Нурмат Садыров "Торгоюм"
Жанр:Поп
00:04:06
62,62 Мб
Жүктөлгөн: 21-12-2015


Сөзү:Рыскулбек Турсуналиевдики
Обону:Советбек Урматбековдуку

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн - кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.

Сен торгоюм - сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде,
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.

Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.

Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөнүм торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.
  • Currently 4.62/5
(52 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (90)

07.01.2016. 17:01
 fittoniya
Башка ырчылар ырдаганын угуп конул деле бурчу эмес экенмин.Мага Нурматтын уну менен жакты бул ыр.
09.01.2016. 13:38
 EGOIST001
kyzdyn kashy jeeeestko eken.gruzinderdikindei bolup
13.01.2016. 16:46
 aqua.94mema
Кызды каяктан таап алыптыр а . мынча сулуу .
17.01.2016. 03:20
 A_l_i_b_e_k
Оператордун ошибкасы Нурматтын боюнун кичинекей экенин даана белгилеп салган. Ылдыйраактан алып койсо болмок. Өтө эле кичинекей экен.
20.01.2016. 03:44
 munara.aidarova
Кудайым аааай мынча сонун, бирин бирине топ келиштире кошуптур го я.
21.01.2016. 18:07
 Bazake
Ыр да клип да сонун. Азыр кайсы жерге барба ушул ыр. Азамат Нурмат!
21.01.2016. 18:10
 Bazake
Клипти очкарик бала ачыптыр азамат!
25.01.2016. 21:10
 xd_aizhan
клиптеги кыз ашыкча боёнуп албаса баары эле жакшы.
27.01.2016. 09:35
 artur2008
Сонун ыр экен. Кыз аябай сулуу экен
27.01.2016. 17:16
 zoichka
Кыз таптакыр жакпады(((
02.02.2016. 13:01
 Baymat
Сонун ыр мага жакты админ сураныч караокесинда жуктоп койсонуздар жакшы болмок
12.02.2016. 00:08
 Elmurat96
Сонун болупур мага жакты азаматсыз.
18.02.2016. 12:19
 iloveyou
Эн жакшы болуптур
21.02.2016. 13:32
 Nur0701
Сонун азаматсын
22.02.2016. 09:56
 sanrisa
Баары эле сонун, бирок ортодогу кыз жаккан жок. Сулуулугу өтө эле жасалма ("тюнинг"). Натуральный сулуу кыздар толтура го...
01.03.2016. 21:45
 kanybekov
ООО сонун чыгыптыр жагымдуу угулат экен
02.03.2016. 01:42
 Pakissstanka
Ортодогу кызды жон койбопсунарда баарын ошо кыз бузуп салыптыр.
02.03.2016. 13:11
 Karalina
Ырдаганы, бийлегендери абдан жакшы, бирок ортодогу кыз жакшы болбой калган, башка кыз тандаса болмок! Кыргыздын нукура сулуу кыздары толтура го. Татуаж, кирпик чаптабаган эле.
08.03.2016. 01:31
 elya1604
iygilik
11.03.2016. 23:52
 kanykei95
kliptin ayagynda kyzganyp kettim sizdi
13.03.2016. 21:33
 MuslimNur95
Ыр аябай соонун экен маанилуу угуудан тажабайсын го соз жок нурмат байке
30.03.2016. 02:17
 basyz-kaman
Ырдын авторун жазып коюнуздар эми.
01.04.2016. 17:40
 gulnur.narmatova
Эн сонун ырдаган молодец
05.04.2016. 16:02
 Usow
молодец Нурматчик керемет ырдапсын ишине ийгилик жана унуно тунуктук каалайбыз
22.04.2016. 13:48
 Muslima.aksy
don.kg, туура айтасыз Ернар Айдардын "Не дейсин" деген ырына окшош, бирок эн соооооонун деген бааны берет элем.
Ар кимдики озуно,
Ай корунот козуно.
Карга да баласын аппагым дейт.
Клиптеги кыз эн сонун ачыкан клипти.Бироону кемсинтуудон алыс болунуздарчы сураныч!!!
25.04.2016. 12:18
 sunu2015
Аябай соонун ыр экен молодец
30.04.2016. 23:27
 FlowersGuli
ыр соонун.Бул ырды Махабат дегем апчем туугандар арасында тойдо ырдап журчу.Ырдын автору Таластан турбайбы.эхуууу.соонун.жакшы ырдады.кыз жаккан жок.сулуу .кара чачтуу.жонокой кыз болсо болмок да .кыздын кашы кантет,тим эле кашы калын анан туптузго.ручка менен чийгендей.клиптин корку кыз болсо.анысы да абдан боелгон.жонокой болмуш болуп коет жарашпаайт
05.05.2016. 13:37
 merinargiz
Кыз ашыкча эле назданат го,а так Нурмат байке супер пупер
27.05.2016. 11:34
 sher.ella
Очкарип толук баланын аты ким эле
26.09.2017. 03:05
 diar_1113
Сонун ыркен азаматсын
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: