Бактыгүл Бокоева "Сен менин жазылбаган ырларымсың"
Жанр:Фольклор
00:02:55
36,87 Мб
Жүктөлгөн: 11-04-2014


Сөзү:Б.Алыбаевдики
Обону:С.Жумалиевдики

Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жыргалымсың.

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин келечегим бакыт ачкан.

Сен менин ак кептерим калкып учкан,
Сен менин мөл булагым чалкып жаткан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Дүйнөдө издеп жүрүп сени тапкам
  • Currently 4.75/5
(4 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (11)

11.04.2014. 13:21
 jigit93
Супер эн сонун журогумо тийип оттуго)))) суйуп калдым окшойт сизди
11.04.2014 16:40
ASALARI
jigit93, хахахаа олтуросундааа
11.04.2014. 18:15
 peri...97
Соооонунго
11.04.2014. 20:07
 primer-dent
Эски ырлар барибир жакшыда журоко тийип отот.
12.04.2014. 01:46
 admin_media
nursultan96,
Саламатсызбы! С.Жумалиевдики деп турат, техникалык катачылык кеткен. Рахмат!
14.04.2014. 10:11
 admin_media
timurlanova20121990,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
14.04.2014. 22:32
 Laden
Ушундай ырчылардан да интервью алсаныздар.
15.04.2014 10:06
admin_media
Laden,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
18.04.2014. 01:29
 Nuska587
Созу Кумондор Абыловтуку эмес беле?! Же авторун алмаштырып койду беле? :)))))))
19.04.2014. 22:51
 xabibi
Ушул эженин голосу жагат сонун
19.05.2014. 12:27
 aijana_92
Бактыгул эже сиз менен биз аябай сыймыктанабыз, ар дайым булбулдай болгон унунуз очпосун сизге чоон ийгиликтерди каалайбыз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: