Аваз Акимов "Ысык-Көлүм"
Жанр:Поп
00:03:35
46,99 Мб
Жүктөлгөн: 06-08-2014


Сөзү:А.Алымовдуку
Обону:А.Алымовдуку

Жараткан берген Ысык-Көл,
Жакшылап элим көңүл бөл.
Эс алсаң чериң жазылат,
Суулары тунук, салкын төр.
Ажарлуу кыздай созулуп,
Ак куулар көлгө конушат.
Жээктеп бассаң санааң жай,
Өмүргө өмүр кошулат.

Кайырма:
Менин Ысык-Көлүм, мейманы көп көлүм,
Толкуп толуп турат, досум, келип көргүн.

Тоосунда арча, карагай, бир көрсөң кумар тарабай,
Абасы таза дем берет, токоюн бассаң аралай.
Терели өмүр гүлдөрүн,тегиздеп турмуш күндөрүн,
Чаалыксаң келгин көлүмө, угабыз чардак үндөрүн.

Кайырма:
Менин Ысык-Көлүм, мейманы көп көлүм,
Толкуп толуп турат, досум, келип көргүн.
  • Currently 4.54/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (36)

06.08.2014. 12:19
 Aselina_kg
Жакты мага.Колго баргынды келтирет экен
06.08.2014. 12:31
 Нуркыз Курманбек кызы
Колго качан жетеееем
06.08.2014. 13:00
 aikow92
Көз суйунткон клип болуптур, кок асман сонун!!! Эхх ысык-көл. Сага ар кандай мактоо жараша берет. Авазга окшоп!!!
06.08.2014. 13:09
 bermet.kg11
Jakshy klip boluptur Avaz baike iigilik
06.08.2014. 15:16
 Hanzad
Эн сонун
06.08.2014. 15:17
 Aipri
Аваз азамат бала. Чыгармачылык ийгилик.
06.08.2014. 18:15
 kursantbek
ушул ыр аябай жагатта мага сонун чыккан ийгилик )))))
06.08.2014. 19:53
 saikal01
Тиги Чынараны ырдаган Тынчтыкда журотко э ийгилик жигиттер
06.08.2014. 21:27
 nabi89
Маладес Аваз
06.08.2014. 21:49
 bai.kymbat
ЭЭхх Ыссык-Колум, Менин Ыссык-Колум! Киндик каным, тамган Колум!
06.08.2014. 21:50
 bai.kymbat
Молодец Аваз! Соз жок клипкеда, ыргада. Канча уксамда тажабайм!
07.08.2014. 08:48
 jasi
Эхх, керемет кол! Баарын таштап барып эс алып келгим келип кеттии. Клип конул кубантат. Ийгилик!
07.08.2014. 20:12
 hanysha91
ушулбала балеечыкты
08.08.2014. 00:10
 papanstan
Мага да жакты бирок навошнигин алып ырдаса болмок
08.08.2014. 00:52
 kreml87
Айвааай,мага да насип кылаар бекен колго барыш?!Ушул клиптеги корунуш колдун кайсыл жагы?Мага жакты!
08.08.2014. 10:14
 chupik
пристаньда мен журом го)))
08.08.2014. 12:50
 ulik.2014
Класс... Эхх колго баргым келип кетти(
08.08.2014. 22:33
 boston___
Азаматсын
09.08.2014. 19:03
 Dikei
atylyp ketiiptir fuu
09.08.2014. 23:39
 aika_sv
Жакшы, Ысык-Кол-ыйык-кол.
11.08.2014. 17:43
 nurbek888
Ыр жакшы, клип орто. боекту коп кошуптур, анан бир кана золотые пескиден башка жерге дагы барып тартышса жакшы болмок. Ысык-Колубуздун сонун дагы кооз жерлери бар эмеспи.
12.08.2014. 18:21
 akylzirek
Ырдын атын туура жазса болмок режиссер. Башталганда эле "Ыссык-Көл" деп жазыптыр. Кыргызда ысык деген сөз бир эле "с" тамгасы менен жазылат.
13.08.2014. 17:56
 dastan_nookat
Мен Дагы Ысык-Колго баргым келип кети эх кандай гана сонун клип болуптур!
14.08.2014. 00:02
 alibekova94
Соонун коз тийбесин! Жакында барып жыргап келемго))
15.08.2014. 15:13
 Zair_Alimov
Jakwy yr, jakwy klip.. Jakwy golos, krassavchik brat . tak derjat'!)
16.08.2014. 12:12
 kanyshaikg
колго эс алганы барып эле тартып келген го клип жонокой ыры жакшы.издениптуруп тартса болмок
16.08.2014. 15:28
 solnywkoo
jakwy yr eken maga jakty ehhh kol men byiyl baralgan jokmun.
23.08.2014. 22:06
 bakit-bosteri
Аваз иним,Ысык-Колдон клип тартканда мага айтып койсон,мындан да кооз жерлерди коргозуп, мындан да коп эффекттерди коштуртат элем!Бирок жакшы болуптур,ийгилик сага.
11.09.2014. 01:08
 timur1995
Кийинки кундору Нурлан окоо окшош кийинип калды гоооо чач жасалгасы дагы
11.12.2014. 10:38
 Aidana.96
Абдан жакшы ыр.Мага жакты.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: