Бегиш, Самат Дөөлөтбаков "Махабат"
Жанр:Поп
00:03:35
49,94 Мб
Жүктөлгөн: 29-10-2014


Сөзү:Акбар Сүйүмбаевдики
Обону:Назгүл Токтакунованыкы

Бул эки жүрөк махабаты,
Бул сырлар алар жүргөн катып,
Кайталап улам, сактап жүрөгүндө атын.
Ойлоп түнү бою уктабастан ойго жатып.

Күн өтүп бүгүн калдым кезигип,
Чырайың баштагыдай сезилип.
Жанга жагымдуу, айтам арзуумду,
Жылмаюуң, күлгөнүң, сүйкүм жүргөнүң.
Өзгөрбөй татынасың дагы эле,
Өткөн күн болгонсуду жаңы эле.
Жанга жагымдуу, айтам арзуумду,
Жылмаюуң, күлгөнүң, сүйкүм жүргөнүң.

Кайырма:
Сенде махабат, өчпөдү менде махабат,
Тартылам сага жүрөктөн сүйүү арнап, сүйүү арнап.

Сага арнап карабадым башканы,
Жалгыз сен жүрөгүмдүн тапканы.
Кара көздөрүң, жылуу сөздөрүң,
Каратып, саматып кооздоп күлгөнүң.
Алдабайм, ишенип кой сезимге,
Жагасың, сени бербейм эч кимге.
Кара көздөрүң, жылуу сөздөрүң,
Каратып, саматып кооздоп күлгөнүң.

Кайырма:

Бир сен бар болуп, мен сага зар болуп,
Экөөбүз бирге болгон кезде бул дүйнө тар болуп.
Эгиз жүрөк сенде жүрөт, алыс болсоң калам жүдөп,
Бир өзүңсүз өтпөйт мүнөт, табылбас го сендей түгөй.
Ойнобоймун оюнду, түшүн менин оюмду,
Менин бактым сенсиң, калган күмөндөр жоюлду.
Жалгыз өзүң керексиң, бир сүзөлү сүйүү кемесин,
Жараткандан белексиң, балдарымдын болчу энеси!

Кайырма:
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (31)

29.10.2014. 17:48
 snejinka
Бир тасманын артынан 10 ырчы клиптүү болуптур го.
29.10.2014. 18:15
 Адам
Бегиш азамат! Саматка бир нерсе деш кыйын.
29.10.2014. 19:14
 Samat.A.A
Ырчылар эми үйрөнүпсүңөр, эчак эле ушундай кылыш керек эле)))) бир кино артынан сегизтаң клиптү болуп каласыңар, урмат мн мирбекеда айткыла тартып чыксын саундтрек кылып, бир тажайлы хе хе)))
29.10.2014. 22:19
 isaasa
Итинен битине чейин обон чыгарышып эле ырчы болуп кеттиго.
29.10.2014. 22:34
 Lenovo.A325
азаматсын Бегиш чыгармачылык ийгилик...
30.10.2014. 09:38
 Nyr4ik
Хахаааа супердин комментариелерин окуусам конулум ачылат))))))))
30.10.2014. 10:26
 admin_media
albin,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатканын кененирээк купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат!
30.10.2014. 11:04
 aisuluu_8
Азаматсынар просто супер!!!
30.10.2014. 12:53
 Akylbekova_96
Admin teksttin jazyp koigula4y
30.10.2014. 14:19
 Meerim-777
Мен ойлопмун кайрымасын Анжелика ырдайт экен деп)))))
30.10.2014 16:12
raxelya
Meerim-777, окуп алып аябай кулдум )))
31.10.2014 09:19
Aipri
Meerim-777, таппаганыр жок ээ))))
30.10.2014. 15:09
 mi-li-na
Ырды угуп буткучо адамдын мээсинин эки шариги эки жакты карап айланып калгыдай го, уялбай кантип ырдай беришет ушундай ырларды, тушунсом буюрбасын.Бироонун жинине тийгинкелсе ушул ырды коюп коюш керек экен)))Саматтын кээ бир ырлары жакшы эле бирок бул жолкусу окшобоптур, жарабайт.
31.10.2014. 14:35
 Guli.K.E.
Жакшы!!! мага жакты)
31.10.2014. 20:21
 melek1
misaly maga jakty.molodecc!!!
01.11.2014. 14:27
 Bella-life
Кыска метраждуу кинолордон уже тошнит болуп баштады.
Эмне кылаарларын билбей калышканбы?!
Кругтарын чогулта калып эле тарта калышып, көрсөтө калышып кино дегендин барк баасын кетиришип.
02.11.2014. 04:14
 Ganibal87
Абдан жакшы заманбап клип болуптур молодцы!! Respects Begish
02.11.2014. 20:22
 mersedes2013
бул эмне деген кинонун саундтреги
03.11.2014. 11:31
 Bek94
Мага бир гана Бегиш жагат ырдаганын уксам кадимкидей эс ала тушом, саматтын ырдаганы жакпады ийгилик Бегиш.
03.11.2014. 14:39
 JaliwoodKG
Башым ай башым башым башым оруп кетти жаным башым деген ырго
05.11.2014. 18:27
 Bektandil
Ырдын текисин жазып койгулачы?
07.11.2014. 22:31
 skanya87
Мага башында укканда жаккан эмес кийин радиодон кечке уга берип жагып калды
07.11.2014. 22:37
 skanya87
Мен кайырмасын назгул токтокунова ырдайт экен деп журупмун :-) радиодон самат бегиш десе не назгулду кошпойт ди джей деп коем хаха клипти корсом эле самат д озу тытып жатат боорум ай боорум
10.11.2014 01:30
Meerim-777
skanya87, мен Анжелика ырдайт экен деп жургом
09.11.2014. 23:14
 Ulashkin1717
адмиин журогум сыгылып суйууго тыгылып деген тексти бар ырды айтып койгулааачы
10.11.2014 15:29
admin_media
Ulashkin1717,
Саламатсызбы! Аткаруучуну же ырдын атын жазып койсоңуз издөөгө ыңгайлуу болмок. Тилекке каршы азырынча билбейбиз.
25.11.2014. 01:29
 Ilays
Бегиш азаматсын
26.11.2014. 01:01
 Aidaika92
Бегиш мальчик а вот Самки это типа Иракли да :-)
26.11.2014. 01:02
 Aidaika92
Бегиш малочик а-вот Самат типа Иракли да
10.12.2014. 14:23
 Bek94
Бегиш супер.
21.12.2014. 06:52
 anila
Мага жакты))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: