Гүлсүн Бостонкулова "Менин махабатым"
Жанр:Поп
00:03:17
50,3 Мб
Жүктөлгөн: 01-03-2016


Сөзү:А.Алымовдуку
Обону:Ө. Сапар уулунуку

Ай жылдыздан бүткөн, ак сүйүүсүн төккөн махабат,
Арзыйт аны күтсөм, азабына түтсөм махабат.
Аптабына күйсөм, алоолонуп сүйсөм,
Жалганы жок жандап, жаныңда мен жүрсөм,
Башка жандан таппас, бакыт ушул ырахат.

Кайырма:
Ай жүзүмө күндө, айым нурун чачкандай,
Ай көрүнүп түндө ашык болуп жаткандай.
Ак сезимдер жайнап, жан дүйнөмө бүлүк салгандай.
Күн жүзүмө күндө күндүн нурун төккөндөй,
Нуру төгүлүп күндүн ак жүзүмдөн өпкөндөй,
Жаным менин күндө жан дүйнөмө жалын төккөндөй.

Ашык болгон көздөр, аруу таза сөздөр арналат,
Арманы жок күндөр, аппак сага түндөр арналат.
Аптабына күйсөм, алоолонуп сүйсөм,
Жалганы жок жандап, жаныңда мен жүрсөм,
Башка жандан таппас, бакыт ушул ырахат.

Кайырма:
  • Currently 4.86/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (23)

02.03.2016. 18:50
 Nur0701
Мага ыр жакты бирок клип апча жакпады
02.03.2016. 21:34
 altynai.almazova
Клип дагы ыр дагы жакты. Сонун экен. Гулсун Бостонкуловага ийгилик!
03.03.2016. 00:16
 Milana.
жактыыы
03.03.2016. 09:02
 rumi04
Мага жакты ыры да клип да ырдаган кызда жакшы накай екен.
03.03.2016. 09:28
 ramik_87
Мага да жакты))
03.03.2016. 10:05
 aykow
Гулсун,чыгармачылыгынызга ийгилик.Сонун болуптур.Бала коп тартыла баштады го клиптерге.Аты жону ким болду экен?
03.03.2016. 19:49
 Farida80
Сонун ийгилик Бостонкулова!
03.03.2016. 21:23
 Bonia9189
Сонун баары жакты,чыгармачылык ийгилик каалайм!
04.03.2016. 05:50
 jazgul.jaju
Сонун ийгилик ырчыга.
04.03.2016. 15:33
 Beka95
Ыр чын эле сонун радиолордо кечке ушуну берип атат.Клипке келсек жакшы тартылган. Ал эми клиптеги кыз Назгулго жакшы роль деле жарашат экенго молодец. Назира Токонованын сага деген клипинен кийин баары жамандап жазышты эле.
05.03.2016. 14:00
 dajjal
bul klip murda da juktolgon bele je eki irga bir klipbbi?
05.03.2016. 15:05
 roza1996
ыр сонун экен....)))
05.03.2016. 16:34
 aiturgasha
Ыры аябай жагат да.
06.03.2016. 00:35
 2014_samat_DJ
Башы чон экен анан ыры абдан женил саны бар сапаты жок ырчылар кобойду
07.03.2016. 05:35
 Supara
I love you Gulsun
07.03.2016. 13:02
 Matilda
Молодец,!Азыркы ырчы кыздардан туболук ойдо!Уну жакшы,сулуу,сексуальная!
08.03.2016. 16:58
 jfj
Ушул ыр аябай жагып жургон
13.03.2016. 14:56
 aytkulova
Огоо кимдер журот клипте)) Нурмухаммед байке го. Ийгилик!
14.03.2016. 10:18
 bela77
Ушул ыр радиолордо хит болуп жатат окшойт...маршруткага отурсамле ушул ыр жанырып жаткан болот. Сонун ыр экен!!!Акыркы учурларда кыргыз эстрадасы жакшы ырлар менен толукталып жатат. "Жубайыма" деген ыр Турдакунду популярдуу кылса, бул ыр ушул кызды алып чыгат окшойт. Аткаруучу чыгарманы эмес чыгарма аткаруучуну таанытып жаткандыгына кубанып жатам.
24.03.2016. 03:39
 ayzike.83
Ушул кыздын 12345 деп ырдаган ыры бар болчу, ошону жуктоп кое аласыздарбы,админ?
30.05.2016. 01:06
 prosto_gul9
Жылмайганы жакты аябай..Клипке соз жок Класс
30.07.2016. 02:32
 Ashan
Мага ушул кыз жагып калды соонун ырдайт экен . Бек менен мурун ырдап жургон кыз эмесби ? Бек менен ырдаган бир да клип жок го ? Кыз озу олло жагып калды
13.08.2017. 22:35
 BubleGum
Админ, ырдын автору ким экен маалымат барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: