03.2014. 23:09
 nurgultoktogul
Jakshy klip
27.03.2014. 12:17
 Адам
Бул ырды менин атам да дайым ырдачы, жаш кезимде кулагыма сиңип калган го. Эх жаштыгым. Сонун ыр.
29.03.2014. 14:20
 laki
Эң мыкты! Эң сонун!
29.03.2014. 17:39
 kurmanbek83
омур бою ырдала турган ыр
01.04.2014. 12:05
 umka-urmat
манилуу ыр
09.04.2014. 16:51
 Kunduz.76
Коп жашаныз,талантту инсан!
31.07.2014. 05:01
 shkolad87
эл суйгон ырчы дагы ыр дагы
04.08.2014. 07:36
 omurbek.rahmstov56
Сиз ЭЛ ырчысысыз, наамы бербей жатканына капа болбонуз, Эл баалайт СИЗДИ!! Коп жашаныз!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: