Кумар Асанов "Кыргызстан"
Жанр:Поп
00:04:16
68,33 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2010


Сөзү:Акылбек Айтиевдики
Обону:Акылбек Айтиевдики

Кыргызстан - тоолордун мекени,
Тунук суулар, токойлор, кендери.
Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.

Көк асманды тиреген тоолорум,
Ак булутту жандаган зоолорум.
Жаратканым сулуулук бериптир,
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.

Кайырма:
Кыргызстан - ыйык мекен,
Кыргызстан, койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп!

Ата журтум, Ала-Тоом, мекеним,
Коргойбуз биз сактайбыз өзүңдү.
Күн нуруна бөлөнүп жергебиз,
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз.

Ала-Тообуз элимдин тиреги,
Көк асманга желбирейт желеги.
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз,
Бабалардын салтын биз барктайбыз.
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (39)

22.06.2010. 11:08
 AIZAJANKA
Ырды укканда патриоттук сезим ойгонот экен. Журогум ойуп турат. Жаштын тилегин берет дейт, Алладан тилеймин, кыргыз эли аман болсун, кан тогуулор эч болбосун, токчулук, молчулук болсун. бутубуздан туруп, алдынкы катардагы мамлекеттерден бололук.
22.06.2010. 21:02
 Altinbek
сонун ыр! патриоттук сезимдерди ойготот экен.
23.06.2010. 00:11
 лунка
сонунда уккан сайын кыргызстанды суйуп кетем...
23.06.2010. 01:49
 aziattita
ыйык мекен кыргызстан бул биздин жерибиз Аллах береген. азаматсынар ушуга окшош ырларды коп жазып коп ырдагыла
26.06.2010. 07:41
 zvezda
bul yrdy kochurup alganga kantip bolot?kundo koiup ukkum kelipatat,tuugandar.super!
27.06.2010. 16:29
 vaykin
жакшы ыр жакшы клип. баары ойдогудай.Келечекке умуттун шооласын чачыраткан чыгарма
27.06.2010. 20:08
 andormeda
Ушул ырдыуккан сайын Кыргыз болуп, Кыргыз жергесин мекендеп жургонумо сыймыктанам!!! Кумар АЗАТСЫН мыкты ыр, авторлорго таазим!!!
01.07.2010. 10:29
 MaRmeLaDka
Кумар - красава! Үнү сонун да ушул баланын.Клиби да патриоттук духту көтөрчүдөй маанайда! Малдес!)))Модератор түзөттү 01.07.2010 04:30
03.07.2010. 17:10
 nukurakurguz
КУМАР АЗАМАТСЫН БАРАКЕЛДЕ!!!НАКТА ПАТРИОТИЗИМДИ ЖОГОРУ КОТОРГОН ЫР!!!
04.07.2010. 06:44
 Arstan
Азаматсын Кумар,аябай сонун ырда,келиштирип ырдапсын,айрыкча алыыста жургондо коруп,угуле бере турган ыр, Кудайым берген бейиштуу Кыргызстаным аман болсун,Кыргыз элим тынч болсун,Кыргызстаныбызды гулдотуп патриот болуп журо берели.
13.07.2010. 10:18
 Bolo
Чыныгы патриоттук сезимдерди ойготчу ыр! Кызыгы, бул ырды Кумар Асанов канча жыл мурда ырдап чыкты экен. Бул ыр Ала-Тоо аянтында 2-3 жыл мурда оппозициянын митингдеринде аябай жанырып турду эле. Азыркы убакта кун сайын радиодон тынбай берип турушса болмок.
26.07.2010. 22:34
 bagdat
Кумардын ушул ырын келечекте озбектин (САРТТЫН) балдарын ар бирин бакчадан баштап аскерге чейин ырдаттырыш керек, мен ойлойм аларга да бул ыр жагат деп, 1990 жылдарда сарттар маркум Чубак Сатаевдин арман деген ырын, орман, орман орманай деп ырдаганын угуп журобуз
28.07.2010. 13:03
 Bad boy
bul chilishti mne koshtunar deim da.Модератор түзөттү 25.08.2010 12:30
04.08.2010. 02:20
 Izana
Bad boy, Chyh ele bad ekensin. Sopsonun ele yr. Balanyn kebetesin synabai yryna konul burbaisynby? Ushul ozun gei okshoisun?
25.08.2010. 11:51
 aspirinupsa
Bad boy, Мындай ырларды эртен менен, жатаарда угуп журуш керек! ОШто коюш керекушу ырды. Радиолор попса койбой ушундайларды угуздурса болотко!Модератор түзөттү 25.08.2010 12:26
25.08.2010. 18:28
 info
Bad boy, aspirinupsa, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга болбойт! Сиздерге эскертүү! Модератор түзөттү 25.08.2010 12:31
29.08.2010. 05:17
 Chippolino
"Kyrgyzstanym-maga kymbat asyl barby?
Ata Jurtum,kyrgyz elim sende kaldy.
Bul jashoodo jurogumdo chon ordu bar,
Ata-enem,bir tuuganym sende kaldy..."S.A.Deutschland.
Kumar,azamatsyn!!!RAHMAT!!!
03.09.2010. 17:18
 Bad boy
aspirinupsa,aspirinupsa, joo iri normale, ozu besit da prosto maga dele echnerse kilgan jok birok nege bilbeim
10.09.2010. 01:09
 Алишер
эх бул клипти коруп студенттик кундор эске тушту го. Себеби Кумар Консерваториянын жатаканасында биз менен чогуу турчу(2005-2006). Анын инисин аты Руфат, ал кээде келип турчу. Кыргызстанды сагындым , буйруса барып калам .
26.09.2010. 16:45
 Dinara
Ushul yrdy daiyma tolkundanuu menen ugam,azamatsyn Kumar,taamai jetkire yrdagansyn...Iygilik saga.
13.11.2010. 18:02
 LiverPool
jakji
02.12.2010. 01:45
 lolopiped
azamat, 4indiginda abdan jak6i ir, patriottuk sezimdi oygotot, men bul irdi 2006 jildan beriizdep jurgom.rahmat!
05.12.2010. 11:46
 Нургуль
Менин эң жакшы коргон ырым. Алла ыраазы болсун!Модератор info түзөттү 05.12.2010 07:04
09.12.2010. 21:34
 islamidin
маладцы
08.01.2011. 23:25
 umka
Соз менен айталбайсын!!!! АЗАМАТ
25.01.2011. 16:42
 mirlan81
Молодец Кумар дагы бир ушундай ырлардан ырдап чыкпайсыңбы? Сураныч
19.04.2011. 12:31
 Mikolas
Кумар...твое пение коту под хвост. Ты сам хоть служил. Никакого патриотизма. И еще размах рук надо уменьшить. А то ощущение такое, что болеешь.
29.10.2011. 16:16
 beam
Кыргызстан - ыйык мекен!!!
03.02.2012. 03:10
 nurbolot
Кыргызстанды мин бир туркун обонго салып ырдаганга не жетсин....Баали азаматсын))))
30.10.2015. 13:49
 baku07
Оооо азаматсын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: