Замир Арыкбаев "Мөлтүрөгөн"
Жанр:Поп
00:03:41
46,39 Мб
Жүктөлгөн: 26-11-2014


Эркелесең кулпуруп өзгөчөмсүң,
Элигиндей талаанын
Аруулардын кечеги данегисиң,
Ай үстүндө маралым.
Адамзаттын ажарлуу көркөмүсүң,
Күндөй ачык кабагың,
Көңүлдөгү сезимдей эрке кушуп,
Сагынычтын шамалы.

Кайырма:
Мөлтүрөгөн, мөлтүрөгөн
Мөлтүрөгөн жанарың...

Санаа-ойдун сезимдин чертимисиң,
Оттой неге жанамын.
Жүрөгүмдө жаралган махабатым,
Жоодураган каралдым.
Кербен сулуу чырайлуу келбетиңе,
Көзүмдү албай карадым.
Өз теңимди таба албай жер бетинен,
Бакытыма бааладым.

Кайырма:

Сызып учкан ак куудай көл бетинен,
Аппак экен тамагың.
Жадыратар жолумду, өмүрүмдү
Үлбүрөгөн жамалың
Сендей сулуу жок десем сен сезбейсиң,
Барбы менин амалым
Бул өмүргө келгендей жакшы ыр үчүн
Мөлтүрөгөн жанарым.
  • Currently 3.75/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

26.11.2014. 16:21
 leha
Жанында ырдаганы ким?
26.11.2014 16:41
GROM
leha, Бул ыр Мирбек Масалиев менен биргеликте аткарылга dep turat okshoyt, ichcinde titr turat
26.11.2014. 17:35
 kaniet3355
эптеп септеп эле
26.11.2014. 17:38
 madinachka
ыр да клип да жакпады начар,ушул кетирген акчаны кайрымдууулук кылсанар пайдалуурак болмок
26.11.2014. 17:50
 GROM
ар бир нерсенин озунун ччеги болот да кайрымдуулук деп эле мааниятты унутта калтырып, озубуз оспой кала берсек болбойтго. кайрымдуулукту байлар, жк да отургандар кылсын да, булар биз учун аракет кылып жатпайбы .
Азаматсынар, алар десе которуп жатат, сонун ыр экен. голосунар жакты
26.11.2014. 18:39
 AMAH-2
Мисалы мага жакты ыр.Жакшы эле ырдаган.Ырдын тексти да жакшы жазылыптыр
26.11.2014. 18:41
 aigul66
мага да жакпады.клип начар тартылыптыр
26.11.2014. 20:12
 sveet
sonun ele boluptur, kee birolorgo karaganda. kazaktyn yryn yrdasa emne boluptur, alar dele bizdikin uurdap yrdap atishpaiby.
26.11.2014. 23:32
 olga56
экоонун уну бири бирине дал келбептир
26.11.2014. 23:55
 Aigul-aigul
Сопсонун эле ырдаган клип да сонун! Азаматсынар!!!казактын ыры дейсинер казактар деле кыргыздын ырларын ырдап жатышпайбы?качан болсо кемтик таап эле турасынар бул ыргада канча меенет кетирип тартыштыда кичине болсода колдогонду уйронгулочу Кыргызым!!!
27.11.2014 11:35
Aijash90
Aigul-aigul, Даяр ырга канча мээнети кетмек эле,клипине эле каражат кетпесе эле а так,,,
27.11.2014. 03:14
 Qnet
Азаматсынар,Таттыбубу Турсунбаева эжекебиздин элесин чагылдырганынар учун ото ыраазымын! Мындай кыргыздын чыгаан инсандарын унутпашыбыз керек,анткени ар мамлекет озунун тарыхы,маданияты, искусствосу,тили менен оз алдынча олко болуп саналат. Алдыга кетиш учун,артты бир кылчайып карап койуш керек...
27.11.2014. 09:09
 Aydan
Эмнеге казактын которуп анан кыргыздын атактуу адамын коюп клип тартасынар? Жок деген Замир байке кечке ошо суротту карп отурсаныз деле ыр чыкмак менимче...Таттыбубуго арнап текст, обон жазып берчу кыргызда бир дагы таланттуу адам жокпу? А так жакшы ырдашкан, клип дагы жакшы, ийгилик!
27.11.2014. 16:18
 dolotbek
мага клип жакпады качества начар
27.11.2014. 20:46
 azamat85
МузАРТ тобунун ырын ырдап алыпсынарго, башка бироонун ырын ырдаганда же андан ашырып ырдаш керек же ырдабай койгон жакшы... ундору да туура келбей бул ырга
27.11.2014. 20:49
 Begai.93
сууупер
27.11.2014. 20:56
 BubleGum
jakwy
28.11.2014. 05:03
 timurbek34
мага да клип жакпады
28.11.2014. 11:50
 Jiza
Zamir bayke maga jagat, adamkerchiliktuu abdan..yry da? klipi da sonun boluptur!!
28.11.2014. 17:15
 kaiurka
жакшы болуптур клип
28.11.2014. 19:11
 ZVEZDA01
Супер ыр да клип да.Супер инфо акыркы убакта экран менен бир кылып логотипинерди койуп койуп жатасынар киного да,клипке да элдин баары билет силердин сайтынардан коруп,кочуруп жатканын менимче устундогу эле логотип жетиштууго деп ойлойм чон лог алып койсонуздар болобу клипти бузуп койот экен.Эгер мумкун болсо.
29.11.2014. 13:19
 ZANIA-92
А мага Замир Арыкбаевдин коздору жагатда .
29.11.2014. 19:40
 adilet_saikal
эх, кандай сулуу аял! Кыргыздын жузу десе да болот.
30.11.2014. 15:00
 sabyr86
Азаматсыңар!
01.12.2014. 01:14
 umka87
Таттыбубу эжекебизде чанда кезикчуу сулуулук.акуунун дал озу ,эрте дуйнодон кеткени окунучтуу дагы канча кыргыздын маданиятына салым кошмок!!!
01.12.2014. 23:29
 NurlanS-89
Ийгилик Замир брат жакшы ырларды дагыды ырдай бер!
05.12.2014. 16:52
 Akma
Сонун болуптур, клип учун рахмат!
08.12.2014. 10:40
 ABAkg86
Эхх, кам сүт эмген пенделер! Дагы канча убак бирөөдөн кемтик издейбиз? Деги качан бир бирибизди колдойбуз. Ушинтип турсак кыргыз оңолобу. Клиптеги идея максаттуу чагылдырылган. Мен баалайм. Себеби ал жерде Таттыбүбү ... .
09.12.2014. 22:23
 Meliana
Аябай сонун клип.
18.12.2014. 10:50
 amanatym
аракети бар бирок уну жок.
18.12.2014. 18:46
 KyrkyzKa
Ырдын создору атыйын Таттыбубу эжебизге арналып жазылгандай, Замир байке сизге ырахмат ушинтип ырдап чыкканынынызга , сизге дагы ушундай ой келсе керек бул ырды биринчи укканда. А коро албастар суйлой берсин ит уро берет, араба журо берет деп коет го. Силер керек болсо казактардан жакшы ырдаптырсынар.Онорунор оркундой берсин , ишинерге ийгилик.
27.03.2015. 11:42
 rodrigez
Клип менн ырды ХХХХ ХХХХ ....эн мыкты ыр жана сонун клип. Жакпаса завидуйте молча ХХХ ХХХ ХХХМодератор admin_superstan түзөттү 2015-03-27 11:57:11
27.03.2015 11:58
admin_superstan
rodrigez, ар бир колдонуучу эрежеден чыкпай өз оюн жазууга укуктуу! Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуп, жеке билдирүүнүн купуя менен жазыңыз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: