00:05:03
30,07 Мб
Жүктөлгөн: 09-11-2010
Сөзү:А. Саитовдуку
Обону:А. Саитовдуку
Кат жазды бала атага,
Башымды коюп катага.
Ооруңду жерден көтөрбөй,
Айына барып бир көрбөй,
Жүрөмүн жетпей атага.
Кайырма:
Ооруба, ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Караңгы жерден чалынба,
Болоюн чырак колуңа.
Кат жазды бала атага,
Катыңды алдым, садага.
Сыздатып ийдиң балаңды,
Айылдан айтып саламды,
Зар болдум ата, батаңа.
Кайырма:
Кат жазды ата балага,
Жашытып ийдиң атаңды.
Мойнуңа алып катамды,
Зар болуп менин батама.
Кайырма:
Ооруба, ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Атадан ыйык зат болбойт,
Энеден ыйык ат болбойт.
Кабар ал, муну унутпа,
Ооруба, ата, ооруба.