Айар "Карындаш "
Жанр:Поп
00:03:30
44,33 Мб
Жүктөлгөн: 12-07-2014


Карындаш, жүрөгүмдү козгодуң,
Карегиң карегиме кадалганда.
Кайталап көргүм келет өзүңдү,
Сагынычтарга мен батканда.
Көздөрүң мөлтүрөгөн карагат,
Көргөн жан эңсеп сени тамшангандай.
Ирмелет кирпиктериң жаралап,
Сезимге жалын жаккандай.

Кайырма:
Сага махабаттын гүлдөрүн сунам,
Мага чын жүрөктөн жылмайып койсоң.
Жаным, балдай ширин сөздөрүң менен,
Сүйөм деп, сүйөм деп койсоң.

Карындаш, назданасың эркелеп,
Ансайын ашык болдум жамалыңа.
Жалындап кол кармашып түбөлүк,
Ойгонсок ар бир аткан таңда.
Серпилип маңдай чачың таралат,
Секетим, сен маралдай басканыңда.
Сүйөм деп койчу мени дарылап,
Сүйүүсүз алдан тайганда...

Кайырма:
  • Currently 4.36/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (35)

12.07.2014. 02:24
 Qnet
Уну оригиналдуу экен,таланты бар ырчы экен,мага жакты!!!
12.07.2014. 13:19
 Айнура Салахидинова
Азаматсын Айар! Мага жакты! Чыгармачылык ийгилик!
12.07.2014. 13:39
 Mechtatelnisa
Гулнур Сатылганован аябай таланттуу бала деп аткан бала го,Айардан кыздын возросту чон корунуп калганбы,же чын эле чонбу. Чындыгында таланттуу бала экен,голосу жакты.
12.07.2014. 14:48
 peri-jan
maga da jakty +5
12.07.2014. 15:00
 motomoto
клип жакшы. Айарга кичине чонойуш керек экен
12.07.2014. 17:29
 fea1990
соонун
12.07.2014. 18:05
 Erhan
Аярдын прическасы жарашыптыр озуно.Клиптеги кыз чонурак корунгону менен,сулуу,ыманы ыссык кыз экен.Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
13.07.2014. 07:28
 kinaza
Карындашы ему в матери годится го. Озунун возрастына жараша кыз тапса жакшы болмок экен.
13.07.2014. 23:04
 jazy
ыры сонун экен бирок клиптеги кыз чоон корунуп калыптыр карындаш эмес эжесиндей жаш кыздардарн тапса болмок ийгилик
14.07.2014. 01:51
 apal.87kg
Эн сонун го.мынча суйкумдуу жигит.козу жакты.кашын кыймылдатканы озуно укмуш жарашат экен.ийгилик сага.дагы да болсо жаны аудио-видеоклиптерди кутуп калам.
14.07.2014. 10:58
 GUMU
келбети, уну да, ыр, клип да сонун экен, позитив тартуулаган. Ийгилик!!! дагы ырларды кутобуз.
14.07.2014. 12:26
 12.12.12
Мурдагы костюмун чечип жакети менен тартылган клип го. Бир кишин кол тамга экени билинип калат экен. Краскасы ото аша чаап кетиптир. Бирок кадрлары жакшы. Уну жакшы.
15.07.2014. 16:37
 Akyl_ai
Клип жакшы тартылыптыр, Унуно соз жок аябай уккулуктуу экен. А кыз чоң көрүнсө да аябай жакшынакай экен. Азаматсын Айар! Ийгилик!
18.07.2014. 00:59
 AMAH-2
Жакшы клип,жакшы ыр болуптур.Кыз кара торураак болгондуктан гана улуураак көрүнүп калгандай...
18.07.2014. 10:00
 AIJANKULOVA
классная песня,отличный клип.Молодец!!!
18.07.2014. 12:14
 Мэри
Сонун! Ызы-чуусу жок, жаркын клип, жакшы ыр болуптур...
18.07.2014. 15:20
 syma
куклага окшогон бала экенго))))) жакшы голосы бар экен!ийгилик сага.....
18.07.2014. 22:38
 romashkakg
Уну уккулуктуу экен. Жакшы.
19.07.2014. 15:34
 shanushka
kliptegi kyz suluu eken ayabay ele indiyanka aktirislarina okshoshturdum...
07.08.2014. 19:01
 hanysha91
сапаттуу ыр кыргызда аз толку жок эле клиптер
16.08.2014. 15:26
 Blume_gul
Abdan jagymduu kelbettuu myrza eken. Unu dagy jagymduu eken. Aiar, saga chon yigilik!
30.08.2014. 06:09
 name.pfs
Krasavcik AIar ,iwine iigilik ...Kudaim buiursa koptogon iigilikterge jetiwesin..Golos Abdan jakwy !!!Prodoljai v takom je DUHE!!
30.08.2014. 23:57
 Altynay96
Абдан жакшы ыр экен клип да жакшы экен. Ийгилик!
11.09.2014. 00:53
 timur1995
Ким бул?
09.10.2014. 18:16
 Key-KO
Александра выглядишь прекрасно!!!! все супер.!!!
13.10.2014. 10:33
 admin_media
ilwoo,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу алынат! Эскертүү!
18.12.2014. 13:06
 iskra77
;-) класссссссс
12.01.2015. 14:28
 Aselim
Азаматсын! Уккулуктуу ыр, клип да сонун. Кыздын улуураагы бир аз келишпей калганы болбосо, супер
18.05.2015. 01:17
 nuraiko
айар аты да уну да жакты чыгармачылык ийгилик !!
29.08.2015. 01:20
 adina_love
Мага абдан жакты ыр да клип дагы, ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: