Малика Дина "Жолугабыз аз күндө"
Жанр:Поп
00:04:19
54,46 Мб
Жүктөлгөн: 09-09-2014


Сөзү:А.Айталиевдики
Обону:К.Жакшылыковдуку

Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
  • Currently 4.58/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (96)

11.09.2014. 18:07
 solnze
Жакшы ыр, бирок онтой берип, бузуп салыптыр!!!!Кара койнок, кок кемпирский жолугу менен тушунуксуз тустогу туфлийи темасы жок, лажа экен!!!
12.09.2014. 10:42
 Bad boy
Britney Spearstin klipine okshoptur go, je maga chal kiska nomerine degendei suuda jatkani ozgocho. Sonun legendarniy irdi buzup... Guljigit eski irdi sonun kilip eski klip kilip tartkani bar go oshol siyaktuu bolso jarashmak bul irga
12.09.2014. 15:22
 periw92
мага ыры аябай жагат
12.09.2014. 18:51
 Moldur
Sonun klip boluptur unu bar talanttu kyz! Maga ir ayabai jagat ehh
12.09.2014. 21:52
 niet
оозун жазатыптып кирпик коштуруптур чекедги угрини жакшы жашырбай коюптур бул да болсо визажистин кетирген кемчилиги
13.09.2014. 04:37
 Lipton
Асылбек Озубековдун озунун аткарганы эле сонун. Азыркылар айланайын шедеврди да бузгандан башкага жарабайт.
13.09.2014. 10:02
 tolkun85
блиин анча байкаган эмес экенмин башта Малика Дина сулуу кыз болгон экенго суйуп калдым)))Модератор admin_superstan түзөттү 13.09.2014 13:06
13.09.2014. 10:27
 miracle_m
Уят эле. . . Вобщим жакпады.
13.09.2014. 19:39
 Nargiza.kb.90
жакшы
14.09.2014. 01:08
 aiza.kyrgyzkyz
Ичинер куйсо туз жалагыла))) ыр да клип да соопсонун)))
14.09.2014. 04:18
 Ajo.kg
Мда
14.09.2014. 15:48
 kub_u3_kgstana
баары эле жакшы экен! кыргызда жакшы соз бар
озунуку билинбейт озгонуку саландайт дейт анысы сынарындай озунорду билбейсинер!!!!
14.09.2014. 20:53
 КОЛЮЧКА
Чырайлуу кыз, келбети жагат мага. Башка ырчы кыздардан айырмаланып, ушу кыз жагат, аркасынан кандай ушак ээрчибесин, баарыбир жагат.
Клип катардагы клиптердей эле, ырды болсо, бузуп койгон.
15.09.2014. 06:43
 chynar_09
Уну жакшынакай
16.09.2014. 19:29
 pearle
Малика, унун аябай жагат! Адамды эс алдырат! Азаматсын! Анжелика, Айгерим, Кубик кызы ырдабай эле койсо болот эле.
17.09.2014. 05:55
 elmaramahamat
Голос приятный. Мне нравиться.
17.09.2014. 08:50
 Aipri
Чынында Малика ырды мыкты аткарган. Клип болсо, кадимки эле.
17.09.2014. 13:17
 NADUW
Ырдын текстине клип дал келбейт. Ыр сонун, клип начар. Малика озундун бетин Чон, тегерек, эмне кыласын ещё озунду да чонойтуп. Жарашпайт.
19.09.2014. 19:46
 Zari2013
Жакшы ырдаган, сулуу дагы бирок сууда онтогону жаккан жок
19.09.2014. 21:23
 Mariyana
уну кооз,соонун ырдаптыр.
30.09.2014. 15:08
 Gulnara1128
ырчылардын балдарына алы келбей калган окшойт,жакшынакай ырды клип бузуп койгон
05.10.2014. 07:07
 maksat-kg
Элдик ырды мынча кор кылып ырдабай эле койсо болмок экен!!!
05.10.2014. 21:28
 JASH
Cоз жок!!! Ушундай ырды бузуптур. Грустный ырды жалжандап ким ырдайт?
18.10.2014. 20:24
 Jamiko
Ашыралы Айталиевдин ырын кыйшаңдап ырдагыны эмнеси. Уят эле. Аябай "арзан" клип экен.Модератор admin_media түзөттү 20.10.2014 10:58
16.12.2014. 00:58
 ulik.2014
Сонун соз жок. Бирок сууда жатып ырдабай эле койбопсун жарашбай калыптыр
20.12.2014. 20:47
 nurmat_71
наалыбагыла баары жакшы болуптур
30.01.2015. 13:51
 Alay-Gulcho
ырдын баркын кетирип ырдабай эле койбоптурдааа клиби да женил желпи башка эле кесипти тандаса болбмок жон эле ырчынын санын кобойтпой бул менин жеке ойум бул жерге ар бир окурман оз ойюн жазат анан да коалбады ана мына деп чыкпагыла анан да озунун жашына отто чон корунот
11.02.2015. 12:05
 Kamila88
Динара эженин уну жагымдуу Малика кызынын да унун апасыныкындай экен.
27.03.2015. 22:28
 snikers.777
Суунун ичинде ырдабай элекойбоптурда..а так баары жакшы
21.12.2015. 12:40
 gulbar
мага клиптеги бала жакты
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: