Расул Маматкулов "Сенсиз мага дүйнө караңгы"
Жанр:Поп
00:04:03
64,9 Мб
Жүктөлгөн: 14-07-2016


Отурамын бөлмө караңгы,
Ыр жүзүндө жаздым саламды.
Сен жок менин ырым жок,
Сенсиз мага жашоо жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Күлгөнү сага окшобой,
Көңүлүм сенден ойгонбой,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.

Отурамын ичип шарапты,
Күндөн-күнгө болбой барамбы?
Бара турган алым жок,
Баса турган дарман жок,
Бөлмө бүгүн өтө караңгы.
Башкага жүрөк чапкан жок,
Сендей издеп тапкан жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.

Азгырылдым, жаман абалым,
Жалгыздыктын тарттым азабын.
Жөлөп турган өзүң жок,
Айтып турган кебиң жок,
Азыр мага дүйнө караңгы.
Башкага жүрөк чапкан жок,
Сендей издеп тапкан жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
  • Currently 4.57/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (32)

14.07.2016. 10:58
 aksy.koi-tash
Абдан жакшы клип екен
14.07.2016. 12:19
 leilek_suluktu
ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2016-07-18 15:31:55
18.07.2016 15:32
admin_media
leilek_suluktu, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
14.07.2016. 12:40
 bela77
Могу клиптин сценарийи Расул байкенин жашоосунан алыныптыр. Бир интервьюсунда жубайы Катя "Дуйно карангы деген ыры мага арналган, туну менен менен билярдда журуп тан атканда келгенде балдарды алып Ысык-колго кетип калганмын,ошондо жалгыз отуруп ушул ырды жазган деп" айткан эле. Жубайы молодец. Расул байкенин ырлары сонун озу.Модератор admin_media түзөттү 2016-07-14 12:59:55
14.07.2016. 13:16
 messi_1987
Расул байке озунун уйундо клип тартыптырда! уйун дагы мактанып отуп кеткенго дейм
14.07.2016. 16:30
 evidens
Клипте жубайы кетип калып, кайра озуле келип алыптырго
14.07.2016. 18:04
 asha302
Расул ырдабай эле койчу болду жетишет
14.07.2016. 21:37
 Zynk.kg
Мына сага ыр укандай болдум мааниси зор уй булоо кадырына жетели кыскасы ыр зынк.
15.07.2016. 04:42
 takowa_tyratbekovna94
Актерлор жакшы аткара алышпаптыр ыр жакшы расул байкенин уйу сонунго коз тийбесин
15.07.2016. 05:52
 aitowa11
Ото маныздуу ыр экен уккулуктуу кайра кайра уктум. Клип да соонун болуптур.
15.07.2016. 08:25
 Nariste...12
Ыр сонун!!
15.07.2016. 09:41
 Jazi89
Жон эле каментарии бере бербейсинерби карыганына асылып ,уйуно асылып не кереги бар
15.07.2016. 10:59
 admin_media
Salman777,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
15.07.2016. 11:02
 aziz.
кандайгана сонун ыр уксан купулуна толоткен ийгилик каалайм дагыда жакшы ырларды жаратабериниз
15.07.2016. 11:45
 Keremet008
Үйүн мактанып деп ошо үй салыш кандай кыйыын ээ момун бир тууганым качан бири бирибизди көрө албаган адатты токтотобуз?! Сонун болуптур бирок эң акырында аялы бала чакасы өзү келгени чатак болуптур бир аз окшопой. Бирок сонун Расул ага баары айта берет ошондой үйдү бизге да насип этсин аллахым бары бир башкаа үйдө тартып мактангандан көрө өзүңүн үйүңдөө тартка
15.07.2016. 12:06
 aikol87
Соонун жакты ,негизи ырлары жагат мага.Уйу соонун кана менинда уйум ошондой болсо.Уй булоонуз менен аман болунуз.
15.07.2016. 12:14
 tuigan.
Аяш кызы Ойноптур
15.07.2016. 19:50
 aqua.94mema
Уйун мактаныптыр дейсинер ? Мактана турган уй болгондон кийин мактанабы? Айтып откондор силердин уйунор кандай экен деги ?

Ырга соз жок чынында ото манызы терен уй булоону бекемдей турчу ыр экен . бирде жубайы " сенсиз мага дуйно карангы"деген ырын мага арнаган деди эле соонун клип болуптур .
15.07.2016. 20:10
 aqua.94mema
МР3 син жуктоп койгулачы
15.07.2016 20:27
damir007
aqua.94mema, баркенго ))) http://www.super.kg/media/audio/108331/
16.07.2016. 15:26
 gulanda2007
Баары сонун,чыгармачылык ийгилик!!!
16.07.2016. 18:02
 mr_oroz
уккулуктуу ыр
17.07.2016. 09:59
 nazgul90
Клип маанилуу ырда сонун кыскасы жакты уйбулоо кадырына жетели. Жалган жашоодо жалжан дабай.
17.07.2016. 22:43
 altyn2015
Ырда соз жок. Клип анча эмес. Жакшы ойной алышкан эмес.
18.07.2016. 01:21
 guljigit.
Зыңк клип болуптур
18.07.2016. 13:27
 Azahan
Мощный зынк теке соз жок азыркы ырчылар аман еле болсун
19.07.2016. 21:45
 rozka
Ырынын мааниси аябай жакты,уйундо соз жок Аллахым бизге да ошондой уй насип кылсын
20.07.2016. 18:37
 Nazaraliva.begaiym
Эң соонун, мааниси терең ыр экен. Ушул ырдын рекламасынан көрүп, аябай күттүм эле.
23.07.2016. 18:25
 fariuri
Ырдын мааниси абдан жакты . Клибин жаман тарттырып койуптур . Эркек ондонуп уйбулоосун издеп барса болмок . АЯл байкуштар кечиримдуу жанбыз да . Байкуш кайра озу келди го . Типа озунор эле келесинер дегенге окшоп калыптыр .
27.07.2016. 23:09
 jazolina
Канча уксанда тажабаган ыр экен. Сонун.
07.08.2016. 22:21
 abdujafar
Жакшы экен.кее бирого тасир берет го
03.01.2017. 07:16
 invest
Жакшы мага аябай жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: