ДОБУЛБАС тобу "Биздин айыл"
Жанр:Поп
00:04:56
100,2 Мб
Жүктөлгөн: 02-09-2016


Сөзү:М. Осмоновдуку
Обону:М. Осмоновдуку

Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.

Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.

Шылдыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.

Кайырма:

Ыйыктыгың сенин билемин,
Дайым таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.

Кайырма:
  • Currently 4.75/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (26)

02.09.2016. 21:14
 aikol87
Ушул ыры жагар эле,азаматсынар соонун чыккан.
02.09.2016. 21:15
 mikay
Kachan ozyhordyn Yrlaryhar chygat jashtar ?
02.09.2016. 22:07
 Bahira
Соонун ырдашатда ушул балдар,эски ырлардын майын чыгара
02.09.2016. 22:14
 Nasipov.97
Укмуш!!!
03.09.2016. 01:30
 umar.88
Супер!Бомба!
03.09.2016 18:16
Nasipov.97
umar.88, Чын эле бомба!!! Болуптур
03.09.2016. 07:45
 Nasipov.97
Кайсы айыл болду экен
03.09.2016. 11:43
 RingoStarr
эн мыкты клип болуптур
03.09.2016. 16:06
 Beka-2015
Сонун жигиттер ыр,клип качество зынк
03.09.2016. 19:25
 Kurmanbek_9009
Клип орто. Ырды аябай жакшы ырдашкан.
03.09.2016. 23:59
 power444
Бул токтогулдун толук айылына арналган ыр абдылда майрамбек толук айылынан болот
04.09.2016. 15:40
 aikolsha97
бул толук айылынана тартылган азаматтар ийгилик
04.09.2016. 22:39
 Rimanto
Salamatsyzdarby admin,emnege bek borbievdin yrlary jok tizmede da ozu jok,maga 50 jaw degen yry abdan jakty owonu juktop koisonuzdar sonun bolot ele,bawka saittardan ko4uro albai koidum, aldyn ala raxmat
05.09.2016. 02:07
 kalima88
Мыкты клип, азаматсынар , жигиттер!
05.09.2016. 02:25
 egemberdievagulbara
555
05.09.2016. 20:02
 club_kg
Урматтуу admin_media Назгул Токтакунованын Тилегим озун деген ырын суранганыма эки ай болду киризип койгулачы эртерээк сураныч!!!
06.09.2016 10:20
admin_media
club_kg,
Саламатсызбы! Шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/audio/174863
06.09.2016. 09:33
 psevdonim
admin_media сизге сураныч, Ким мени тушунуп. тушунуп жигитим деп журо алат.деген ырды ким ырдайт, жана ырдын аталышы??? Рахмат
06.09.2016 11:12
admin_media
psevdonim,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
06.09.2016. 13:47
 Nasipov.97
Урматтуу админ Бурул Арунованын ырларын кошуп койгулачы.
13.09.2016. 14:53
 kuba-kg
Кара кулжа эмесби
14.09.2016. 18:09
 Ulan2601
Эх айылды сагындым го
14.09.2016. 23:05
 karona
не баары эле минус
30.09.2016. 09:37
 Oi_pikir
Мынча кооз айыл?!!! Ушундай суунун жээгинде, ушундай жашыл шиберде өскөн балдар, анан таланттуу болушат да! Абдылда Иманкулов, Майрамбек Осмонов, Шахра Талипова.. Токтогулдун кайсы айылы? "Добулбастын" жигиттери азаматсыңар! Жагымдуу ыр болуптур.
30.09.2016. 09:39
 Oi_pikir
"Добулбаска" эл ичинде суроо-талап бар. Казактардын "МузАРТындай" элдин сүймөнчүгү боло аласыңар. Ал үчүн көп иштеп,кызыктуу, жагымдуу чыгармаларды эле тартуулап туруу зарыл. Силер бир жакшы ырды чыгарасыңар да, ошол боюнча жоголуп кетесиңер. Жакшы иштегиле! Эл силерди баалап алат.Oi_pikir түзөттү 2016-09-30 09:40:09
13.02.2017. 16:52
 bonka
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : М. Осмоновдуку
raxmat baikebizge
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: