Гүланда "Аядым"
Жанр:Эстрада
00:02:54
44,34 Мб
Жүктөлгөн: 10-11-2015


Сөзү:А.Бегимкулованыкы
Обону:А.Бедияровдуку

Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мынча карадың?
Жандап баспай, жалгыз кеттим, садагам,
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.

Имерилип неге мынча карадың?
Ийик сымал ийрип жибин санаанын.
Ишеничиң сынбасын деп, садагам,
Ийнеликтей назиктигиң аядым.

Оозун ачпай ооруп бүткөн санаанын,
Ойлорумду жүрөгүмө камадым.
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң,
Тамчы суудай тазалыгың аядым.
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (24)

10.11.2015. 14:45
 ailam14
Жакшы ыр экен
10.11.2015. 21:36
 aijan280389
Самара Каримованы туурап алгандай го
11.11.2015 12:35
tuigan.
aijan280389, самара кечееки самара.гуланда качаанкы гуланда
11.11.2015 21:14
BubleGum
tuigan., бирок Самаранын рейтинги алдыда. Гуланданын хиттери жок го (
10.11.2015. 22:19
 Guljamal_2116
Ырды жеткиликтуу,уккулуктуу кылып аткара албаптыр.Бул ырды Ш.Талипова эжекебиз сонун аткарган.8кл окуучусу аткаргандай эле болуп калыптыр,жакшы ырды бузуп.Менин жеке оюм.
10.11.2015. 23:21
 saltanat2015
Шахра Талипова ырдаган ырды ырдабай эле койсо болмок.
11.11.2015 21:13
BubleGum
saltanat2015, Шахра эже ушундай журоктон ырдайт. Эч ким жетпейт! Мунуку кекиртектен эле жасалма сыяктуу (
11.11.2015. 00:47
 asia_92
Мага жакты сонун кылып ырдаптыр!!!!
11.11.2015. 10:24
 Nariste...12
Сонун ыр!
11.11.2015. 13:32
 cimba
жаши жаши))))
11.11.2015. 14:53
 Nagi-s
колдор кантет...
11.11.2015. 16:28
 ainuska00
колдорун страшный кылып тартыптырго....же озу ошондойбу.....Помадасы ме подсвет кылбаптыр жок дегенде
11.11.2015. 16:30
 nazi8889
ушул ырдын мр3син кантип тапса болот
11.11.2015 18:10
admin_media
nazi8889,
Саламатсызбы! Аудиосу порталда бар: http://www.super.kg/media/audio/153921/
11.11.2015. 20:52
 anar-87
соонун жагат
12.11.2015. 01:07
 bakaiBBBB
отто начар
12.11.2015. 01:38
 Arrayan
Ушу силерди сынатып эле койсо.Самара дегенге тенебегиле Гуланда лучшее чем она.Азаматсыз бар болунуз бай болунуз.
13.11.2015. 22:52
 padysha
Professianalduu yr4y blbogondon kyin Шахра Талипова yrdabai ele koiso bolmok.Kyrgyzdyn yr4ylar uwuga okwogogondor artka tartyp okundurot. Birok 4ynyn ele aityw kerek Gulanda ka4ab bolso ele bashka yr4ykardy tuurap ele basyp jurot.Jashyrsa dele korunup turat. Originalduu ozunun oiunan taap 4ykkan e4 nersesi jok.Bul klipinde kolundagy moinundagy jaltyldaktardy azaityptyr owentse dele birine wai keliwpeit .
19.11.2015. 17:59
 nurkasym-2014
Озулору ушинтип ырдай алышабы оозум бар деп суйлой беришет.
28.11.2015. 21:13
 Asema11
Аябай жагат жылдыздуу уну да сонун бул эженин ырлары оло жагат сонун ырдайтго.
04.12.2015. 05:50
 sher.
Уну такыр окшошпойт го. Кайрыктарын жеткире ырдай албай,жакшы чыгарманы бузуптур.Эки-уч турдуу койнок кийип, бир жерде туруп эле ырдап койсо клип болуп калат деп Самара экооно ким айтты экен десен.
13.12.2015. 11:32
 aiperi.1993
неляга окшош экен

22.01.2016. 04:09
 Anisaydan
Ырды бузуп койуптур
21.02.2016. 17:13
 gamster
шахра талипованын ырдаганын билбейт экенмин уксам да жакпаган окшойт. а бул ырдаганын бир уккандале жакты абдан сонун. жарайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: