Турдакун Ниязалиев "Жубайыма"
Жанр:Поп
00:03:54
60,81 Мб
Жүктөлгөн: 07-12-2015


Сөзү:Б.Акматов, Т.Ниязалиевдики
Обону:Т.Ниязалиевдики

Чарчап келсем кубатым сен,
Жылмайып тосконуң ай-күнгө тең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.

Кайырма:
Кандай сезим сүйүү деген?
Балдай сезим сүйүү терең.
Жароокерим, өзүң барда.
Жашоом шаңдуу бакыт белең?
Жароокерим, өзүң барда,
Жашоом шаңдуу бакыт белең?

Жүрөгүм сүйүп алганымсың,
Жүдөсөм үмүт байларымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.

Кайырма:

Сени менен жашоо таттуу,
Кечирген күндөрүм салтанаттуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.

Кайырма:
  • Currently 4.49/5
(61 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (77)

16.12.2015. 15:58
 Nusii
соз жок тим эле укмуш.
16.12.2015. 22:56
 shazi
Бул ырды уканда ыйлаганмын мен учун озгочо ыр.
17.12.2015. 15:52
 Bekmirza2104
Аябай жакшы ыр экен клипта топ келишкен ийгилик
18.12.2015. 13:10
 star89
super en soonun
19.12.2015. 20:50
 sayakat
unugo da klip yr baary super ....kandai sezim suiuu degen/ baldai sezim suiuu teren /jarookerim ozun barda jawoom wanduu bakyt belen /exxxx kandai soonun saptar
21.12.2015. 19:25
 dubai
бул ыр казакча болуш керек билишимче.
22.12.2015. 11:41
 Atabaev.kg.su
Хит 2015
26.12.2015. 19:03
 gulzaatkai
Соннун ыр болуптур,..
28.12.2015. 18:40
 MuslimNur95
Соонун ыр экен маанилуу Азамат Турдакун
05.01.2016. 06:10
 Sultanim
Otkondo ele joldowum maga yrdap berdi ele korso uwul yr turbaybi!.. rahmaat choon!jakwiliktarga sebepchi bolgon yryngyzga,ununguzgo,demingizge!
05.01.2016. 11:34
 aiturgan2015
азаматсыз
06.01.2016. 14:15
 Karalina
Азаматсын Турдакун. Унуно береке. Ушундай жакшы ыр, обондорду жарата бер. Уккан сайын уккун келет!
06.01.2016. 17:47
 Karalina
Супер! Ырчы жонундо жазгылачы
06.01.2016. 21:31
 shairbek87
Азаматсын Турдакун Ниязалиев. Ушундай жакшы ырларды жарата бер. Ийгилик сага
12.01.2016. 13:35
 zhandar
уааааааааау, башка сөздүн кереги жок
14.01.2016. 12:09
 Asel.Subanbekovna
ооочень красивая песня.
19.01.2016. 19:48
 Bonia9189
Уну ушунчалык сонун экен азамат клип андан сонун эххх.... турмушка чыгып балалуу болгум келип кетти
22.01.2016. 18:13
 aikera1992
Казакча эмес эле кыргыздын ыры.
25.01.2016. 21:11
 xd_aizhan
сонун
25.01.2016. 23:26
 aika2009.2012
Сонун экен аябай жакты.
30.01.2016. 08:01
 nurillm
Эн сонун ыр ийгилик сизге Турдахун
30.01.2016. 08:03
 nurillm
Урматтуу супер инфо Куштар Ташматовдун клибинда жуктоп койосуздарбы медиапорталга сураныч
01.03.2016. 17:51
 Inna_91
Зор ыр экен уга бераи жаттап алдым
17.03.2016. 00:38
 Saitmurat.KG
Жакшы ыр
27.03.2016. 00:02
 asyl.kyz
Сонун ыр экен. Жакты кундо 10жолу унам
04.04.2016. 00:20
 aman0508
азамат жакшы ыр ийгилик
22.04.2016. 19:31
 nurik903
эн сонун
26.04.2016. 10:35
 beintehaa.
Сонун ыр болгон. Кайталап угам кундо
26.04.2016. 19:25
 eky2010
Ыр деп ушул ырды айтсан болот. Апаларга да ушундай жакшы ыр жара сан жакшы болмок.Ийгилик Турдакун
29.04.2016. 13:14
 kglove
Супер жакшы ыр клип уксан да тажабайсын!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: