Гүлнара Калдарова "Күткүм келет"
Жанр:Поп
00:03:12
48,34 Мб
Жүктөлгөн: 14-08-2015


Өзүңдү өмүр бою күткүм келет,
Ыр болуп жан дүйнөмө бүткүм келет.
Жашоодо жарык күнүм бардыгына,
Кубанып бул дүйнөдөн өткүм келет.

Багдырап сен тарапка баргым келет.
Багынтып жүрөгүңдү алгым келет.
Айтпаган эч бир жанга сырларымды,
Ардагым жалгыз сага ачкым келет.

Бакытка өзүң менен толгум келет,
Куш болуп гүл багыңа конгум келет
Ыр болуп, күүгө салып жүрөк кылын,
Түбөлүк өзүң менен болгум келет.
Түбөлүк өзүң менен калгым келет.
  • Currently 4.67/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (26)

15.08.2015. 01:49
 Kulpunai95
Соонун клип болуптур го Гулнара эжеден маек алыныздарчы, сахнадан корунбой кетти го.
15.08.2015. 06:53
 BebeU
Tatynakai bolup ketiptir,baary jakty :-) Jezdenin jakshy adam ekeni,ejenin juzunon korunup turgandai,uibuloluk bakyt kaalaim!Turmushka uzatyp atyp Tash-Komurdo el menen,men dagy bata bergen elem :-)Kyz-Buraktyn koncertinde DK nyn aldynda,otkon kechede
15.08.2015. 07:18
 dastan_nookat
Эн жакшы !
15.08.2015. 11:27
 nem
эн эн сооонун аябай жакшы коромда Гулнара эжени бийлегени кулгону ervei жагат сизге ийгилик
15.08.2015. 15:48
 sabyr86
Воо клип сонун болуптур,көңүл көтөрүлөт жөн эле.
15.08.2015. 18:40
 ailam14
Сонун чыгыптыр
15.08.2015. 21:13
 gaipova.mairamgul
тоодо клип тартмай моода болуп кетти го дейм ырчыларга
15.08.2015. 21:28
 baby
Азаматсыз эжекебай.... Просто нет слов. Творческих успехов Вам. мы Вас просто обожаем. поражаюсь Вашей молодости. Качанкы Гульнара Калдаровасыз,дале Жап жаш бойдон коз тийбесин ылайым...Суук коздон, суук создон алла таалам озу сактасын.сыйлайбыз сизди!!!!
15.08.2015. 21:29
 baby
Жаны ырларды жаны клиптерди кутобуз.Сагынтырбаныз...
16.08.2015. 00:55
 Nur0701
мага жакты, кыз татынакай экен
16.08.2015. 01:29
 kymaw
Сонун.чыгармачылык ийгилик эжеке
16.08.2015. 03:00
 Elusha88
Эжекебиз дале жаш бойдон.Клип маанайды которотго, жаратылыштын кооздугуна соз жок!+55555 Сагындырбай бат-баттан чыгып турунуз.
16.08.2015. 07:20
 jazgul80
Эжебиз жаш бойдон. таланттуу ырчы экени билинип клип бут жагынан ырдан созунон музыка баардык жагы беш. Азаматсыз. Уй булоолук бакыт. Коптогон чыгармачылык ийгилик каалаймын эже сизге. Бекем ден соолук.
16.08.2015. 07:34
 KYRGYZJERI
Гулнара эженин коздорунон жарык чачырап туратко.
Бул эжелердин жылдызы эч качан очпойт, толук ишенем.
16.08.2015. 11:21
 anar-87
Ыр жакты .мага баардык ырлары уну менен жагат, ийгилик
16.08.2015. 15:27
 domi
Клип суупер. Карета да соонун экен. Гулнара жашарып сонун болуп кетиптир. Чыгармачылык ийгилик сизге. Клипти кайра кайра корсом да тойбой жатам. Аябай соонун тартылыптыр. 55555 соз жок
17.08.2015. 04:31
 Erniet
Гулнара эже сиздин чыгармачылыгынызды терең сыйлайм. Бул ырыңызды мурдатан суйуп укчумун клиби да аябай жакты. " Сындырбачы назарымды" деген ырынызды кайрадан сонун аранжировка менен жаздырып ырдап чыкпайсызбы сизден сураныч
18.08.2015. 18:14
 karona
Апеей, иштен чарчап, курсагы ачып келсе тамак жок эле фрукты менен тосуп алабы? Шору бар бироо экен да. А так Гульнара эжебизге соз жок! Ар дайым жадырап жайнап талантынызды элге тартуулап журо бериниз!
04.10.2015 12:16
suyom_seni
karona,УУФФФ эми силерге тамактарынан бери чай майы бааарын корсотуш кекепи!! Кино эмес клип бул!!!
18.08.2015. 22:39
 Bella1
Ыр соонун клип бир аз жакшы эмес.Бир эле нерсе кайталанып кызыксызыраак бүтүп калган.
18.08.2015. 22:43
 CHINKA
аябай жакты сиезд акеге ийгилик клипти тарткан
25.08.2015. 20:48
 brunette
Соонун
30.08.2015. 13:43
 munar.toktoshov
Мага жакты ийгилик эжеке сизге!
02.09.2015. 09:43
 abdykadyrova
Сонун клип! Гулнара Эже талантынызга таазим.
28.09.2015. 21:53
 saparali96
Мастер класс жаратканго эжекем
04.10.2015. 12:17
 suyom_seni
Соооооооонун баары!!))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: