Жанр:Эстрада
00:03:39
33,02 Мб
Жүктөлгөн: 16-07-2020
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Ильяз Абдразаковдуку
Аткан ок болчу насааты,
Адамдын эле тазасы.
Акылын айтып жалпыга,
Асылын иштин жасачу.
Кайырма:
Тирүүлүк деген күрөштө,
Шам болуп күйгөн үммөткө.
Атыңыз Чубак ажы деп,
Жашайсыз өлбөй жүрөктө.
Жамандын оюн кыйратып,
Жакшыга жаркын сый катып.
Күлкүгө бөлөп турчусуз,
Кеттиңиз кайда ыйлатып?
Элиңиз сыздап таба албайт,
Эми ким динди баяндайт?
Сан кылым чубап өтсө да,
Сиздей жан кайра жаралбайт...
Чубактай ажы жаралбайт...