Жанр:Фольклор
00:03:19
42,2 Мб
Жүктөлгөн: 29-08-2014
Сөзү:Асанбек Иманбаевдики
Обону:Кубанычбек Осмоновдуку
Ат чапсаң ат мыктысын алыстаткан,
Арт жакта азаматтар калып жаткан.
Санаага чөгүп кетип бүт карааның,
Саматтың далайларды алыс жактан.
Кайырма:
Эй, тоолук кыз, ой, тоолук кыз,
Тойбой сенин элесиңе,
Топ жигиттер ашыкпыз.
Кайратың карды эритет чыкыроондо,
Ажарың айды үркүтөт түнкү тоодо.
Өрттөнүп кетеби дейм боз уландар,
Өзүңө жакындашып бир болгондо.
Кайырма:
Чабандык кесип - сенин баатырдыгың,
Чабалдык кылат эрдин баатырдыгын.
Кошулсаң сага шаардык даяр эле,
Койчу болуп берүүгө макулдугун.