Минюра Рахимжанова "Закым"
Жанр:Поп
00:03:52
48,57 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2014


Сөзү:Сейит Жээнбаевдики
Обону:Азат Дооткуловдуку

Деңиздей шарпылдаган, демиңе улам тарттың анан
Махабат дайрасында кыялдар толкундаган.
Сүйүүдөн канат байлап, өмүрлөр тынбай агып барат,
Жаз болуп турам сага, жалбарып көзүң карап.

Кайырма:
Закымдайт сезим талыкпай, таңкы жарыктай,
Закымдайт сүйүү аралында чексиз бакыттай.
Төгүлгөн көздөр жашырбай, көңүл калтырбай,
Закымдайт дүйнөм кубанып, оттой жалындай.

Каалаган бир өзүңдү, калбаган назик көңүлүмдү,
Аярлап күтүп алчы, арналган жүрөгүмдү.
Бакыттын өзү кандай, караймын улам көзүм албай,
Зор майрам бар экениң, пейилиң сенин ак кардай.

Кайырма:
  • Currently 4.18/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (45)

21.06.2014. 16:27
 kama_future_millioner
Жакшы аракет бар мурдагы клиптерине караганда жакшы
21.06.2014. 16:37
 nuri.88
Азаматсын!
21.06.2014. 20:53
 aztumar
Ыр абдан жакшы,маанилуу.Аткаруусу да жакшы,бирок клипке келсек эн арзан клиптердин бири.Эч кандай стилистика деген жок.Ырчы кыз клипке тартыларда озунун имиджине карап койсо болмок экен.Анткени менин ойумча клип деген ырчынын рекламасыда.Режисерго эки деген баа койом!Стилге иштеш керек.
21.06.2014. 23:29
 ruffo90
Ушул клиптин эмнеси жакты, тушунбойм. Арзан клип, аткаргандар актерлор эмес эле ырчынын тааныштары окшойт, окшоштура алышкан эмес. Бир аз акча коротуп профессионал актерлор менен эле тартса болмок.
22.06.2014. 00:22
 dastan_nookat
"Супер супер супер неге жаман жакшы еле клип"
22.06.2014. 01:44
 erkele
койнокчо кричит го)))))
22.06.2014. 02:26
 Baichechekei2011
Chyn ele koinogu menin eki toshum bar dep aityp jatkandai bolup kalat eken. Beswkusiza ele eken. Taarynba Minjura! Al emi unu, yry jakshy!
22.06.2014. 12:03
 noeli
койногу сопсонун эле болуп турат.Ал эми талантын айта турган болсок талант бар.Озгочолонуп турат экен.
22.06.2014. 20:37
 Dayana1991
Окшош клиптер да баягы Эле бутпогон уну Жакшы
23.06.2014. 02:43
 Jamelia
Ырын угуп уктачумун,уну тим эле укмуш, оригиналдуу.Чынында,озгочо клип куткон элем.Клип бул ырга татыктуу эмес экен.Койногуно болсо соз жок...эми озуно аябай жагат окшойт, ошентсе да стилисттер менен иштешсе ашыкча болбойт эле.Ыр супер!!!Уккандан тажабайм.
23.06.2014. 05:06
 Jonaruk
жакшы коип болуптур ыры жак жакты суйуу жонун жакшы ыр экен азаматсын ийгилик
23.06.2014. 09:48
 MaRmeLaDka
Актриса кыздар жалаң жасалма ойношуптур(((. Клипке кыздарды тартканда сулуулугуна, макияж, маникюруна басым жасап, актердук чеберчилиги дайым артта калып кетет. Кыздар жасалмалуулугу менен клиптин максатына жеткирбей коюшуптур.
23.06.2014. 12:24
 goodman02
закым деген мне?
23.06.2014. 13:12
 elkat
Минюра ар ким ар кандай айта берет.Клип тартып жатканын жакшы.Журот го башка ырчылар клип тартпай эле.Аракет кылып жатканын жакшы.Ар ким ар кандай минустарынды жазып жатса,алардын дагы минусун айтчу адам табылат.Клип сонун болуптур.Менин туугандарым баарына жакты.
23.06.2014. 20:05
 bossmos7
Ыры жагат! Ырга тартылган тасма начар болуп калыптыр! Ыр абдан жакшы!
24.06.2014. 17:25
 NADUW
ырдаган текстине тушунчу эмес элем эми тушундумм! кайырмасын гана билчумун! ачык ачык создуу айтып ырданыызчы!
25.06.2014. 00:05
 slastenka
Азаматсыз!Аябай жакшы клип болуптур....
Талантыныз ташкындай беришине тилектешмин!
Мындан да жакшы клиптерди жарата бериниз...
25.06.2014. 10:46
 aika_sv
Сууга тушуп алып эч кыймылдабай ырдаганы жаккан жок, кичине ары бери кыймылдап койсо жакшы корунмок деп ойлойм.
25.06.2014. 13:17
 aitmambet
Татына кыз ушундаи "укмуштаи" коинок кииип, тангалдырды)) Клип орто тартылган.Бирок уну 5++
29.06.2014. 00:49
 asylzat_meka
Кыздар азаматтар)мыкты ойношкон)
29.06.2014. 00:51
 asylzat_meka
жигит дагы жакшынакай экен)
29.06.2014. 14:07
 boki.boki.91
Неге клипти душа менен берилип аткарышпайт биздин актриса актерлерибиз
30.06.2014. 01:57
 aijamal-19.90
Miniura azamat yny sonun mukamduu maanisi da sonun jazylgan . Klip arzan kymbatyna maani berbesh kerek . Bul kyz jany chykkan kyz bara bara onygot. iygilik
30.06.2014. 16:56
 dorboljunov
бул ыр мага аябай жакты, албетте, ырдын мааниси бир аз башкачараактай, бирок уну аны ачып койгондой.
08.07.2014. 21:11
 peri-jan
Yrdyn maanisi da jskhy unu soonun birok klip ujasnyi rejiser degen kantip chygardy ushul klipti
13.07.2014. 02:06
 Ilays
Клип боюнча: Ыры клиптин маанисине дал келишбептир, кыйналып бироону жоготуп ырдагандай сезилет, мааниси болсо бир идиотский жагдайды эзилтип коюптур. Бул сценарий башка ырына жазылган болсо керек эле. -
05.10.2014. 23:54
 2014_samat_DJ
Койногуда озуда жакпады иренжип коргум келбей койду фуууу.
30.11.2014. 00:08
 sobr_89kG
кыздар сразуу жаман ойлошот неге....
21.01.2015. 13:37
 Oi_pikir
Негедир обону Жамиля Муратованыкы деп ойлочумун. Азат Дооткуловдуку тура. Бул обончунун экинчи оригиналдуу обону болду мен үчүн. Буга чейинкиси Жийдеш менен Наристин "Эдем алмасы" эле...
07.07.2015. 17:43
 zamirmajitov
актерлор жаккан жок,мааниси жок клип,бирок ыр аябай жакты,Минюрага ушундай жай ырлар жарашат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: