Айдана Дека "Кыздын сыры"
Жанр:Поп
00:04:00
60,65 Мб
Жүктөлгөн: 15-01-2016


Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.

Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.

Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кездеги жүрөгүмө сүйүү,
Махабатым түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.

Кайырма:

"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Кимде ким сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.

Кайырма:
  • Currently 4.67/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (67)

17.01.2016. 01:51
 Kiza
Ырды бир аз бузуп коюптур! А так жакшы эле. ..
17.01.2016. 16:38
 aida96
Кореянын киносун коп коргон кыз окшойт.Клип да ыр да жаккан жок.
18.01.2016. 14:24
 saparali96
Клип жакшы чыккан,бирок ырды окшото албаган,эскисин ким ырдаган,ошол жакшы аткарган эле
18.01.2016. 19:00
 4ika95
Мага кыз аявай жакты!!! сонун аткарыптыр! Ырдаганы,бийлегени,роль ойногону бут сонун, аягында уялып калганы аявааай сонун экен! Бул кыз аявай эле жаш экен,дагы коп жакшы ырларды,клиптерди чыгарат!
18.01.2016. 19:06
 chopachups
менин сестренкам молодец, уну сонун, толтура жолу эле уккам ырдаганын жанынан,аябай приятный ун. Бийлегени сонун жарашат озуно,кичинекей чагынан бери бийлей. Музыканы суйуп,уккан адамдар жон туура албайт бийлеш керек!Озуно сонун жарашып турат.... ит уро берет ... вперед сестренка!
18.01.2016. 21:56
 medina.
myncha suluu jigiit
19.01.2016. 11:13
 Asel.24.07.93
Кыз татынакай,ырчылыка шыгы бар,кийингени деле жакшы просто постоянна мен тааныганы эки кошулма кулагы тушпойт башынан, стилин кичине озгортсо болмок деген сунушум бар))Модератор admin_media түзөттү 2016-01-19 11:28:55
21.01.2016. 16:46
 Adilet93
Айдана жакты мага))))
23.01.2016. 01:14
 Zair_Alimov
Soonun) aidana iygilik saga, talykpai iwtei ber)
25.01.2016. 11:45
 Ilays
Аваз Акимовдун суйлошкон кызы деп уккам бул кызды, туулган кунундо да жанында жандап жургон го. Пара экенсинер.
26.01.2016. 11:40
 Aza.08.03.05
Жакшы ырдаптыр ийгилик! Ит уро берет кербен журо берет дегендей жолунду улап жакшы чыгармаларды жарата бер!
26.01.2016. 19:09
 elbina
Назик, суйкумдуу кыз екен.удачи!
27.01.2016. 02:20
 FlowersGuli
Тим эле жаш кыз болсо керек.жониле кыймылы коп.ыр озу бул кыз жок деле жакшы.макияжды болушунча боенгон.акцент козго же оозга болуш керек.а бул кызда коп....
27.01.2016. 15:10
 apazov01
жакты сонун. Айдананын коздору жагатта сага
27.01.2016. 15:25
 Lyubimka
Дааа...адам деген бир пенде..коро албасанар унчукпай эле койбопсунар туугандар..тим эле алдынардагы тамакты жулуп кеткенсип, жаш кызды эмне мынча боктоп??? Аракети жакшы...жаштар акырындап чалынып, темтендендеп кичинекей балача кадам жасап келатышат...колдоо керек. критика орундуу болуу керек..анан ошентип осот да булар да..тим эле озунор кыйратчудай чурулдашкан.хм.
28.01.2016. 14:40
 saloma
Азаматсын Айдана өнөрүң өркүндөй берсин жакшы жана Жаны ырларды клиптерди жарата бер....
28.01.2016. 16:29
 AtymKyrgyzcha
класс
04.02.2016. 21:55
 nurbaKG
ушул карындаштан интервью алгылачы супер инфо сураныч
21.02.2016. 13:31
 Nur0701
Клип жакшы ырдай албаптыр анча но красавица экен
02.03.2016. 23:07
 TAYiRbEK_kGZ
Эн мыкты чыгарма, эн мыкты клип жана эн сулуу кыз аябай соонун болуптур ийгилик! мага номеринизди бербейсизби ?
12.03.2016. 16:26
 abdymuhtar
Киминерге кандай экенин билбейм, мен учун ыр, клип кыска соз менен айтканда баары ЗЫНК. Дагы да ийгиликтерди каалайм Айдана
12.04.2016. 14:34
 Amankg
Айланайын Айдана Дека (что означает Дека????) ырдын баркын кетипсин да. Алина Жетигенова соооонун ырдаган. Менде дагы эле клип сакталуу. Кстати Медиапорталдан А.Жетигенованын клипин кочуруп алсанар болот.
01.05.2016 23:23
REBUS
Amankg,+1000000000
09.12.2016 13:53
ashuular_plus
Amankg,
Дека деп фамилиясын кыскартып койгон, Деркембаева да.
01.05.2016. 18:45
 nelli
Баары жакшы..... бирок ыр айып болуптур.... Алина эжекенин башынан тонналап муздак суу куйгандай болуптур(((
14.05.2016. 22:35
 miss-998
Клип сонун болуптур бирок анча жеткиликтуу ырдаган эмес
16.05.2016. 20:42
 aziza.damir
эмнеге кээ бир мен жазган комментер очуп кеткен?
17.05.2016 10:44
admin_media
aziza.damir,
Саламатсызбы! Сиз билдирүүнү ырдын аудиосуна жазгансыз, шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/159141/
Билдирүүңүз өчүрүлүп же түзөтүлсө себеби жазылат.
25.05.2016. 23:29
 miss-998
Коро албагандар ар нерсени жаза беришет да, аябай таланттуу сулуу айымсыз сизге чыгармачылык ийгилик каалайм, бироого асылгандан башка ишинер жокпу, озунор ушул Айданачалык да ырдай албайсынар, клипке ырга келсек баары сонун клиптеги бала озунун байкеси беле? 5++++++
09.12.2016 13:54
ashuular_plus
miss-998,
Таекесинин баласы.
27.05.2016. 13:52
 anya
Ушул жаны ырчылардан жаны ыр, жаны сюжет кутом, тилеке каршы андай болбой калат .
13.06.2016. 17:14
 aikera1992
Дагы баягы сюжет. Бир нерсени кулатып алат анан тиктешет,таанышат.... Башка идея жокпу?
21.07.2016. 18:08
 bilimai01
Айдана эже клип и песня супер.Нет слов.Ийгилик сизге даны коптогон чыгармаларды жарата берин.Только вперёд
08.05.2018. 16:37
 ady-88
Легендарлуу ырды олтуруптур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: