Тима Мукашев "Арман"
Жанр:Поп
00:03:45
46 Мб
Жүктөлгөн: 24-07-2014


Билсе деп өзүмдү өзүм,
Сезимди сез дей албайм.
Сүйүп мен өзүңдү, сүйкүмдүү көзүңдү,
А бирок тиктей албайм.
Токто деп өзүмдү өзүм,
Токтотуп кармана албайм.
Алса деп гүлүмдү, укса деп үнүмдү,
А бирок жандай албайм.

Кайырма:
Кантейин, кантейин, арман,
Катылып жүрөктө калган.
Балким, мен адашып калганмын ушул бакытымдан.
Кантейин, кантейин, арман,
Каректе бир элес калган.
Аттигиң, албырып күйөмүн сенин жалыныңан.

Чертилип терезеңден,
Жамгырдай келип кетем.
Акырын жашынып, албырып ашыгып,
Арзуумду берип кетем.
А балким, байкагансың,
Жактырып жүргөнүмдү.
Эч кимге билгизбей, эркиме жеңилбей,
Мен сени күткөнүмдү.
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (23)

24.07.2014. 12:12
 oooald
Анча жаккан жок
24.07.2014. 12:57
 Guli.K.E.
Гелик и Дархан эле жакты)))
24.07.2014. 13:09
 dastan_nookat
"Мр3" Форматын жуктоп Берсениздер сураныч!
24.07.2014. 14:42
 papanstan
Красавчик сонун клип
24.07.2014. 14:48
 Асылжан
Сонун. Чындыгында "Алтын үн" наамын татыктуу алган. Темирлан, ийгилик, башталышы жакшы. Мындан ары да жакшы чыгармаларды жарата бер.
24.07.2014. 17:40
 Inwallah88
Ырдаган баланын уну 2 ун мн жазылгандай болуп калыптыр, дархандын кашы кандай свет
25.07.2014. 00:37
 aziko88
Уууф дагы кайсы ырчы ун болсо олойун.
25.07.2014. 01:19
 bossmos7
Э унду жакшы конуктуруп чыкбаптыр???! Же кун ысык болгон!Же .............................)
25.07.2014. 03:41
 omel9
Ильяз менен кайрат нуртастын арман атту ырына жетпейт эх Чиркин эч кимде арман болбосун
25.07.2014. 04:12
 Nursssss
Баягы козуно ок тийген балабы бул???
25.07.2014 10:17
Compact
Nursssss, ооба, ошол бала:
http://www.super.kg/media/stv/107085/
Кап...
25.07.2014. 10:15
 Umka220190
Темирлан азаматсың! Ийгилик!
25.07.2014. 11:24
 syma
ушуга окшогон женил желпи ырчылар кобойду!!!! уну деле алтын унго татыкуу эмес менин ойумча....
25.07.2014. 11:24
 burulu
100
25.07.2014. 14:24
 rnurzida
Голосу жакшы экен. Жакты. Азамат. Ийгилик Темирлан. Дагы коптогон жакшы чыгармаларды кутобуз. Алга.
25.07.2014. 17:59
 Samat.A.A
Жакында артистен үй салабызго дейм)))) Бекчорого тим эле очкисин чечбей)
26.07.2014 00:49
Elya20
Samat.A.A, козуно ок тийген да эми кантсин?
25.07.2014. 20:04
 91mele
Эмне деп эле тантырап койгон. Мааниси жок ыр экен.
28.07.2014. 12:29
 merez_jurok
Ыр менен ооруп калдым. Кайра кайра уккандан тажабай. Клип гана кызыксыз. Уну мыкты экен!
19.08.2014. 13:19
 dastan_nookat
"Текст" кошуп койсонуздар!
20.08.2014. 00:06
 dinooou
Оомоооой Дони,Таке,Жама,Макус,Шеха азаматсыңар,суу болуп сонун клип тартыпсыңар!
12.01.2015. 11:36
 Aselim
Коз айнекте чагылышкан ак майкачан киши ким? ха-ха го озунчо эле, боорум каткыча кулдурду бул клип))))))))) шапкеси да ак экен, байкадынарбы)))) Алыбек алына жараша деген ушул хааааахаааа армандан баштаган арман менен бутот окшойт))))))))
21.01.2015. 13:30
 Шаиста Шатманова
Кызыктуу ыр, жигиттин үнү уккулуктуу экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: