Алмаз Шаадаев "Жаркырасын Кыргызстан"
00:06:31
102,05 Мб
Жүктөлгөн: 25-04-2017


Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Эдил Маматовдуку

Чейрек кылым өткөрдүк,
Эркиндикке эркелеп.
Алга жылбай келебиз,
Башкалардай эртелеп.
Союз кезде баарыбыз,
Тең укуктуу болчу элек.
Бай кедей деп бөлүнбөй
Бактылуулук көрчү элек.

Азыр жашоо өзгөрдү,
Акчалуулар кеп айтат.
Баш бербеймин эчкимге,
Баарын чечем деп айтат.
Келечектен коркомун,
Кандай заман келатат?
Кайра-кайра титиреп,
Кайгырганын жер айтат.

Ар бир атуул башына,
Карыз түштү калдайган.
Эл көрбөдү пайдасын,
Чоңдор өзү кайтарган.
Кайда кеткен ал акча,
Издебейли сайлардан.
Жинди деле түшүнөт,
Сураш керек байлардан.

Завод менен фабрика,
Жиликтенип жок болду.
Жыргап жүрөт саткандар,
Тоок уурдаган соттолду.
Бекем болбой тартиби,
Мыйзам байкуш бош болду.
Сойку сатып алгандай,
Алса болот сотторду.

Элден чыкпай депутат,
Байдан чыгып отурат.
Элпек болбой ал өкүл,
Каалагандай кутурат.
Иши менен кыйратпай,
Тили менен тутулат.
Мыйзам бузуп кармалса,
Пулун берип кутулат.

Мода кууп жаштарың,
Билим калды окулбай.
Сериал көрүп чоң эне,
Байпак калды токулбай.
Жемиш келип Кытайдан,
Жерлер калды чокулбай.
Балдар калды төрөлбөй,
Элдин саны кошулбай...

Артка кетип жатканга,
Ак үй эмес күнөөкөр.
Акыл калчап көрөлү,
Өзүбүздө күнөөлөр.
Азыр ыйман жок болуп,
Окулбайтат сүрөөлөр.
Жемин чачып башкарат,
Алыс жактан бирөөлөр.

Мамлекеттин кайгысын,
Парламенттен көрсөңөр.
Пулун алып шайлаган,
Күнөө бизде билсеңер.
Оңололу өзүбүз,
Үмүт менен жүрсөңөр.
Жүрөк менен шайлайлы,
Туулган жерди сүйсөңөр...

Акча алып кыйкырбай,
Эл жер үчүн чыгалы.
Жанды бакпай итке окшоп,
Элге кызмат кылалы.
Алаксыбай башкага,
Эл көңүлүн буралы.
Үлгү болуп жаштарга,
Ыйман нурун суналы.

Тартуу кылып бул ырды,
Тарых үчүн сыямын.
Оңололу баарыбыз,
Мен да өзүмдү тыямын.
Жаркын болот келечек,
Жакшылыкты туямын.
Жаркырасын Кыргызстан,
Жалгыз ушул кыялым.
  • Currently 4.29/5
(14 добуш)

Комментарийлер (17)

25.04.2017. 17:59
 Eliza87kg
Сонун ыр болуптур ийгилик Алмазга
25.04.2017. 18:44
 raykray
соонунго,
26.04.2017. 08:18
 Manasov.Aibek
жакшы ыр болуптур азамат бар бол
26.04.2017. 17:12
 anuvar0903
Чындык
26.04.2017. 18:59
 e-moe
Ана чындык Алмаз бар экенсинго балли
26.04.2017. 19:24
 Mikella
Ммдааа ачуу чындык... Соонун аткарыпсын, молодецАлмаз! Дагы коп ийгиликтерге жет. Жакшы чыгармаларды кутобуз
27.04.2017. 00:56
 KGstan1981
Бул ачуу чындык ыр экен.Ал эми мерседес минген мультимиллионер болсо.Мугалимдердин айлыгы торт эсеге жогорлоду,бизде айылда жашагандар Казахстанга караганда жакшы жашашат.биздин экономикабыз КМШ(СНГ)олколордун ичинде эн онуккон олко деп бир дагын уялбай элди алдап жатат.Барекелде Алмаз Шаадаев иним жакшы ыр чыгарыпсын.Эми мерседес минип жургон мультимиллионерден этият б-п жур сени дагын сотко берип милион сомго штраф салып койбосун.KGstan1981 түзөттү 2017-04-27 01:02:50
27.04.2017. 11:24
 Bagdayim
Кудрет байке азаматсыз.Ырды жеткире аткарган Алмаз байкеге да ыраазычылык.
27.04.2017. 12:20
 Sake_86
Мм ырды жеткире ырдаптыр деп айтмак эмесмин, чынында.
27.04.2017. 13:32
 Antoshka2016
Жакпады.Силер мынтип ыр аркылуу какшасанар эле Кыргызстан онолуп кетмек беле.мындай ырлар далай жолу жаралган
27.04.2017 13:56
MYRZAA
Antoshka2016, Ошону айтсан,ыр менен кайра башкаларга шылдын болуп атабыз.Качан болсо наалыганыбыз наалыган.Аракет кылуу керек.
27.04.2017. 14:02
 MYRZAA
Бийликтен тиги карт борулор кетмейин онугуу болбойт.Алар бийликти башкарууну черный касса сыяктуу кылып алышты.Биринен бирине откоруп.Бул жолу черный касса кимисине тийер экен кызык.Акаев баштап,Бакиевге откорду,ал Роза эжекеге откорду,эжекебиз Атамбаевге откорду,эми ортодон черный кассага кошулам деп Текебаев чыкты эле,аны кругдан чыгарып салышты.Ушул жолкусу Мадумаровго тийеби деймда.Ал эми коммерсант ырчы инилериме айтаарым,тойлорго ылайыктап Фаридам Маридам деп эле ырдап журо бер иним.ИМХО
28.04.2017. 17:59
 Elamanjanybekovkg
Ийгилик сизгеее Байке Мыктыы курч ырларды жарата бериниз дайым Эми азмазга кысыл корсотулушу менде кумон бар кокус болсо Алмаз байке эч качан коркпонуз макул
28.04.2017. 18:23
 syrduujan
ырдын создору сонун....бирок ун жарабайт.....обону менен созу айкалышпайт.....аттин созу жакшы экен чиркин......ырчы озунчо эле мункана бериптир....бир бул ырчынын аракети,тырышчаак экенине баа берип келе жатам
30.04.2017. 14:07
 Azatbek83
Бул ким билбеймин А бирок ыр жакшы Анча мынча азыркы ырдап элге таанылып популярдуу болуп жаткан жаш обу жок артистердин тузу жок ырларына караганда мин эсе бул ыр жогору Созун жазганга обонун аткарганга мин эсе рахмат молодцы.
30.04.2017. 16:10
 Mirgul.1
Жакшы ыр болуптур чынында шайлоо жакындап жатат добушунарды сатбагыла !
01.05.2017. 02:29
 Ananasky
Аябай жакшы ыр экен журоко жетти, чындык 100% . Султан Садыралиев ырдаганда мынданда соонун чыкмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: