Үмүт Үметалиева "Жаңы Жыл"
00:03:33
116,61 Мб
Жүктөлгөн: 11-01-2023


Сөзү:Зарлык Камбаралиев
Обону:Зарлык Камбаралиев

12де эшик кагылып,
Жыл айланып келет жаңырып.
Айланабыз турат көрк берип
Апапакай карды жамынып.

Катып жүргөн сыртка чыгарбай
Ичибизде түркүн кыял бар
Жаңы жылда ар бирибиздин
Орундалсын кыялдар

Жаңы жылым, бакыт ала кел,
Ар бир үйгө ырыс-таалай бер.
Жаңы жылда айтылган каалоо
Аткарылсын тилектер.

Дасторконду кенен жайнатып,
Жасалгалуу кооз балаты
Кубандырып аяз кыз менен
Аяз ата белек таратып.

Жетелешип ойноп кыз-бала
Кезек берип бийге, ырга да.
Узаталы күлкү, шат менен
Рахмат эски жылга да.
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: