Аско, Чолпонай "Чыгыш жомогу"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:05
46,47 Мб
Жүктөлгөн: 10-05-2016


Сөзү:Бегиштики
Обону:Аман Бержибаевдики

Келчи, досум, чыгыш бий сен бийлегин,
Бирге бийлеп кайгыны сен билбегин.
Эгер тоскоол болсо нота тийбегин,
Бул чыгарма сууруп чыгат жыланды да ийиндеги.
Мейли чечилсин жылуу кийимдериң,
Ачык болсун кооз денең жана ийиндериң.
Кыймылдагын бат, калтырбастан издериң,
Учсун бийик ала кийим биздеги.

Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө,
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!

Жомок дүйнөсүнө биз менен чөмүл,
Бизде күлкү толо жана анын жок өлчөмү.
Шаңга бөлөйт бул майрамды ханыша,
Келгилечи бул жомокко көчөлү.
Балдар бийлеп айланат,
Кооз бизде айлана.
Аттап кирип босогону,
Көп кишилер байланат.
Мейли жарык өчөбү,
Таппай калып көчөнү.
Биздин үйгө кирип сен,
Көрүп кет өзгөчөлүү.

Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө.

Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?” - деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “Орун тар экенби?” - деп,
“Жолу бар экенби?” - деп.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?” - деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “Орун бар экенби?” - деп,
“Жолу бар экенби?” - деп.

Биздин эл ынтымакта, өмүрдүн балын татышат,
Эгерде сен маанайың жок жалгыз калсаң.
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
  • Currently 2.88/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (32)

10.05.2016. 18:16
 Nur0701
Азаматсынар заманбап клип
10.05.2016. 19:17
 Matilda
Ушу ырчы кызга ырдаган бийлеген жарашпайт
02.07.2016 13:34
Aygerim_tls
Matilda,вкусун башка да анда
10.05.2016. 20:19
 Anarkulova1994
Ушул кантип ыр болсун эми. Бийчилер эле бир аз клипти ачкансыптыр
10.05.2016. 20:26
 Aika96
Бийлегенде бир ааз ийилчеектик, пластика болсо жакшы болмок. Чолпонайдын кыймылдаганы жыгач куурчактай эле болуп калыптыр, катып.
10.05.2016. 21:33
 elnuratina
Чолпонай молодец
11.05.2016. 00:08
 jazgul.jaju
Мага аябай жакты Чолпонай
11.05.2016. 03:04
 Asel1994
Азаматсыз чолпонай Эже клип абдан жакты.
11.05.2016. 08:37
 Tolosh
бул эми эмне деген ыр,эмне деген клип тоооообо
11.05.2016. 09:22
 altyn2015
Ушундайда ыр болмок беле! Клип анча эмес.
11.05.2016 13:21
batsam
altyn2015, ырдап жатпайбы, значит болот.
11.05.2016. 10:51
 bopos
любой ыр ырдап чыгаберсен болот деле ырдай бериш керекби. Чолпонай бул ырды ырдабай эле койсо болмок экен, буга чейин озунун жакшы ырлары баар эле
11.05.2016. 11:27
 Medeya
Чолпонай башкача сулуу болуп калыптыр. Клип соонун. Сапаттуу тартылган. Тажатма клиптерден өзгөчө. Ийгилик, Чопа!
11.05.2016. 15:06
 MaRmeLaDka
Сонун болуптур. Эмне эле жактырбай жатасынар? Бак-даракты суйонуп ырдаган заман давно отуп кеткен. Алдыга жылышыбыз керек. алдыга!
11.05.2016. 16:04
 bela77
Ырчы жигиттин уну сонун экен, Чолпонайга караганда жакшыраак ырдайт экен...Чолпонай мындан кийин ырдабай эле реп айтчы пожалуйста..
11.05.2016. 19:51
 medetbek.isanov
Эх!
11.05.2016. 23:01
 Patriot..kg
ушул кантип ыр болсун туй ата
12.05.2016. 02:12
 avatar
Менимче бекерге акча коротуу (ырда клипда жаккан жок)
12.05.2016. 14:05
 aerforce
ушуну ыр деп кантип клип тартып журосунор? эх кырызым ырдында ыры болотда
12.05.2016. 22:09
 Stervashka
Темасына топ келбеген ыр го,акыркы кундору Чолпондун таланты ылдыйлап баратат.Жакшынакай кыз жакшынакай ырлардан ырдачы.
13.05.2016. 03:36
 jalguzum
Клип да ыр да жакпады тооба башка ыр жокпукен буларга
13.05.2016. 13:14
 admin_media
Sofy, uluqat,
Саламатсыздарбы! Кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
13.05.2016. 14:06
 Nazgul91
супер!озгочо клип болуптур
13.05.2016. 19:03
 lika83
Лично мага жакты! чолпонайга ийгилик! жылыш бар клип тартууда
13.05.2016. 19:41
 Inna_91
Чолпонай 2, 3 класстагы детский кыздарга окшойт.
14.05.2016. 11:22
 Asyl19.09.90
Тооооббббоо жакты дегендерге.дээгеле бир созун тушунсом олоюн
15.05.2016. 12:47
 toni.94
кош келдин биздин жомокко ..............:))))))))))))))) эч жаккан жок
17.05.2016. 01:13
 arabica
Ыдыды мыдыды кыдыды деп ХХХ бербей норм ыр жаздырып ырдагылачы аркимди туурай бербейМодератор admin_media түзөттү 2016-05-17 10:14:26
31.05.2016. 19:24
 Tahisha
Клип аябай сонун болуптур. Бийлегендери сонун жарашыптыр. Чолпонай озу жакшы бийлейт. Молодец!
05.06.2016. 15:56
 Inna_91
Чолпонай детский кыздарга окшош
02.07.2016. 13:35
 Aygerim_tls
Молодцы! Ушул ыр менен ооруп калдыыым
06.08.2016. 01:27
 AKCAHAT
Ырдын маанисине , клипке Чолпонайдын образы такыр туура келбейт. Мындай юбка кулкулуу корунот экен чыгыш жомогу учун. Ушу узундуктагы кен шорта болгонда да окшомок. Lean on го окшошуптур мааниси
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: