Жанр:Эстрада
00:03:05
17,85 Мб
Жүктөлгөн: 06-05-2009
Сөзү:К.Бобуловдуку
Обону:Б.Сыдыковдуку
Сизди сүйөм, кыз өппөгөн жигитти,
Сиз сүйдүңүз көңүлүмдү кирдетпей.
Сүйгөнүм чын өмүрүмдө биринчи,
Сүйүү деген азап экен илдеттей.
Сизди сүйөм жашыңыздан жазганбай,
Түбөлүккө тагдырыма жазгандай.
Узун түндү көз ирмебей өткөрөм,
Эмне кылам мени, мени баскандай.
Көкүрөктү ээлеп алды атыңыз,
Түк түшүнбөйм кантип мага жактыңыз?
Эч бир жанды тоготпогон кыз элем,
Жүрөгүмө кандай ачкыч таптыңыз.