Иса Өмүркулов "Алтын балалык"
Жанр:Поп
00:03:24
55,95 Мб
Жүктөлгөн: 28-09-2010


Сөзү:Ж. Алыбаевдики
Обону:Т. Казаковдуку

Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менегн үйкуруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.

Кайырма:
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон

“Кемпир!” десем мен колуңдан жетелеп,
“Белим ий” – деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп мени аяп.
Чай канаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.

Кайырма:

Коштошоордо коомай кармап колумду,
-Сагынба... – деп, санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.
Кайырма:

  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (21)

28.09.2010. 15:47
 Нукура кыргызка
да ыр сонун,бирок Исага ыр жарашкан эмес!!!!
28.09.2010. 16:19
 SuLiKo
Эн жакшы ...
28.09.2010. 16:30
 saraltyn
кечиресиңер, бул бала кыргызча булбулдай ырдайт, бирок кыргызча түшүнбөйт да, суйлөй албайт да экен. муну кандай түшүнсө болот? (далил катары БРАВО теле берүүсүн алса болот).

КВНде Достук деген коммандада ынды кара жигиттер бар.
28.09.2010. 22:35
 Aelina
Isa dayima ele eski yrlardi yrdap ele jurot, jakshi ozuno jarashiktuu, energichniy irlardan yrdasa. Bul yrdi jaman debeym, bul yr menen chonoygonbuz. Mektepte mayram bolso ele ushul yr dayima yrdalchu.
29.09.2010. 11:05
 hiall
оозунда суту кургай элек жаш бала, откон балалыгы жонундо ырдап жургону укмуш экен, ыр тугонуп калгандай. клипти болсо алтымышынчы жылдарга саздап тартышыптыр, азматтар. бирок ал убакта да бул клипти эчким кормок эмес деп ойлойм.
29.09.2010. 11:40
 vorobey
Клип мэйкерлерге айтаар элем. Ырас, силер бул ырда 60тагы аксакалдын алтын балалык кундорун чагылтыпсынар, бирок кадрда жаштык кезин ойногон кичикей актерлордун кийимине да конул бурсанар жакшы болмок. Бут "кытайдын" кийими. Ал кезде башкача эмес беле?!
29.09.2010. 18:33
 cosmopolit
менимче акчасы бар бироонун баласы болсо баласына эски ырларды ырдатпай сапаттуу жакшы ырлырды жаздырып бериши керек...Ал эми кыргызча билбегени уят..кыргыз болуп кыргызстанда жашап жатып .. ата энесине да уят...
30.09.2010. 08:27
 tamara
менимче абдан жакшы
30.09.2010. 19:44
 SIMA
Исага озу бала болуп туруп еле ырдаганы жарашпай калыптыр!
01.10.2010. 12:31
 saraltyn
SIMA

өзү кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөй албаса, түшүнбөсөчү?
мындан кийин ал ырдаган ырларын түшүнбөйт го деген гүмөн бар менде...
01.10.2010. 23:40
 aminali
Balaligimdi sagindim,baardik insandin bawinan otkon okuya,baaribiz oinogonbuz da uwintip,jarawiktuu ele go 4in ele mektepte kop irdal4uu, al emi 4onoigondo irdasa jarawpai kalabi en sonun,al emi kitaidin kimibi evropanin kimibi al kiziktirbait e4 kimdi,negizgisi jilana4 emes da.
05.10.2010. 16:07
 Dinara
Tuura aitasyn aminali,kiyimdi jakshynakai kylyp kyiyip alyp dele unu jok yrchylar toltur go,chuldurshyp.Eski yr dep jazypsynar,birok kantse da manyzy bar.A azyr chykkan yrlarga kandai baa beresiner,baary eptemeiler...
06.10.2010. 14:47
 tekila
класс! талантливый человек!
молодец!
08.10.2010. 19:07
 Emlis
Бактылуу балалыктын коз ирмемдерин коз алдыга тарткан,эстен кеткис эн сонун ыр.Рахмат иничек, аткаруу чеберчилигинди баалайм.
11.10.2010. 18:23
 UPEIYA
аракетин жакшы эле! ийгилик
14.10.2010. 18:53
 TROYA
E koisunchu ushul bala yrdaganyn bawka yr tugonup kalyptyrby emne.
27.10.2010. 01:00
 bagdat
Братишка укмуш ыр дегеним мындай уккулуктуу ырлар чанда жаралат, ошондуктан жакшы аткарып журо бер, азаматсын!
13.11.2010. 12:34
 ayza
Irdin sozu jashina tuura kelbegeni bolboso...
14.10.2011. 20:17
 islamkg
Жакшы Иса оноруно ийгилик эски биз унуту бараткан ырларды жаны корунушто алып чыгып жатасын! Барибир арабыздан бироосу чыгышы керк эле бирок башкаларга окшоп орусчалаба сага жарашпайт экен!!! тлантын оркундой берсин эл арасында кызмат кылып журо бер!
10.11.2011. 11:37
 tago
Жар бооруна уй куруп деген жерин клипте чындап эле жарга уй куруп алышыптыр го, ал деген андай эмес да,
23.01.2013. 13:06
 Xan
жакшы ыр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: