Эрнест Жоошев "Кайдасың?"
Жанр:Поп
00:03:21
53,85 Мб
Жүктөлгөн: 14-09-2010


Сөзү:Мирбек Өмүркановдуку
Обону:Эрнест Жоошевдики

Бакыт болбос менде башка өзүңдөн,
Жүрөгүмдү эздиң сен.
Ашык болбос карап койсом көзүңдөн,
Күтө берем келчи сен,
Махабаттын балына,
Калып калдым малына,
Ак сүйүүгө багынамын,
Суранамын жалына.
Келчи менин жаныма,
Күтө берип сагынамын.

Кайырма:
Жалгыз жүрүп махабаттын талаасында,
Адашып арзуунун арасында.
Сүйүү гүлүн арнап үзөм сен үчүн,
Эң кымбат белексиң мен үчүн.
Ар дайым жалгыз сени издеп жүрөмүн,
Ардагым, келсеңчи, күтөмүн.
Арманга батып жатат сенсиз жүрөгүм,
Алтыным, түбөлүк сүйөмүн.

Калдым сыздап махабаттан жашынбай,
Сезимдерим катылбай.
Ак баракка сүйүү ырын жаздырбай,
Аябадың тагдыр, ай.
Жашын төккөн жамгырдай,
Бир да тамчы калтырбай.
Ыйлайт сезим жазылбай,
Айтылбастан сырлар, ай,
Өтө берет жылдар, ай.
Жаштык жазда жыргабай.

Кайырма:
  • Currently 4.86/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

12.10.2010. 00:01
 Zamirbek
ЭРНЯ молодец!!!
20.10.2010. 14:11
 Nelya
Unu jakshi ele eken,birok klipke tushungon jokmun =(
24.10.2010. 21:48
 Nazylya
болбогон клип актерская мастерство вообще жок
12.11.2010. 14:31
 Janayim
Ээээйй! Унунон гооо ушул баланын... :)Суйом гооо озун...
18.11.2010. 14:42
 Uma
Эрнест, удачи тебе!!! :)
24.11.2010. 17:15
 Miss X
Да,я тоже не поняла сюжет.Сколько там девушек?
30.12.2010. 17:04
 Baktyiar
Ырдын оранжировкасы жакшы жазылган бирок баланын уну компьютер болуп калыптыр чынын айтсам анткени мен озум музыкантмын!Ырды кечинде машинада уксан сонун болчудай кантип мр3 жаздырса болот достор жардам бергиле!
04.01.2011. 20:24
 Aiperim
Жакшы ырдап чыгыптыр,

молодец!
05.01.2011. 01:41
 kulpunai
Азамат...уну дагы таттуу экен.Чынын айтсам бул ырсыз кунум отпой калды.
26.01.2011. 13:50
 nazirka
Эн мыкты!!!! Азаматсын Эрнест! Сага чыгармачылык ийгиликтер! Унун болсо +10000!!!!!
26.01.2011. 13:52
 KubaBuba
Мындай таланттуу ырчылар азыр бизде аябай эле аз. Ийгиликтер болсун... Молодец!
26.01.2011. 13:54
 danka
+10000000000000000000000000000. класс. на все 100. а голос какой, молодец эрнест...
26.01.2011. 13:56
 Mekalayka
Бабник ко ай бул бала)))) сразу 3 кыз менен журот экен ахахааха)))) Эмне болсо да, таланттуу экен, уну да кучтуу жана жагымдуу! Онорун оркундой берсин!
28.01.2011. 13:05
 Nuraia
Мага лично жаккан жок! Ыр дагы клип дагы начар.
28.01.2011. 13:44
 Kazaf
Зор! Ыр сонун экен. Бала Красавчик экен!!!!!!!!!! Ийгилик
28.01.2011. 20:25
 AiliN
Ыр жакшы. бирок клиптин сюжетин тушуно алган жокмун... бир бала эки кызды энсеп жургон го э? эчки эки тоонун башындагы чопту самап, ачка калыптыр дегендей!...
30.01.2011. 04:42
 тоолук кыргыз
клип жакшы
30.01.2011. 23:19
 kuyorman
Klip jakwy, en negizgisi bawkalardy tuuragan emes eken +4
01.02.2011. 11:30
 Tultushka
Эрнест абдан жагымдуу бала экенсин!!Клипти коруп романтикага чомулуп калдым! :)
05.02.2011. 21:42
 Talant86
клип анча эмес экен бирок ырдын созу абдан маанилуу экен чыгармачылыгына ийгилик
07.02.2011. 00:05
 senior
Super +5
12.02.2011. 15:14
 mirlankg83
Сонун ыр мага жакты
13.02.2011. 19:53
 Heartbreaker
Жакшы ыр,уну да жаман эмес,бирок клип кантет?
18.03.2011. 10:46
 Janayim
Суйгонум гооооооооооо :)))
11.06.2011. 02:33
 Gumaw
super
18.07.2011. 18:31
 Zin
JANYM GO, muidusunan uwunun :)))
18.07.2011. 22:29
 Prokuror
жакпады, ыргагы окшош экен, тажатма!
12.10.2011. 19:29
 libralight
Jarayt!! Unu da ozgo4o eken...

Sapattu Klipterdin abdan kobu Mirlan Satkymbaev tarabynan tartylyp kalyptyr akyrky ubakyt)))
22.10.2011. 03:09
 Karkyra
тытылган шейшептери укмуш го...
07.11.2012. 21:28
 chopa84
жакшы ыр бирок клип жакпады
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: