Анапия Райымбекова, Дилбар Райымбекова, Лира Райымбекова "Мен - кыргызмын!"
Жанр:Эстрада
00:03:51
48,27 Мб
Жүктөлгөн: 29-07-2015


Мен - кыргызмын, кылыч мизде ойногон,
Кылымдардын улуу жээгин бойлогон.
Өмүр өчүп, кайра тирилик башталат,
Өттү далай кыйын кезең ондогон,
Мен - кыргызмын!

Кайырма:
Комузун чертип сайраткан,
Жоргосун токуп камдаткан.
Кыздары да кымыз сунушуп,
Бешбармагын, даамын жайнаткан,
Ээ, эй, мен - кыргызмын!

Мен - кыргызмын, барган тоосу калбаган,
Азаттык деп азап туусун кармаган.
Кыз Сайкалдар кыргын жолун торосо,
Айчүрөктөр күлазыгын камдаган,
Мен - кыргызмын!

Беттеген оюн бербеген,
Береке да, куту эл менен.
Кыздары да назик, чырайлуу,
Пейили да кенен көл белең,
Ээ, эй, мен - кыргызмын!

Мен - кыргызмын, тулпар минип ойногон,
Мекен сүйүп, мекен камын ойлогон.
Кереметтүү, кең пейилдүү элимдин,
Келечегин ойлоп күндө толгоном.
Мен - кыргызмын!

Бапырап түрлүү мал болсун,
Байлыгың ашып, бар болсуң.
Кыйырың өссүн, кыргызым, ай,
Кудайым сага жар болсун,
Ээ, эй, мен - кыргызмын!

Мен - кыргызмын, дүйнө эли тааныган,
Медер туткан мекеним бар таанымал.
Кан Манастын урпактары бар болсун,
Кагылайын калың кыргыз калкыман,
Мен - кыргызмын!
Кайырма:
  • Currently 2.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (5)

29.07.2015. 23:46
 kindly_girl91
ийгилик баарыныздарга
31.07.2015. 01:18
 Zom
Соонун ыр экен соз жок
04.08.2015. 19:28
 jentlmen.98
yr sonun klipke soz jok
14.08.2015. 18:38
 erikkarakulja
Гимн болотурган ыр экен
17.02.2016. 22:26
 Gulsarat
Кандай сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: