Арсен, Бегиш "Кыш"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:00
37,89 Мб
Жүктөлгөн: 05-01-2015


Бир аз эшик суук, бирок жүрөктө жылуу,
Турамын кар үстүндө мен музыка угуп.
Элдерди карасам баары шашылат,
Карысы да жашы да жана тайгаланган машина.
Бул кыш мезгил Африкада күтпөгөн,
Жылмаюну алыстатып кабактарды бүркөгөн.
Карапайым калкты кыйнап убараны жүктөгөн,
Музга айлантып айлананы көрүнгөнсүйт бүтпөгөн.
Аны көзгө алба, бул да кайгыга салбайт,
Ишембиге даярданып досторуң менен камдан.
Салтка калган көнүгүү, лыжа менен өнүгүү,
Аппак болуп жердин бети кыштын сыйкыр бөлүгү.
Эгер кар көп жааса, өзүң жалгыз калсаң,токтогонсуйт өмүрүң...
Жылытсын музыкам жанды, жүгүртүп тамырдан канды.
Чыдап кой сен бир аз калды, жаз да келет көрүнүп.

Кайырма:
Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн,
Жарык жүктөгөн элиме,
Ар бир үйгө кут толуп,
Жаңыласын бүт толук жериме.

Көлдүн үстү көк муз жылгаяк,
Азыр бештин айы, жыл аяк.
Жаңы жыл, элим кайра жылмаят,
Ар бир үйдө таттуу мандарин, ыр майрам.
Көлдүн үстү көк муз жылгаяк,
Азыр бештин айы, жыл аяк.
Мени карап кыргыз аяз кызы жылмаят,
Сулуулугун көтөрө албай менин буттарым таят.
"Жаңы жылдык белектер жылуулукту берет" деп,
"Аяз ата баш багып, унутпастан келет" деп.
Күтөм мен, күтөт бүт дүйнө, күтөт президент,
Күтөт ар бир үй бүлө, кубанычка кезигет.
Кыштын бою меникиндей кыска болсун,
Бирок кыш да өзгөлөнүп кызык досум.
Үшүп калба жылуу кийин көңүлүңдү түшүрбө,
Чыдап кой сен, бир аз калды кыш да өтөт сызып досум.

Кайырма:
Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн,
Жарык жүктөгөн элиме,
Ар бир үйгө кут толуп,
Жаңылансын бүт толук жеримде.
  • Currently 3.50/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (12)

06.01.2015. 01:37
 elnaz
Ооооо сонун ишинерге ийгилик кирип келген,жаны жылынар менен
06.01.2015. 08:01
 solnyshko.97
Сонун сонун ийгилик балдар'''''
06.01.2015. 09:25
 MaRmeLaDka
Жеңиштин кино жаатында да таланты ачылып жатканына кубанычтамын. Азмат жигит. Инсан катары да сыйлайм! Саундтрек боюнча, аранжировкасы сонун чыгыптыр, бирок тексти чабал. Мандарин-сандарини жок эле тексттин үстүнөн жакшылап иштеп койсоңор болмок экен. Тасмага кызыгып калдым, барып көрүш керек эми)).
06.01.2015. 11:14
 Arti
Көлдүн үстү көк муз, жылгаяк
Азыр Бештин айы жыл аяк
Мени карап кыргы Аяз кызы жылмаят
Сулуулугуң көтөрө албай менин буттарым таят)))
06.01.2015. 12:45
 suiuktuujar
Саунтрек жакты ырдын создору саал....
06.01.2015. 17:15
 Elvira Karaeva
Текст жылмайтты. Позитив! Драйв! Кайф! :)
Саундтрек тасманы көрүүгө жакшы чакырык болуптур.
07.01.2015. 01:07
 ernis11998866
капа болбогулаго бирок мага жакпады
07.01.2015. 12:00
 nusu95
Тамашоучулар ушинтип эле жылдыз болуп кетет экен да ээ))
07.01.2015. 20:06
 ZarinaSM
Фильм вышел шикарным!радует что наши начали снимать хорошие фильмы и довольно отличным качеством!Кстати друзья всем советую посмотреть!Не пожалеете!А на счет клипа...Ну Бегиш и Баястан в своем репертуаре "качают",а Арсен байке нет слов молодец!голос шикарный!вполне получился гармоничный клип и снимали его как я заметила в Live bare! ну что сказать ..Браво!!!
10.01.2015. 02:44
 jumalieva
жакшы!эн негизкиси жакты мага!
19.01.2015. 21:52
 mirgul8186
сонун кино экен баарынар коруп келгиле кулоберип ичинер ооруп калат экен ))))
02.02.2015. 21:26
 kammilla
Создору....мммм таарынбагыла ээ..таптакыр маанисиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: