Жанр:Эстрада
00:03:32
54,53 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2008
Каалайсыңбы, мен шүүдүрүм болоюн,
Көз жашыңдай мөлт деп чөпкө кулаган.
Үшкүрүктү шамал кылып коёюн,
Үлбүрөтүп саамайың сылаган (2 жолу).
Кайырма:
Не кааласаң ошолоруң болоюн,
Асман, жериң, күнүң, айың, шамалың.
Суранарым кыйыны да, оңоюн,
Сүйөм деген жалгыз сөзгө жарагын (2 жолу).
Каалайсыңбы, сен уктасаң ийилип,
Көлөкөлөп талың болуп өсөйүн.
Ошончолук канча болсо тирүүлүк,
Өзүң менен бир жашап өтөйүн.
Кайырма:
Не кааласаң ошолоруң болоюн,
Асман, жериң, күнүң, айың, шамалың.
Суранарым кыйыны да, оңоюн,
Сүйөм деген жалгыз сөзгө жарагын (2 жолу).