Чыңгыз Мырзаев "25 жаш"
Жанр:Поп
00:03:05
47,09 Мб
Жүктөлгөн: 11-11-2008


Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики

Күлүк аттай таптадым качпагын,
Изиң менден жашырып катпагын.
25 жаш сен үйүмдүн коногу,
Кенен отур, саат карап шашпагын.

Кайырма
25, 25 сезим багы бышкан кез,
Сезим гүлдөп сересине чыккан кез.
Ысык кез, оттой кез, темир ийчү чоктой кез,
Тагдыр ташың өйдө кулап турган кез, турган кез.

Убактың тар билем аны мен дагы,
Убайланып сездиң аны сен дагы.
Ар мүнөттү текке өткөрбөй жан курбум,
Сырдашалы, ырдашалы кел дагы.

Кайырма

25 жаш алыстадың, узадың,
Жылтыраткан булагыңа суусадым.
Жылдыздарды жүрсөң керек аралап,
А мен калдым арасында кусанын.

Кайырма
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (39)

17.11.2008. 17:37
 janarbek
мырзаев очин молодес абдан хорошо красавчик кыргызстан обондорун жакшылап алып бар , мени радиодон очень макта , мактабасан туура чынгыз кылам деп Илгиз Базарбаев
18.11.2008. 14:50
 Nike
4yngyz jakpait
20.11.2008. 11:56
 andormeda
Чынгыз байке 25 жашты концертинде жай вариант менен ырдаганы ото жакты, ырдын тексти абдан жакшы жазылган БЕК байкеге рахмат..Ал эми ЧЫНГЫЗ Кыргызстан обондорунун корку да....
20.11.2008. 16:45
 ХАНЗАДА
кайран чыке жакшы ырдаган бирок, поезде эмне кылып журот. мааниси кандай тушунбодум. бир гана 2525 номерлуу чингиз улгудогу машинаны
26.11.2008. 18:03
 Зарема
Бул ыр Чынгызды карытып койот экен!
01.12.2008. 18:43
 passionarXXI
Классический кийинип алып, отуруп алып ырдаганы жаккан жок. Бек менен Сыймыкка караганда Чика азыр жаш да... Анан дагы словами в губы не попадает. Жакканы кыз жакшы тандалган.
03.12.2008. 18:33
 janarbek
ээгин тиштеп алып 25,25 дебей башка бир 25теги адамды чагылдырса болмок экен,Кайран ЧЫКЕ.....
05.12.2008. 22:31
 Сыйкырчы
сонун Чынгыз аке соз жок мен да 25ге чыкканда кайсыл ырды ырдашты билемин бирок сурер деген дообуш бердим
08.12.2008. 02:10
 sheff
Процветай !!!!!!!!
09.12.2008. 15:06
 Baibeshin
Чынгыз байкенин ыр клиптеринин баары жакшы.
10.12.2008. 15:32
 айжылдыз
Озгочо клип, мага аябай жакты. Чынгыз сизге чыгармачылык ийгилик каалайм.
10.12.2008. 15:33
 айжылдыз
АЗАМАТСЫЗ!!!
10.12.2008. 16:11
 andormeda
Чынгыз байке азаматсыз!!!! Эн сонун ыр азыркы анча - мынча сахнанын баркын билбеген немелер улгу алса болот. Эн сонун ыр, клиби дагы жакшы экен.... Так держать
11.12.2008. 11:55
 айжылдыз
Чынгыздын баардык ырлары жагат, аябай уккулуктуу ырдайт.
06.01.2009. 22:38
 AeCHka
Мага ыр да жагат, аткаруучу да жагат.Мындан да жакшы ыр, клиптерди жарата бергиле. Чыгармачылык эргуу жана изденуу Чынгыз!Бар бол берекем!
15.01.2009. 13:47
 KGLady
Соз жок!
16.01.2009. 12:47
 andormeda
Аябагандай сонун ыр, кайра –кайра уксам дагы тажабайм. Ушунчалык жонокой жана уккулктуу. Бул ыр менен Чынгыз байке бирге жаралгандай… бири-бирине топ келишип калган…. Сонун +1000 балл…
16.01.2009. 16:40
 AeCHka
Башка 25 жаштагы адамды чагылдырса болмок Чыке деп жатышат. Чынгыз 25 жашта болгон учун ушул ырды ырдап жататко дейм. Азамат 25 жаштагы Чынгыз. Жаны жылда эми 26 чыгасында,ээ?
04.02.2009. 00:58
 janymai
Жанымай мен жаным Чынгыз, суйомго сени жаным. Сен учун куйуп кетемгоооооооо. Молодчик! Дагы башка клиптеринди чыгарбайсынбы? Бар бол?
19.02.2009. 02:21
 almasbek
азамат
24.02.2009. 15:51
 tinatern
Bek Borbievdi tuurap irdagan irchi eken.rdin sozdordu tuura tak aytip irdagani jakti, bul da DJ, alip baruuchulugunun paydasi go deym. bularga konul burup degendey.
22.12.2009. 09:45
 almazi
jakwy sonun aitabersen soz kop k yskasy azamatsyn..
24.10.2010. 00:42
 gilrfkg
azamatsiz,men sizdin talantinizdi siylaym!!!!!!!!
15.03.2011. 12:23
 LIVER
Бул ырдын автору Бек Борбиев. Модератор MiranA түзөттү 15.03.2011 06:42
15.03.2011. 12:42
 admin_media
LIVER рахмат, маалымат такталды!
31.08.2011. 13:14
 magnat
Чынгыз!!! Азамтсын! Ырларын соонун!
16.09.2011. 18:23
 jumamidin
млиин, мен азыр 26га чыгып алгам да...
16.10.2011. 03:56
 islamkg
ЫР укулуктуу болгон баарынан да кызык жери 25 жашты кулук атка жана поездке салыштырып ырдаган азыркы учурда ырчылар кобойуп кеткен анысы деле ейли же мааниси жок же мазмуну жок чыгармачылык дуйнонузго ийгилик Чынгыз байке онорунуз очпосун! оркундосун! 25 жаш да кулук атка жана поездке окшоп тез кетет кандай отконун билбей да каласын киши!
16.10.2011. 03:57
 islamkg
Бирок ырдын жана клиптин маанисини баркына жеткен адам гана тушуно алат!
16.10.2011. 03:58
 islamkg
Продюссери жана Бек байке сизге да чоон рахмат сиздерге да ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: