Жанр:Поп
00:03:09
48,04 Мб
Жүктөлгөн: 15-03-2017
Сөзү:Нурмат Садыровдуку
Обону:Алмаз Шаадаев, Ильяз Абдыразаковдуку
Бактылуу бол карындашым,
Барган жериң багыңды ачсын.
Баары сага суктанышып,
Жакшы келин болсун атың.
Апасынын канаттары,
Атасынын эркетайы,
Агасынын балапаны,
Биздин үйдүн кенжетайы.
Кайырма:
Карындаш, ак багыттын жолундасың,
Карындаш, ак тилектер орундалсын.
Табылбас, жүрөгүңөр толкундасын,
Жалын жаш агасынын балапаны.
Кош ак куудай канат кактың,
Кош жүрөктөр жалындасын.
Жүрөгүңөр биригишип,
Түбөлүктүү сүйүү тапсын.
Апасынын канаттары,
Атасынын эркетайы,
Агасынын балапаны,
Биздин үйдүн кенжетайы.
Кайырма:
Карындаш, ак багыттын жолундасың,
Карындаш, ак тилектер орундалсын.
Табылбас, жүрөгүңөр толкундасын,
Жалын жаш агасынын балапаны.