Жанр:Поп
00:03:53
59,81 Мб
Жүктөлгөн: 29-03-2010
Сөзү:Элдики
Обону:Элдики
Сары-Ойдун салкын тоосунан,
Сагызган учат зоосунан.
Санаама алып издесем,
Кантейин, таба албай койдум ордунан.
Көк-Ойдун көпкөк тоосунан,
Көгүчкөн учат зоосунан.
Көңүлгө алып издесем,
Кантейин, көрө албай койдум ордунан.
Салкындуу жерге, Сары-Ойго,
Сагызган барып конбойбу?
Зарлантып мени койгончо,
Кантейин, санаалаш болсоң болбойбу?