Жеңишбек Айтиев "Мурат менен Зымырат"
Жанр:Эстрада
00:03:14
40,66 Мб
Жүктөлгөн: 01-09-2014


Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики

Мурат менен Зымырат экөө коңшу турушат,
Бала кезден чогуу өсүп, экөө бирге окушат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
"Азыр эрте, кой" дешип ата-энелер урушат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
Мектеп окуп, аяктап,
Бой жетилип калышат.

Окуу жайга жогорку алар бирге барышат,
Бүтүп келип беш жылда чогуу иштеп калышат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
"Үйлөнгүлө, болду" деп ата-энелер урушат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
30 жаштан ашса да,
Үйлөнүүгө шашылбайт.

Көп иштешет, тынышпайт, эл кылганды кылышат.
Көр оокат деп жүрүшүп, элүү жашка чыгышат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
Туугандары "болду" деп, үйлөндүрүп салышат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
Алтымыштан ашканда
Бир балалуу болушат.

Өмүр учат зымырап,
Улам бизди карытат.
Бойдок болуп карыбай,
Үйлөнөлү батыраак.
  • Currently 3.83/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (28)

01.09.2014. 18:19
 meerim8793
Папанбы?
01.09.2014 23:49
papanstan
meerim8793, Папандын мектебине окшош экен Папан окшойт
01.09.2014. 19:50
 aytunuk
Ырчы десе эле дооруй беришеби не деген ыр маани манызы жок
01.09.2014 21:00
kuba.86
aytunuk, туура айтасын ото начаар,Жениш Айтиевди тойго чакырып уят болгом,ххх ххх ,Жениш концерт берсе,бекергеда барбайм,ото наачар.Модератор admin_media түзөттү 04.09.2014 10:56
02.09.2014 10:50
admin_media
kuba.86,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
02.09.2014 16:01
Bekish-kg
aytunuk, силеди коруп куйуп куйу кетемда.азыркы жаш ырчыларын мааниси бар ырдап жатабы?азыркы ырлардын маанисин мага чечмелеп бере аласынарбы.а бул ырдын мааниси терен тушунбогондорго боорум ооруйтта байкуштар эптеп эле кыргызмын деп журосунор озу!
02.09.2014 16:31
Maratturat78
aytunuk, Бул Бектин ыры Бек ырдаса эч ким унчуга албайт Ошол эле ырды башка бироо ырдаса жалгандан анкоосунуп каласынар да Ушу кантип ыр болсун деп
04.09.2014 18:27
ulukbek
aytunuk, создун манисин тушунбодунбуМодератор admin_media түзөттү 05.09.2014 11:41
05.09.2014 11:41
admin_media
ulukbek,
Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
01.09.2014. 21:37
 Mayrambek.Kalpakov79
Баракелде! Бул да болсо жетишкендик, Жеништин клиптери бала бакчанын денгээлинен башталгыч класстарга которулуптур. Ийгилик гана каалайм.
01.09.2014. 22:11
 elamannn
ха ха мурат менен зымырат кантет? норм тартса болмок!!!
04.09.2014 10:43
kuba.86
elamannn, ото начаар,ххх ххх,такыр жакпайт ушул ырчы,Ошко концерт коеп келип алыптыр,Модератор admin_media түзөттү 04.09.2014 10:57
04.09.2014 11:02
admin_media
kuba.86,
1. Жогоруда берилген эскертүүгө көңүл бөлбөстөн кайра эреже бузгандыгыңыз үчүн.
2. Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байлныштуу түбөлүк банга!
01.09.2014. 23:47
 moviemaker4
eptemei bez obid
02.09.2014. 00:47
 daniyar.
Бул Бектин байкебиздин убагыгында дордойдо касетасы бир жыл жанырган ыры ээски койдун косундой болуп жакшы угулат экен, бирок ушу жигиттин бир скромный ырдаган ыры жокпу?
02.09.2014. 02:11
 mega.argen
Жениш аке куудул адам куудул адам кандай ырдаш керек анан же оштук деп болгонунорбу алга Жениш аке оштуктар дайым сиз менен
02.09.2014. 11:57
 shirin27
bul bek borbievtin ele iri ilgerki,
komediya siyaktuu boluptur, birok kizdin orduna erkekti tartkani jakpadi, emi I tak kizdekeler koboyup jatkanda, minday nerseni propagandalabay ele koyushsa bolmok,
anin ustuno shariatta da bolboyt erkek kizdin kiyimin kiygengeda, eger kaalasanar mechitterden barip fatfa surasanar dale bolot, bul da bolso aram nerse.
02.09.2014. 13:48
 Arti
Ой Жеңишбек Айтиев өмүрүн зымырап өтүп жатканда мындай ырларды токтотуп, мааниси бар обондуу ырларды аткарсан болобу? Ансызда өмүр кыска. Анан ушул ырды угуп, клипти көрүп чонойгон балдар кандай тарбия алат? Ооба бул клип тамашалуу экен деп кабыл алдым. Ошондо дагы башка клиптеринизди айтып жатам.Элдин батасын ала турган ыр, клиптерди тартыныз!
02.09.2014. 16:11
 mikinookat
жениш ака озунуз айткандай "ала жааат" болуптурго,,,
03.09.2014. 12:55
 ayakosya
" Атан барбы апан барбы" деген ыры жакшы буга караганда
05.09.2014. 15:44
 Gulzhan
класс
05.09.2014. 20:06
 aibek_akmataliev
вууу начаар.даже толук коргум келбей койдуу
10.09.2014. 21:09
 nucu
Эн соонун эле чыгыптыр баары
28.10.2014. 19:05
 nurbek0404
айтмакчы бектин ыры
соонун чыгыптыр ийгилик
14.11.2014. 20:32
 kg.erik
Жениш аке кийинки ырынызды марат менен самат деп чыгарынызчы ее
15.11.2014. 15:24
 Maite
ХХХ ХХХ Биз Женишти кантип сыйлап угабыз.Негизи колубуздан бироону сындаган аябай жакшы келет.Озубуз ырдап клип тартып эл аллына чыга албагандан ХХХ ХХХ жон угуп кое бергиле.
Модератор admin_media түзөттү 17.11.2014 10:55
17.11.2014 10:58
admin_media
Maite,
Эскертүү! Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Башка колдонуучулардын өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз!
28.11.2014. 17:50
 bakiz
зынк да.бойдоктор уккула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: