Гүлжигит Калыков "Дил билет"
Жанр:Поп
00:02:45
52,28 Мб
Жүктөлгөн: 26-03-2015



Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Жокчулук кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет,
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
А, бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет.
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (18)

26.03.2015. 19:05
 elirus
Сонун!
26.03.2015. 20:38
 altynai98
Мен жазгаан катты
Колуна алып
Журоктон сызып
Окуп турасын
Болдучу жаным унуткун мени
Унутчу жаным
Унутпастыка айла жок эми
Журосун эми
Журосун эмииии
Бактылу жашап

Кызыктыы бекен апан акчага
Кызыкты бекен атан байлыка
Сенин бактынды сатып акчага
Ыйлатып сени берди башкага

Болдучу жаным унутам сени
Унутпастыка айла жок эми
Кайрылып келбе алгачкы суйум
Кайрылып келбе
Ошол тундорум

Ушул ырды ким ырдайт билсениздер айтып коесуздарбы???
26.03.2015 22:37
miss2014
altynai98, Бахадыр Каралаев ырдайт болуш керек.
26.03.2015. 22:45
 Qnet
Соооонун ырдаптыр!!!!Азамат!
27.03.2015. 10:34
 aigulya_9025.mail.ru
Сонун ырдаптыр мага аябай жактыы талантыныз оркундой берсин
27.03.2015. 11:41
 Rich_girl
Ииий, суйом го, суйом!
27.03.2015. 17:00
 azizka94
Таланттуу мырза уну да бийик денгээлде бар болуп оркундоп осо берсин мыкты чыгармаларды аткарып
27.03.2015. 17:56
 Ali94
Жакшы чыгыптыр
27.03.2015. 18:20
 Bakenulukbek
Азамат кичине басым жазап ырдаза болмок жакшы клип Тартса болмок
28.03.2015. 06:12
 selfish
Роза Аманова ырдайт эле го достор! Унутуп калуу мумкун эмес.
28.03.2015. 22:07
 sabyr86
Жигиттер жигитке окшош болсо.
31.03.2015. 14:43
 Dinakg
Гулжигит азамат,ийгилик каалайм!
01.04.2015. 02:02
 beauty5
Молодец!ты супер певец!у тебя есть талант!
10.04.2015. 14:15
 Kubat_Aiperi
жакшы жакшы
12.04.2015. 12:28
 oroz1970
унуно береке
03.06.2015. 12:04
 Aisuluu160790
аябай сонун ыр мага жагат
18.08.2015. 21:49
 dastan_nookat
Барыбыз Ата-эненин кадырын билип журолу!
16.11.2015. 00:11
 mym
Жакшы ырдайт,,, уну жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: