Мирбек Иманбеков, Нуркыз Кожонова "Сен бар үчүн"
Жанр:Поп
00:03:21
53,86 Мб
Жүктөлгөн: 10-11-2015


Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:С. Садыралиевдики

Сен менен сезимимдин сересинде,
Сүйүүнүн кемесинде,
Өзүнчө көл болуп толкуп турам,
Көңүлдүн тереңинде.
Өмүрдө өзүңдөн кереги жок,
Башканын дегениңде.
Кыялды бүтүндөй ээлеп алып,
Айландың белегиме.

Кайырма:
Сен бар үчүн кейибейм, жашыбайм.
Сен бар үчүн кемибейм, ташыбайм.
Сен бар үчүн эч качан жаңылбайм.
Сен бар үчүн эч кимди сагынбаймын.

Жылмайып, жан эркем, жүрөгүмө,
Дем бердиң кездешүүдө.
Жөн эле болсо дагы бир көрүшкө,
Жолугам кеч бешимде.

Кайырма:
  • Currently 4.27/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (51)

11.11.2015. 09:39
 burulai94
мирбек молодец
11.11.2015. 12:46
 Elizavetta
Иманбековтун уну аябай жагат.Мирбек бат баттан чыгып тур,жоголуп кетпей.Сагынып калабыз.
11.11.2015. 13:33
 naka
Мага жакты
11.11.2015. 14:11
 jyparakenewbekova
мага да аябай жакты Мирбек байке Нуркыз эже сиздерге чыгармачылык ийгилик. Бар болунуздар дагы сиздерден жакшы чыгармаларды кутобуз.....
11.11.2015. 15:49
 deva
Мирбек гүл сага гитара эмес да, норма көтөрбөйт белең?
11.11.2015. 16:17
 bosmos777
Кочурмо )
11.11.2015. 17:37
 manas_skf
Ыры да,клиби да сонун чыккан.Ундору да мыкты
11.11.2015. 18:16
 Maxima
Кыз чекесин тырыштырбай эле ырдабайбы дейм да, Мирбек гулду не деп которуп алган? Минтип эч ким гул которбосо керек...
11.11.2015. 19:28
 saipi
Сынаштан мурда озунорду карап анан сындагылачы
11.11.2015. 20:22
 MamanoV
Dostor menida synap koigulada))))
12.11.2015 05:02
rnurzida
MamanoV,клип да сонун. Браво. Ийгилик.
12.11.2015. 01:27
 Salta88
соонун клип мага лично баары жакты оздору да клиптеги каармандар да супер!
12.11.2015. 04:53
 rnurzida
Сонун экен го
12.11.2015. 09:40
 Daiza
Калп эле жумурткадан кыр издеп жаткандайсынар го!)))) Гулду ошентип которгон сонун корунот экен)))), мага жакты гулу да озу да, анан клиптин идеясы да!
Озгочо клипти озунун эле атаандаштары кирип жаман деп жаткандай сезилет экен((
12.11.2015. 11:22
 Ainagula
Нуркыз, красавица. Супердин дебютуна татыктуу.
12.11.2015. 17:14
 Nur0701
Мирбек байке азаматсыз! А Нуркыз да аракети жакшы. Жакты мага
13.11.2015. 01:30
 muha.med
озбектердин ыры го ойумча
13.11.2015. 03:06
 Sanat312
Кыздын уну ото эле чыйылдайт го жасалмадай.
13.11.2015. 10:19
 aika929292
mmmm klipke bawka kadyr kowso bolmok eken
13.11.2015. 10:51
 Janela
Бул кыз, Аселге караганда жакшы ырдайт экен.
13.11.2015. 11:54
 joker007
Эки эле куплет ыр болсо ошону да эки адам ырдап кайра-кайра эле кайталап эмне деген шумдук ээ 6 куплет болсо да тушунмокпуз ыр тандап ырдашты деле билишпейт кандай ырды ырдаса болот дует начар эле.....Модератор admin_media түзөттү 2015-11-13 13:04:05
13.11.2015. 12:58
 mr.boy
клип жакты зор чыгыптыр ..........
13.11.2015. 15:04
 Мэри
Клип күзүндө тартылган окшойт, кыздын көйнөктөрүн ошого ылайыкташса болмок беле... Кыздын кийимдери жаккан жок, кандай десем, жупуну, жарашыксыз, табитсиз тандалгандай көрүнүп жатат...
А Мирбек гүлдү чалгы, айры көтөрүп келаткансып көтөрүп алыптыр го )))) Мэри түзөттү 2015-11-13 15:05:18
17.11.2015. 01:48
 Gulya.akbaralieva
Мынча туру сууктар. Голос жаккан жок кыздын. Стремно как-то
18.11.2015. 11:47
 Ellis80
Клипте эч кандай озгочулук жок, жон эле кочодо ойноп жургондорду телефонго тартып алгандай эле сезилди, ырчы кыз ого бетер бузуп салган, жээ ун жок, торт жолу кийим которуптур эч кандай вкус жок стилистерге деле кайрылса болмок, клипке тартылып аткандан кийин. Ал эми Мирбекте соз жок, талантын баалайм, озу жалгыз ырдаса болмок.
18.11.2015. 17:36
 Zai0888
"Бүткөн ишке сынчы көп"-демекчи урматуу сынчылар сындаардан мурун өзүбүзгө суроо берсек. Мирбек байке, Нуркыз эже азаматсыздар. Кең келечек анча-мынча айтылган сындардан сынбаныздар!!! Мага жакты өзгөчөлүк бар, адамдын жүрөгүн жаз, көңүлүн гүл кыла турган ыр болуптур!!! Кыскасы ийгилик, кең келечек!!!
19.11.2015. 16:46
 Kunbeken
Мирбек толуп кетиптир го((
25.11.2015. 11:42
 Mirbek_1990_24
молодец Нуркыз эмгекчилдигинди баалайм!!! Мирбек агабызга корк бериптирсин!!! клип щик!!! уважуха
05.12.2015. 10:28
 Ulan-Ismailv
Орточо экен жакшы.
07.12.2015. 20:35
 bibi87
Чыйылдаган кыздын уну жок Мирбектин жалгыз ырдаганы барбы??? Ким билет?
06.01.2017. 11:18
 kubinez
Нуркыздын Унунон секет гой!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: