Акмарал Жоробаева "Сапарлашыма"
Жанр:Эстрада
00:03:24
33,93 Мб
Жүктөлгөн: 09-09-2015


Сөзү:К. Абыловдуку
Обону:К. Абыловдуку

Бирге учуп, бирге отуруп жанашып,
Биз тааныштык сын көз менен карашып.
Сапарлашым, сага арнап ыр окуйм,
Самолётто сапар тартып баратып.

Кайырма:
Ар убактта шыдыр болсун жолуңуз,
Аткарылсын ар бир максат оюбуз.
Суранамын чын жүрөктөн бул ырды,
Эстеликке кабыл алып коюңуз.

Адам деген бир жаралат өмүрдө,
Ойноп-күлгүн кайгы-муңга чөмүлбө.
Саламат бол, кайда жүрсөң унутпа,
Самолётто сапарлашың жөнүндө.

Кайырма:

Ыр ырдадым баратканда асманда,
Тең берерсиң термелүүңдү жазганга.
Мен бактылуу болор элем эгерде,
Сен жөнүндө оюм ишке ашканда.

Кайырма:
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (13)

09.09.2015. 13:33
 i_am_simple
клип тарткан студия production деп тууру жазса болмок,
09.09.2015. 18:05
 Bostery
Биринчи ырдагандын такыр уну жок экен кичине чоюп ырдаса жакшы болмок
09.09.2015. 23:40
 Gulya21
Мага жагат ушул ыр жакшы ырдашкан
10.09.2015. 00:31
 ailam14
Ууух сагынындымго Кыргыз жерим менин алтын бешигим,жерлерди видеолордон коргондо жузумду ысык жаштар жууйтко ....
11.09.2015. 15:30
 ZHaziko
Клипмейкерлер аткарын балчайтып так ортого жазбай ылдыйкы бурчуна жазса жакшы болмок! мисалы Э Сыдыков сыйлайм бирок ар бир клип дин алдына чыга берип тажатып ийди
11.09.2015. 16:19
 eliza55555
акмарал жоробаева ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ тооба кылдымМодератор admin_media түзөттү 2015-09-11 16:21:20
11.09.2015 16:21
admin_media
eliza55555, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
11.09.2015. 20:15
 Davlethan
Акмарал жонундо айтылып жаткан ушак кебтерди пиар деп билем булда болсо анын популярдуулука жетишип калганы...эмнеси болсода Акмарал Кудайдын астында ак бироонун акысын жебеген и бироонун мышыгын пыш дебеген кыз.
11.09.2015. 20:18
 Davlethan
Ийгилик каалайм, озуна аалы жетпегендер жаза беришет конул болбо, АЛГА АКМАРАЛ.
12.09.2015. 02:19
 moskyrsat
Эн соонун ыр болуптур
14.09.2015. 11:11
 ivanov
Соннун экооно тен соз жок аябай соннун клип болуптур оштун сулуулары ар дайым ийгилик коштосун силерди.
28.10.2015. 13:23
 ayper
Жакшы ырдашыптыр ийгилик
29.02.2016. 14:32
 sanrisa
Кыздар аябай жакшы ырдаган. Болгону гана эмнеге буларды режиссер ашыкча эки жака бастыра берген койкойтуп кийгизип алып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: