АГК тобу "Жашоо керемет"
Жанр:Поп
00:03:17
43,31 Мб
Жүктөлгөн: 08-10-2014


Сөзү:Алишер Тоотаевдики
Обону:Алишер Тоотаевдики

Жашоо деген, чиркин, кандай керемет!
Амандыктан бизге башка не керек?
Ачык асман, тынчтык болуп турганы,
Билсең ошол Жараткандан чоң белек.

Кайырма:
Түркүн түрдүү укмуштары курчаган,
Биз жашаган дүйнө өзү жомоктой.
Сый бололу бирибизге бирибиз,
Адам деген асылдыкты жоготпой.

Жакшылыкка жар бололу кошулуп,
Болбогонго кейибейли өкүнүп.
Дүйнөбүздүн бейпилдигин сурайлы,
Жараткандан кайра-кайра өтүнүп.

Кайырма:

Жаз бололу жан дүйнөбүз жанданып,
Жадырашып, жашообузга шаңданып.
Жаркын дүйнө ажайып кооз жаралган,
Табиятка суктаналы таңданып.

Кайырма:
  • Currently 4.08/5
(25 добуш)

Комментарийлер (86)

10.10.2014. 18:38
 Anisaydan
Позитивдүү жакшы клип болуптур
10.10.2014. 20:44
 Biinura
Ынтымагынар бекем болсун. Дарбыз жегени мага жакты. Озунчо культур-мультур болбой кадимкидей кыргызча жешкен.
10.10.2014. 23:21
 Letty
Бул айымдарга суктанам!Кыз-Бурактын кыздарынын дарегине убагында ыплас оздор коп айтылчу эле.Ошого карабай булар ийгиликтуу турмушка чыгышып, бактылуу айымдар!Ар биринин озунчо жылдызы бар.Идеалдуу адамдын озу жок го. Эн башкысы бактылуу айымдар! Мына ушул эн чон ийгилик.
11.10.2014. 09:26
 Aipri
Ундору сонун, таланттуу айымдар. Клипте ашыкча боенуп, учоонун коздору окшош болуп калыптыр.
11.10.2014. 13:55
 Aipri
Чынында уну соонун!Бирок, Гулшайыр эже болбосо силер мындай денгээлге жетпейт болчусунар.
12.10.2014. 14:59
 Tipu
Gulnara ejekesi jagasyz da jagasyz!!!! Sizdei Baktyluu bolgum kelet
12.10.2014. 19:48
 benera
Жакшы болуптур клип, ыры дагы. Айжамалдын уну басып турат го экоонукун
13.10.2014. 00:17
 Nurzatka94
койноктору жашына туура келбей калгандайбыы ананда макияж ни то
13.10.2014. 08:48
 Lukrecia
Баарынар боенгонуна тийишип отуптурсунор. Азыр боенбогондо качан бойонот. Жаштпры отуздан ашвп кыркты чамалап калды. Асель Кадырбекова,Малика Дина сыяктуу жапжаш ырчылар он кило боекту чаптанышып чыгып атышпайбы. Азаматсыздар агы жаны ырларды кутобуз. Ийгилик сиздерге!
13.10.2014. 10:03
 admin_media
sultan1406,
Кимдир бирөөнүн өздүгүнө асылып билдирүү жазуудан алыс болуңуз! Эскертүү!
14.10.2014. 13:26
 melkaya
Кыз Буракта жургондо да,азыр деле жаркылдап турушат.Ырчы рахмат айтыш керек бирок туболук айтып продюссерге иштеп бербейт!!!Оздорунун ич ара келишпестиктери бизге такыр эле карангы...Андыктан мурунку жана бугунку солисткаларына ийгилик жана бакыт каалайлы. АГК дан супер концерт кутобуз.
14.10.2014. 19:58
 URTI
эн жакшы клипп болгон
Алга АГК!!!!!
15.10.2014. 04:17
 Gul.08
Во аябай кутком учоо бирге качан ырдап чыгат Экен деп...сонун
15.10.2014. 14:04
 aytunuk
Негизи Кенже Гулнара Айжамалдар убагында кыз бурактын коркун ачкан формалары да озгочо болчу азыркы кыз бурагын да ошондой форма кийсе жудобой
15.10.2014. 14:30
 Miya
Аябай эле Кенже ХХХ болуп алганго. Айжамалдан башкасы жаштары отуп калганын билишпейтко булар. Уяттары жок экен. Аларды кыз-буракка кул болсун деппи, жакпаса убагында кетпейби. Кийин жамандабай. Жыргап эле ырдап журдуго. Эми кантет после пожара! Модератор admin_media түзөттү 15.10.2014 15:23
15.10.2014 15:24
admin_media
Miya,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
15.10.2014. 14:54
 abdymuhtar
хахаха косметиканы биринчи коргон адамдай жаман боёнушуптур го эжелер
15.10.2014. 16:50
 ebe
Ыр супер клип катардагы клиптердин бири
15.10.2014. 18:32
 MINURA-93
клип сонун болуптур,Кенже эже аябай толуп кетиптирго
17.10.2014. 13:28
 asil-08
колу менен дарбыз жесе эмне болуптур жакшы эле чыныгы жошоону тартышыптыр баары норма
30.10.2014. 00:29
 baby
браво клип сууууупер алга АГК
02.11.2014. 21:14
 mersedes2013
жакшы эле бирок койноктор анча жарашпай калыптыр.Анан Кенже менен Гулнара бир аз арыктабаса болчудай эмес.Спорт залга срочно Кыздааар
13.11.2014. 20:38
 zolotoiolen
ОООО Суппер соонун ырчылар,ундору да укмуш,Айжамалдан башкасына макияж через чур ашыкча,убагында КЫЗ БУРАКТЫ титреткен ушулар эле, мен бул айымдарды сыйлайм,учоо кеткенден кийин мага Кыз Бурактын ырлары тузсуз болуп сезилген. эми кайра биригип ТОП болуп чыкканына мен ото суйундум.
18.11.2014. 11:39
 admin_media
Looks,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.11.2014. 14:18
 Leili
бууулар Анжелика турашыптыр башка идеянар жок беле
03.02.2015. 00:54
 aman94el
азаматсынар кыздарики сиздер чыныгы суперсинер ушинтип ырдап турсанар орустардын Виаграсы 0 да чыгармачылык ийгилик!!!!!
25.02.2015. 11:02
 aman86
кызык элесинер атайын кол менен дарбызды жеген да. бул клипте жасалма эч нерсе жок экен соонун клип
04.03.2015. 02:07
 aman94el
АГК алга учоонун тен ундоруно соз жок жарат го чиркин АЙЖАМАЛ эже ото озгочо!! клип супер+5
07.04.2015. 03:54
 Nur92
Катардагы эле клип,бир коргонго болот.
12.06.2016. 10:01
 peri05
Ото эле жонокой кийиништи негизи эле билишбейт,макияж вообще начар
09.03.2017. 20:01
 timaika9195
Тооба форумчулар эмес сынчылар болуп алыпсынар гоо. Макияжы,ыры,клиби баары соонун. Силердин козунор озу жакшы нерсени коробу? Сындагандын да чеги болот,жакшы нерсени жакшы десенер бир нерсе болосунарбы тооба.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: