Алмаз Шаадаев "Фаридам"
Жанр:Поп
00:03:48
64,34 Мб
Жүктөлгөн: 13-09-2016


Сөзү:Шайлообек Дүйшеев, Тынарбек Амановдуку
Обону:Тынарбек Амановдуку

Коңшулаш айылдан кезиккен,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгап калчу элем эшиктен.
Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Кайырма:
Фаридам, Фаридам...

Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче,
Азапка бактысын байлаган.
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим.
Неге сен жолуктуң кайрадан?

Кайырма:

Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап.
Бактылуу боло көр, кош эми,
Балалык ак сүйүүм аманат.

Кайырма:
  • Currently 4.76/5
(21 добуш)

Комментарийлер (52)

14.09.2016. 10:23
 Amankg
Клипсоонунболуптур.БирокАсылбекОзубековжакшыырдайт.
14.09.2016. 10:55
 Gulkin
Класс!!! Шандуу ыр болуптур настроение которгон
14.09.2016. 12:14
 Rashka9990
Ийгилик сонун аракет кылса дагыда кобуроок клиптерди ырларды жарата берин
14.09.2016. 13:21
 Stervashka
Баары жакшы, жакшы ырдаган. Максат иштесе клипке тартылганга да жетишиптир, молодец. Кыргыздын аракетчил уул кыздары, баракелде.
14.09.2016. 19:47
 sagida06
Асылбек Өзбековдун ырдаганына көнүп алыпмын. Алмаз Шаадаевдин ырдаганын аш кыла алган жокмун.
14.09.2016. 20:14
 Sultanim
Maga aiabai jakty.maksat mn nuriza jakwy atkarywyptyr.maksatka boorum oorup ketti (((.Almaz da jagat.azamat!iygilik!
15.09.2016. 03:18
 Akshoola90
Азаматсын Алмаз ырын дагы клибин дагы жакты.бул ырынды кайра кайра угам Максат сонун ойноптур!!!БААРЫНАРГА Ийгилик!!!
15.09.2016. 12:57
 molly
Жакшы ырдаптыр. Клип тартып жатканда жакшы конул бурушса, кыз мн бала трактор до кетип бараткан жеринде,тартып жаткан оператор, айнектен чагылышып корунуп калыптыр, футболка кийген.
15.09.2016. 15:32
 Flatron
Асылбек байкеге жетпептир ачыгын айтсам
15.09.2016. 16:17
 daniar781121
жакшы
16.09.2016. 10:35
 dilnaz100284
жаккан жок.Аранжировкасы начар.Ырды бузуп коюптур.Ала качкан илгерки заман да.
17.09.2016. 08:06
 nurmanet94
Жакшы болуптур
17.09.2016. 14:45
 Zaika4
Аракет кылган азамат,бирок мага А.Озубековдун ырдаганы кобуроок жагат.
17.09.2016. 22:47
 Miydinova.guli
Клип да, ыр да мага аябай жакты) кээ бир адамдарга таң каласында, жакшы эле чыккан ырларды болбой калыптыр дей беришет. Озу силерге кандай ыр керек? Болбосо озуңор ырдап чыккыла.
18.09.2016. 15:09
 boika45
Жакбады
19.09.2016. 22:26
 Bek94
Ыр жакты азамат...
19.09.2016. 23:43
 marya91
Клип Сонун ушул жердеш клипти ачат дайыма
20.09.2016. 12:06
 SoniK
Жакшы чыгыптыр клип
20.09.2016. 14:00
 mira2006
Соонун чыгыптыр ыр дагы,клип дагы
26.09.2016. 23:01
 Ruslan2191
алмаз сага ийгилик брат
27.09.2016. 16:13
 anya
Клип соонун болуптур албетте бул менин жеке табитим, аа кабарчы байкебиздин муруту тушойун деп калганбы ?
07.10.2016. 20:43
 chyngyz84
5
10.10.2016. 02:54
 Bayaz
Клип ыр супер экен ,барынар асылбек озубеков агайга жетпептир дейсинер ,ал озунун стилинде , алмаз озунун стилинде ,экотен сонун ырдаган , сосуз эле агайдай болуп ырдаш керекпи уну сонун чыгыптыр агайдын стажы коп,агайга жетиш. учун дагы кооп эмгек кылыш керек бары алдыда азаматсын алмаз .
19.12.2016. 22:37
 Nasipov.97
Ыр сонун. Бирок клип орто.Тигинин муруту тушойун деп калыптыр.
22.12.2016. 08:23
 aman94el
ото жагымдуу музыка жакшы обон болуптур клип да сапаттуу маанилуу тартылыптыр ырчыга ийгилик!!!
22.12.2016. 11:17
 s.sweet
бийчи кыздар жакшы бийлешкен формасыда жакшы ачык чачык эмес.нуризадан башка актриса жок бекен
15.01.2017. 22:03
 Aisuluu160790
Канча корсом да тажабайм ушул клипти....
04.02.2017. 08:16
 meni_kut
Азыр ала качуу жок деген акылмандар,ушунчалык акыл денгээлинер томонбу?Бул клипте совет мезгилин чагылдырган.
12.02.2017. 01:50
 vaselisa
Соонун клип болуптур , Алмаз молодец!
05.11.2017. 12:23
 bem.03
Клип аябай сонун чыккан да, кайра кайра корсом да тажабайм. Актерлор ото жеткиликтуу ойношкон.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: