Кайрат Примбердиев "Ойлон, элим"
Жанр:Эстрада
00:03:41
56,4 Мб
Жүктөлгөн: 08-12-2008


Сөзү:Кайрат Пиримбердиевдики
Обону:Кайрат Пиримбердиевдики

Бул дүйнөгө кимдер гана кимдер келип кетпеген,
Татаал мезгил таразасына кимдер гана түшпөгөн.
Калың журтту канжалатып хандар өткөн дүйнөдөн,
Кара жондон камчы кетпей, кулдар өткөн дүйнөдөн.

Көргөн жанды адаштырган сулуу өткөн дүйнөдөн,
Эки элди чабыштырган уруу өткөн дүйнөдөн.
Сыноо үчүн жаралганбыз (оо,бурадар дүйнөдөн???)
Бирде ылдый, бирде өйдө жалган экен бул дүйнө,

Алла сөзүн даңазалап, пайгамбарлар жашаган,
Оо адамзат, акыл берчи, Алла берсин жараткан.
Жаратканды дайым даңктап, кечирим тап намаздан,
Ууру кылбай, ушак айтпай, алыс болгун жалгандан.

Алакандай кыргыз элим алты санга бөлүндү,
Түндүк, Түштүк деген сөздөр эл ичинде көбөйдү.
Ынтымагы бар эл болсо ырысы бар элдин,
Бөлүнбөстөн бирге болсок, келечеги кең элдин.

Кыздарыбыз намыстанбай, дене саткан күн келди,
Арак ичкен, кыргыз уулу жерде жаткан күн келди.
Эртеңибиз кандай болот, ойлон элим, ойлончу,
Ыйман менен жүрөк толук ойгон элим, ойгончу.

Алла, кечиргин менин күнөөлөрүмдү, Алла,
Ыйманга толтурчу жүрөгүмдү Алла (2 жолу).
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (26)

09.12.2008. 09:46
 kokbet
Эвропаны туураган "Заманист" болуп калыптыр!
09.12.2008. 09:46
 Baibeshin
Тарбиялык мааниси бар бирок клип начар тартылып калган Кайрат ийгилик сага.
09.12.2008. 12:37
 mik
Азамат "коч бара бара тузолот" деп Кыргыздар бекер айткан эмес. Жаны баштап келе жатканга жакшы, ийгилик сага.
09.12.2008. 13:45
 Айдай
"Москва бир кундо курулган эмес" жарайт!!! Азаматсын! негизи сенин клиптерин жагат.
09.12.2008. 15:06
 spp
эн эле орто
09.12.2008. 16:42
 Nike
Продюсерин ким?
10.12.2008. 09:13
 sher
kayarat
azzamatsin saga Tolko iygilik
10.12.2008. 15:27
 Djan
Ырдын мааниси жакшы экен. Клип дагы жаман эмес. Азаматсын!!!! Ийгилик сага Кайрат!!!!!
10.12.2008. 18:05
 Айжан
Yrdyn maanisi ajavai jakshy eken,birok yrdagany jana klibi jakkan jok!Iygilik
12.12.2008. 13:54
 ajax
эчтеке айта албайм!!!!
12.12.2008. 22:34
 spp
ajax'ка
айттын уже )))
13.12.2008. 18:13
 ajax
spp сен мага тийишпе
14.12.2008. 17:34
 malish
ырдын мазмуну жакшы экен. ийгилик сага кайрат
15.12.2008. 14:47
 kuttum seni
Алексей Филатовду моден балети да жакшы ойношуптур.... Сулуунун ролу Назира Айбекова аткарган го!!! Негизи эле жакшы болуптур
21.12.2008. 02:56
 Aygul
Менимче, тарбиялык мааниси бар жакшы ыр экен. Бирок, ыр уккулуктуу болбой калыптыр. Музыкасы менен созу туура келбейт. Созу да бири-бирине уйкашпай калганбы. Айтканыныз чын. адамдар бузулду. Ошондойлор коп болуп жатат. Ошолор ушул ырды угуп акылына келсе жакшы болот. Ишинизге ийгилик, жакшы ырларды чыгара бериниз.
04.01.2009. 16:57
 лунка
Клип начар.Бирок ыр жакшы!
15.01.2009. 13:44
 KGLady
Жарайсын ЗВЕЗДА!!! Дерзай дальше!
20.01.2009. 15:18
 kubatbekabdaliev
полный отстой,,,,бирок ыры жарайт
04.02.2009. 16:04
 Sara
Кайрат как всегда в своем репертуаре
08.02.2009. 08:48
 Jizusa
Bul baikem postayanno ele ozyn4o ele kuurap jyrot, maga bir ele yry jagat "sagynsanda" degen
24.02.2009. 15:32
 tinatern
Azirki kundogu "ari bas, beri kel, seni suyom,Ayglm, Nurgulum" degen irlardan million kez jogoru ir eken. Tematikasi da jakshi mazmunduu. Unu ayrikcha sonun,diyapozonu da shirokiy eken.Azamat!
21.07.2009. 03:55
 almasbek
Кайрат сенин апам учун деген ырын жаккан эле
корсо ал да точкасына чейин озбектердин ыры турбайбы.Ойотилло деген ырдайт экен
же сенден котордубу?
09.02.2010. 17:16
 deer
unu jakwi ele.iri dele menim4e.
06.07.2010. 20:41
 kaka
Сосед кандайсын мен 20 кв жашайм,клипп айабай жакшы.
30.07.2010. 10:26
 kgstandoolot
Allah raazy bolsun baike, daiym ele uwundai yrlardan kop kop 4ygaryp tursanar jakwy bolot ele... iygilik sizge
26.09.2013. 22:24
 Violet
азыр ал кайда,мен кайда?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: