Сайкал Садыбакасова "Кыялымда жашайсың"
Жанр:Поп
00:03:26
55,18 Мб
Жүктөлгөн: 07-03-2018


Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Мирбек Атабековдуку

Жүрөгүмдө жашайт бир сендей,
Кыялданам сагына...
Жашасам дейм бакыт издебей,
Сен болсоң жанымда.
Жүрөгүмдө жашап сен,
Кусалыкка калтырба мени, сезбей сен.
Жүрөк ээсин атап мен,
Көкөлөтүп алдымбы сени, жалгызым сен.

Кайырма:
Кыялымда жашайсың, ойду ээледиң,
Каректерим жашырбайт, аны сезбедиң.
Куса болуп сөз айтсам жообун бербедиң,
Күндө келчү жерге сен, неге келбедиң.

Багындырып жүрөк бир сендей,
Жашайт анда миң жылга.
Сүрөтүңдү калам тиктебей,
Сен жүрсөң жанымда,
Жүрөгүмдө жашап сен,
Кусалыкка калтырба мени, сезбей сен.
Жүрөк ээсин атап мен,
Көкөлөтүп алдымбы сени, жалгызым сен.

Кайырма:
  • Currently 3.40/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (1)

07.03.2018. 23:06
 Nur.1996
Урматтуу супер инфо Максатбек Кулуевдин ырларын жуктоп койунузчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: