Дайыр Исмадияров "Маскарапоз"
Жанр:Поп
00:03:03
57,35 Мб
Жүктөлгөн: 25-01-2016


Тагдыр туңгуюк, жок күмөн,
Сураганың берет албетте сен ишен.
Сөздөрүмдө жок, бир да жалган,
Жүзүм маскарапоз, бирок өзүм инсан.
Арманымды жашырат күлкү ар дайым,
Жасалма жүз менен жашаймын күн сайын.
Мен тагдыры тайкы бирок келбети кооз.
Маскарапоз.
Жасалма жүз жашырат кайгысын,
Маскарапоз.
Таппай келет бакыттын ачкычын.

Колуңдан келсе бактылуу бол,
Өмүр деген катаал билсең ал кооптуу жол.
Бул турмуш сахна эмес жашоо,
Жеңилесиң ойнобосоң сен анда роль.
Жашоо таттаал кээде сен каткан нан жейсиң,
Күлгөнүмдү көрүп мага оңой дейсиң.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз,
Жасалма жүз жашырат кайгысын.
Маскарапоз,
Таппай келет бакыттын ачкычын.

Мен сүйлөйм жалган аргасыздан,
Не кылайын ушул жолду тандасам.
Же аны күлдүр, же муну,
Айла жок кимге жаксам, кимге жакпасам...
Өзүм каалап эч кимди капа кылбадым,
Арсыз душман кыйналса да эч күлбөдүм.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз.
Жашоо таттаал кээде сен каткан нан жейсиң,
Күлгөнүмдү көрүп мага оңой дейсиң.
Мен тагдыры тайкы, бирок келбети кооз,
Маскарапоз,
Жасалма жүз жашырат кайгысын.
Маскарапоз,
Таппай келет бакыттын ачкычын.
  • Currently 4.92/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (41)

25.01.2016. 16:15
 i_am_simple
ушуга кетирген акчанды башка нерсеге эле коротсон болмок,башка ыр ырдап ошого клип тартсан жакшы болмок,же эч эле айла тапбай ушул эле ыр калган болсо темасын озгортуп алсан болмок,
25.01.2016. 22:13
 artur2008
Жакшы ыр экен. Мага жакты.
25.01.2016. 23:04
 kukacha
Мааниси терен ыр болуптур,мага клип аябай жакты.Ийгилик Дайыр биз сени ар дайым колдойбуз
26.01.2016. 00:11
 Jazim93
Ыр жактыыы..... Айла жок кимге жаксам, кимге жакпасам деген жери...А клип орто эле ...
26.01.2016. 00:12
 Jazim93
Мр3 кайдан тапса болот???
26.01.2016 09:34
damir007
26.01.2016. 00:14
 Mirba24
Клип жакшы экен. Супер супер
26.01.2016. 00:40
 Patriot007
Жакшы аракет бар,азамат!
26.01.2016. 01:57
 Beka95
Ыр жакшы, клип орто. Дайырдын уну бир аз ачылып калыптыр жылыш бар. Гулнур менен Амантурдун образынго тушундук а бирок третий лишний болуп тиги кыз клиптин аягында бир пайда болуп тушунуксуз кыймылы менен эптеп кадырга илешип калыптыр ийгилик.
26.01.2016. 10:26
 Asel-91
Уурдаса да элге жаккан, мааниси терең ыр болсо болду да, а клип ырдын маанисине жараша экен, тиги үчүнчү кызды кошпогондо клип жакшы.
26.01.2016. 10:28
 Janela
Уят ай. Таланттын жок болсо, ырдабай жон эле кой да.
26.01.2016. 12:05
 Abaika22
Амантур крассавчик)))
26.01.2016. 14:52
 bema19.86
Ыр жакшы маанилуу ийгилик тек кана жетишкендик олтуруп алып жаман тигиндей деп айтыш оной адам озу жасаш кыйын ар бир адамга жагууда кыйын ыр саптарында айтылгандай эч кимге конул бурбай бир кана алга Дайыр ийгилик коштосун!
26.01.2016. 16:53
 zeet
Озгочо клип экен алга Дайыр!
26.01.2016. 17:39
 sabyr86
Эмнеси өзгөчө,бир жабык имараттын алдына туруп алып эле ырдай берген.ырынын да мааниси жок.
26.01.2016. 17:43
 sabyr86
Ырды уурдаганы аз келгенсип клипти да уурдаптыр го болбойт да мынчалык.
26.01.2016. 17:58
 apazov01
жакпаса корбой эле койгула убактынарды коротуп не класынар. эл оозунда элек жок алга
26.01.2016. 19:13
 elbina
Эээ ырдабайле койчу.
26.01.2016. 21:50
 ayman9309
Кобурок башка актриса актерлорду кошуш керек болчу
26.01.2016. 23:26
 Svetlana88
Качан караса озбектердин ырында клибин да кочуросунор. Эмне башка идея ыр тугонуп калганбы. Эми озбектерге шылдын болосунар.
27.01.2016. 02:16
 4ika95
Зеригип кеттим
27.01.2016. 08:17
 asanchik
Эн сонун,эмне болуптур которсо.мага аябай жакты.клип да жакты.кыргыздар эмне мынча короалбас болосунар тообо?онолгулачы.
27.01.2016. 10:59
 Tynchy28
бул жигит ырдаганды качан уйронот я?билим алса боло
27.01.2016. 22:14
 aikol87
Бир жакшына ыр баланын шагын сындырмай жок))).
28.01.2016. 00:35
 aichurok5
Мааниси терен мыкты болуптур баары азамат
28.01.2016. 03:10
 A.K.B
Дайыр буга чейин эн мыкты озгочо клиптер менен айрымаланат элен башка ырчыларга караганда бир аз патриот бол албете бул менин ойум ийгилик .
28.01.2016. 22:30
 rahat97
эн сонун клип ыр алга алга дайыр коро албагандар туз же калепир жалагыла
03.02.2016. 23:38
 asanchik
Ушул ырдын текстин жазып койгулачы
04.02.2016. 03:02
 munara.aidarova
чындыгында айласы канча кимге жагат, кимге жакпайт. Эн сонун ыр, азыр баарында ушул койгой эмеспи, ичтен сыздап, бирок сырттан кулот
23.03.2016. 14:32
 Kgstar96
Клип тушунуксуз болуп калган иштебептир
19.10.2016. 18:58
 aibegim
Такыр тушундобум?????
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: