Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова "Эсиңдеби, курбум, баягы?.."
Жанр:Эстрада
00:03:22
52,38 Мб
Жүктөлгөн: 22-08-2014


Сөзү:Сөзү элдики, жаңылап иштеп чыккан Жеңишгүл Өзүбекова
Обону:Элдики

Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.

Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.

  • Currently 4.50/5
(38 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (103)

26.08.2014. 21:34
 4aidai
Айнура эн сонун ырдайт, уну уккулуктуу. Роза менен Азиза да мыкты ырдашат. Клипти да Бейпил супер кылып тартыптыр. Азаматсынар!
27.08.2014. 10:17
 elamannn
жакшы клип...
27.08.2014. 10:29
 Aiperi0105
Сонун клип болуптур, Сиздерге ийгилик каалайм
27.08.2014. 13:12
 Aipri
Эн соонун клип. Эжекелер сиздер али жашсыздарда . Кичине арыктабайсыздарбы.,,,,,
29.08.2014. 22:14
 daniyar.
Вааааауууууууууууууу суууууууууууупер азамат катындар экен))))
29.08.2014. 23:48
 Роза Шакирова
bander мойнубуздагы банка салынган баштык болчу билинбей калыптыр. Малина терип жатканбыз.
30.08.2014. 18:56
 baby
ууужааас просто уят эмне деген клип ырчылыр да ушундай кебете менен тартыласынарбы дешовый халат, и резиновые тапочки жолуктарынар кыйшайган.
Модератор admin_media түзөттү 31.08.2014 14:52
31.08.2014 14:52
admin_media
baby,
Кимдир бирөөгө ат коюп, мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
07.03.2015 23:45
karona
baby,эн жакшы клип! керек болсо жасалма болуп, болушунча боенуп алып ырдагандандардан жадагандар коро турган клип болуптур! Чыныгы айылдагы жашоону чагылдырышкан. Молодцы!
30.08.2014. 23:23
 Dina88
Соонун болуптур ушундай клиптерди чыгарабергиле
03.09.2014. 16:55
 Leili
мага роза эженин талаадан бийлегени ото жактты жагымдуу болуптур азаматсыз
08.09.2014. 14:13
 asil-08
соонун клип нукура кыргыз келиндерин тартышыптыр азыматсынар
08.09.2014. 19:35
 Gul.08
Учоо эмнегедир бири бирине окшошуп кетишет...сонун тартылган ыр да сонун ийгилик.)))
09.09.2014. 13:59
 Leo.
sonun eken)) Ainura ejege jooluk sonun jarawat eken. kaiyn enesi jaman okwoit ee))) tamawa))
19.09.2014. 14:59
 gulperi92
Учоо бирдей,аябай соонун ырдашкан,чыгармачылык ийгилик каалайм.
08.12.2014. 09:41
 Пифагор
Укмуш укмуш мен суйгон кыздарда!
13.12.2014. 16:27
 vivi
эн сонун клип, ундору сонун, чисто айылдык келиндер болуп калган.
17.12.2014. 07:16
 Saku01
Абдан соонун мага аявай жакты.Азаматсынар жонокой ошол эле учурда эн мыкты денгээлде болуптур.
17.12.2014. 13:02
 Esmerallda
Эн соонун 3тен ундору да,оздору да укмуш.Коро албагандар озунор болуп алгыла ушундай денгээлде анан коробуз.Ийгилик Роза,Айнура,Азиза силер мыктысынар.Эн сонун ыр,эн сонун клип болуптур азаматсынар.Ушундайынардан жазбагыла.Коро албагандардын созуно конул буруштун кажети да жок.Алар оздорунун пас экенин гана корсотуп коет.
26.12.2014. 14:38
 dinara_1
Эн сонун кандай кана сонун клип
27.12.2014. 13:46
 kulpun88_kg
Мага жакты чыныгы айлдык жашоо айылдык келиндин жашоосу
11.01.2015. 21:41
 aldavait
Жакшы ырдашкан. Боевой курбулардан болуп журо бергиле
06.02.2015. 16:57
 ernis1984
ушундай айылдыкча клип сагынган болчумун
12.02.2015. 04:35
 Tamiris
клип тартат десе эле...
ото начар, ырчы болсонор бир аз окшоштуруп клип тартсанар болмок :((
15.02.2015. 18:39
 ferrara2014
Айылдагы кунумдук турмушту чагылдырган клипте 3 ыр ырчынын эч боенбой клипке тартылуу идеясы мактоого арзырлык."True to life" клип болуптур.Азаматсынар!Алга 3 дос!
09.03.2015. 13:12
 sayakat
айылды бир эстеткен соонун клип
12.04.2015. 02:22
 Beka1986
Роза Шакирова мн Азизанын үнү жандуу,клиптин ажарын ачып.Аябай жакшы клип болгон...55555.Прям айылдагы жашоону чагылдырган.Формасы да жакшы,кийимдери,айылский.Азаматсынар!
03.08.2015. 13:58
 Sayragul
Абдан сонун мыкты ырдашыптыр. Чыныгы айыл жашоосу. Учоо тен сопсонун, ундору укмуш. Бактылуу бар болгула.
04.08.2015. 15:08
 kozu_85
уч кыздын ар биринин уну озунчо уккулукту, а клип болсо позитивдуу тартылган айылда келин болуп жургон кезди эске салат
29.09.2015. 10:22
 Sayragul
Учоо тен оз-озунчо ундору уккулуктуу, жакшынакай кыздар.
15.11.2015. 18:30
 nurperishka05
Аябай жагат да Ушул клип мага
17.02.2016. 14:27
 adylchik
Эн сонун ырдашкан и клипта сонун болган ишиниздерге ийгилик .
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: