Мыктыбек Нурланбеков "Сенин көзүң"
Жанр:Поп
00:03:44
63,52 Мб
Жүктөлгөн: 11-06-2018


Сөзү:М.Макатаевдики
Обону:К.Ибраимовдуку

Сенин көзүң чексиз терең,
Сезимиме жаралган.
Сенделемин сага жетпей,
Секетим, ай бар арман.
Чырайыңан күн уялып,
Гүлдөр кубат ала алган.
Жоолугуңа куп жарашып,
Чачың кундуз карарган.

Каректериң шуру сымал,
Карагаттай шактагы.
Үлбүрөгөн жүзүң сенин,
Жүзүң аппак пахтабы?
Сылагандай саамайыңдан,
Сыдырым жел ак таңы.
Магдыраттың мени, жаным,
Махабаттын асманы.

Шыңга боюң, тула боюң,
Чыбык бекен, тал бекен?
Жамалыңдын тунуктугу,
Жаздагы аткан таң бекен?
Күлкүң булак шыңгыр добуш,
Сөзүң асел бал бекен?
Бул дүйнөдө мен эңсеген,
Сендей сулуу бар бекен?
  • Currently 4.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (1)

11.06.2018. 16:57
 Bayazet
Азамат мыктыбек озумдун окуучумго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: